Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Шайлоо: үгүт учурунда бузулган мыйзам


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт жыйынына чогулган эл. Токмок шаары. 30-декабрь, 2021-жыл.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт жыйынына чогулган эл. Токмок шаары. 30-декабрь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду соңку бир жумада административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган 27 учур катталганын билдирди.

БШК анын астында ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн маалыматтарды факт катары аныктап, мыйзамдуу чара көрүп, тиешелүү корутунду чыгаруу үчүн укук коргоо органдарына жиберилгенин билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоо мыйзамын бузууга байланыштуу кырктан ашуун арыз келип түшкөн. Ал эми өкмөттүн аппарат жетекчиси шайлоо алдындагы өнөктүк салыштырмалуу ачык-айкын жана таза өтүп жатканын айтты.

Бир жума ичиндеги мыйзам бузуу учурлары

Бишкектеги "Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары жаңы жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп, өткөн бир жума аралыгындагы шайлоо мыйзамдары бузулган учурлар боюнча маалыматын жарыялады.

Анда байкоочулар тобу 21-28-декабрда шайлоо мыйзамдарын бузуунун 27 учурун каттоого алганы баяндалган. Анын арасынан 12 мыйзам бузуу учуру токтоосуз түрдө чара көрүүнү талап кылары көрсөтүлгөн.

"Жалпы иш" коомдук фондунун басма сөз катчысы Нурайым Манапбаева катталган мыйзам бузуу учурларынын мазмуну туурасында мына буларга токтолду:

«Биздин көз карандысыз байкоочулар тарабынан документтештирилип, топтолгон мыйзам бузуулардын ичинде административдик ресурсту пайдаланган 15 далил, шайлоочуларды сатып алуу аракеттери боюнча жети далил жана коркутуп, зомбулук көрсөтүү боюнча беш учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата мына ошол шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу катталган 27 далилдин ичинен он экиси боюнча мүмкүн болгон олуттуу мыйзам бузуулардын белгиленген далилдерин аныктап чыгып, баа берүү үчүн кайра текшерүүгө БШКнын алдындагы Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна (ЫЧКТ) жиберилди. Биз айткан бул учурлар тигил же бул талапкерге тиешелүү экени катталган фактылар менен далилденген».

Үч талапкер "илинген" илинчектер

Уюмдун узак мөөнөттүү байкоочу топтору тарабынан айрыкча соңку бир жумада шайлоо мыйзамдарын бузган учурлар көп катталганы баяндамада белгиленген.

Ал учурлар Кара-Суу, Араван, Базар-Коргон жана Кочкор райондорунун айылдарында катталып, президенттикке талапкерлер Садыр Жапаровдун, Курсан Асановдун жана Бабуржан Толбаевдин тарапташтарынын кызыкчылыгындагы мыйзамсыз үгүткө байланыштуу экени уюмдун учкай маалыматында көрсөтүлгөн.

"Жалпы иш" коомдук фондунун басма сөз катчысы ​Нурайым Манапбаева аталган президенттикке талапкерлердин тарапташтарынын мыйзам бузуу аракеттерине токтолду:

«Байкоочулар берген маалыматтарга ылайык, мына ошол алты учурдун төртөө президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына тиешелүү. Эки учур: Ош облусунун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз үгүт ишин жүргүзгөн учурларынан сырткары, жергиликтүү калкка "Садыр Жапаровго добуш бергени үчүн сый акы беребиз" деп убада кылышканы катталган. Бул болсо шайлоо мыйзамдарын олуттуу бузгандыкка жатат. Ош облусунун Араван районунда финансылык уюмдун насыя берген эксперттери шайлоочуларга талапкер Бабуржан Толбаевге добуш беришсе, анда "компания алардын алган насыялары үчүн үстөк пайызды жоёт" деген маалыматты таратышканы боюнча маалымат түшкөн. Ал эми башка бир президенттикке талапкер Курсан Асановго тиешелүү бир учур: Араван районунда ал талапкердин тарапташтары үгүт иштерине ички иштер органынын кызматкерлерин тартканы тууралуу маалымат катталган».

БШК баа берүүгө шашылбайт

Шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Боршайкомдун алдындагы Ыкчам чара көрүү тобуна 31-декабрга карата жалпысынан кырктан ашуун арыз-даттануу келип түшкөн.

Алардын көпчүлүгү боюнча жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп, чын-бышыгын аныктап, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү маселесине БШКнын жыйынында баа берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов токтоосуз чара көрүү үчүн ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн 12 фактыга баа берүү үчүн берилген маалыматтар укук коргоо органдарына кайра жөнөтүлгөнүн билдирди:

«Кечээ күнү БШКнын ыкчам чара көрүү тобунун жыйынында буга чейин келип түшкөн кайрылуулардын бардыгы каралып, юридикалык жактан шайлоо мыйзамдарын бузуу учурларын аныктоо максатында тиешелүүлүгүнө жараша укук коргоо органдарына жиберилди. Буюрса, жакынкы күндөрү укук коргоо органдарынан мына ошол кайрылууларга карата тиешелүү жоопторду алабыз. Анан БШК жалпы жыйынга чогулуп, аталган учурларга баа берилип, чара көрүлөт. Ошол эле кезде укук коргоо органдары ал учурлар боюнча мыйзамга ылайык, укуктук баа берип, өз алдынча чара көрө алат».

Аманбаев: Мындай таза шайлоо өтө элек болчу

Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаровдун, Курсан Асановдун жана Бабуржан Толбаевдин шайлоо штабдары баяндамада көрсөтүлгөн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына байланыштуу азырынча комментарий берише элек.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев "Азаттыкка" курган маегинде бул жолу президенттик шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу акыйкат жана таза өтүп жатат деп айтты:

«Кыргызстандын тарыхында салыштырмалуу мындай таза шайлоо өтө элек болчу. Өкмөт тарабынан административдик ресурсту колдонууга толук тыюу салынды. Телеэфир болобу же жеке жолугушуу болобу, бардык президенттикке талапкерлерге тең укук берилип, алардын бардыгына бирдей шарттар камсыздалды. Добуштарды массалык түрдө сатып алуу деген жок. Мурдагы Форма-2 деген балакет жоюлган. Шайлоо тилкелерине башка жактан шайлоочуларды ташып келип, аларды алдап же коркутуп-үркүтүү жолу менен бир талапкердин пайдасына добуш берүүгө даярдоо деген жок. Айрыкча административдик ресурсту колдонуу жоюлуп, мугалимдерди, дарыгерлерди мурдагыдай кысымга алган эч ким жок. Мындай нерсе буга чейин дегиле болгон эмес».


Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө адистешкен "Жалпы иш" коомдук фонду жаңы жылдын 10-январына дайындалган президентик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн 58 узак мөөнөттүү байкоочуну даярдаган.

Көз карандысыз байкоочулар топтору өлкө боюнча жер-жерлерде талапкерлердин үгүт өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп, шайлоо тилкелерин кыдырып жүрөт. Бул коомдук уюм президенттик шайлоону жана референдум өтө турган күнү өлкө боюнча беш жүз шайлоо тилкесинде байкоо жүргүзөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG