Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Душмандын баш сөөгүн чогулткан кумурскалар


Ташты тоголотуп бараткан кумурскалар.
Ташты тоголотуп бараткан кумурскалар.

Организмдин картаюсун токтотуучу дары. Душманынын баш сөөгүн чогулткан сары кумурскалар. Ионн кыймылдаткыч менен иштеген жаратылышка зыянсыз аэроплан. 200 миллион жыл мурда доор сүргөн дөө динозаврдын сөөгү табылды.

Дененин картаюсун токтотуучу дары табылды

Киши улгайганда сөөк (скелет) булчуңдары травмадан соң айыгуу жөндөмүн жоготот. АКШдагы Питтсбург университетинин (University of Pittsburgh) окумуштуулары булчуңдар картайгандан улам айыгуу жөндөмүн жоготуусуна Клото (Klotho) деп аталган “узак жашоонун протеининин (белогу)” активдүүлүгүнүн төмөндөөсү себепчи болорун аныкташты.

Америкалык окумуштуулар бул эксперимент үчүн Klotho гени мутация болгон чычкандарды пайдаланышкан жана аларга митохондриялары өз функциясын аткарууга көмөктөшчү SS-31 дарысы (препарат) берилген. Дары берилген чычкандардын сөөк булчуңдарынын жарааттан калыбына келүүсү (регенерация) жакшырган. Атап айтканда, алардын булчуңдары чоңоюп, жарааттын айыгуусу кадимки туздуу аралашманы колдонгондогудан алда канча жакшырткан жана алардын жаңы булчуң ткандары башка чычкандардыкынан эч айырмаланган эмес.

Бирок травма алган жана орто курактагы дени соо чычкандарды айыктыруу үчүн SS-31 дарысын колдонуудан эч кандай майнап чыккан эмес.

“Биз картайып бараткан сөөк булчуңун картайтпай сактап кала алдык”,-дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, Питтсбург университетинин доценти Фабрисия Амброзио (Fabrisia Ambrosio).

Илимпоздун айтышынча, улгайган чычкандардын айыккан булчуңдарын жаш жаныбарлардын булчуңдары менен салыштыруу - дарылоонун береги усулунун келечеги бар деген ишенимди жараткан. Ошого бул усул (Klotho дарысын колдонуу) травма алган же булчуңдарына операция жасалган улгайган кишилердин айыгуусуна олуттуу огожо болору калетсиз. "Бирок да SS-31 дарысын кайсы убакта, канча өлчөмдө жана кандай иретте пайдалануу жагы болочокто дагы кошумча изилдөөлөрдү талап кылат" дейт Ф. Амброзио айым.

(Булагы: https://medicalxpress.com, http://www.health.pitt.edu)

Душманынын баш сөөгүнө кызыккан сары кумурскалар

АКШнын Флорида жана башка түштүк штаттарындагы токойлордо жашаган сары кумурскалар - Formica archboldi - өз душмандарынын баш сөөктөрүн жыйнашат. Алар өздөрүнөн чоң одонтомаус (Odontomachus) кумурскаларын жүзүнө кислота “түкүрүп” катардан чыгарышат. Муну Түндүк Каролинадагы Табигый илимдер музейинин жана Түндүк Каролина университетинин илимпозу Адриан Смит (Adrian Smith, North Carolina Museum of Natural Sciences & North Carolina State University) далилдеди.

Флоридалык сары кумурскалар башка түркүмдөгү туугандары менен байланышканда өзү тейдеги Formica кумурскалары колдонгон жыттарды пайдаланбайт экен. Адриан Смиттин изилдөөсү бул кумурскалар бөлгөн феромон көпчүлүк учурда дөңкөйгөн одонтомахус кумурскасы (Odontomachus) бөлгөн феромондон эч айырмаланбаганын көрсөткөн.

Курт-кумурскалар жытты өз туугандарын башкалардан ажыратып таануу үчүн пайдаланышат.

Одонтомахус Американын эң коркунучтуу жана жырткыч кумурскасы эсептелгендиктен, Formica archboldi кумурскасы дөө кумурскалар менен бетме-бетме келип калбоо үчүн алардан бөлөк жытты бөлүп чыгарышы керек болчу.

"Сары кумурскалар, тескерисинче, дөө кумурскалардай эле жытты коркунучтуу душманына аңчылык кылуу үчүн жана окшош жытты пайдаланып, жакындан кол салуу максатында иштеп чыгат", деп бүтүм жасайт Смит.

Илимпоз бул “теорияны” текшерүү үчүн бир нече Одонтомахус кумурскасын флоридалык сары кумурскалардын үйүрүнө кошуп салып, видеокамеранын жардамы менен байкоо жүргүзгөн. Көрсө, Formica archboldi кумурскалары береги Одонтомахус кумурскаларынын бетине кислотаны суу бүрккөндөй кылып чачканда, алар шал болуп, кыймылдай албай калган учурлар 70% түзгөн. Андан соң сары кумурскалар дөө кумурсканы өз конушуна сүйрөп келип, туугандары менен чогуу денесин жешкен. А одонтомахустун башы жеңиштин трофейи катары конушта калган.

"1958-жылы Formica archboldi кумурскалары эми табылганда эле алардын уясында жана уянын чет жакасында одонтомахус дөө кумурскаларынын кесилген баштары жайнап жатканын окумуштуулар байкашкан. Бирок дөө кумурскалардын баштары бул карапайым кумурскалардын конуштарында кантип пайда болгонун эч ким билген эмес”,-дейт Адриан Смит.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

Ионн кыймылдаткычтуу экологияга зыянсыз аэроплан

Айтылуу Массачусетс технологиялык университетинде атмосфералык ионн кыймылдаткычын пайдаланып, абага көтөрчү учуучу аппаратты ойлоп табышты. Салмагы 2,3 кг жана канатынын кулачы 5 метрдей узун жаны аппарат азырынча 60 м эле аралыкта сыналды. Ал асманга көтөрүлүү үчүн бүгүнкү учактардай батперектери айланып иштечү кыймылдаткычты пайдаланбайт.

Профессор Стивен Барретт жана анын коллегалары ионн кыймылдаткычын жасоодо 1920-жылдары атактуу учкуч-конструктор Александр Северский ачкан аэродинамика принципин пайдаланышты.

С. Барретт башындагы окумуштуу-инженерлер иштеп чыккан ионн кыймылдаткычы түрдүү жоондуктагы өткөргүчтөрдөн куралып, формасы экзотикалык радиоантеннага окшоп кетет. Ар бир өткөргүч жеке электрод тейде иштеп, оң заряддагы жана терс заряддагы электроддордун өзгөчө жайгашуу ирети кыймылдаткычтын эффектүү иштөөсүн камсыз кылган. Ал эми литий-полимердик аккумулятордук батарея - ионндук кыймылдаткыч энергияны булагы катары кызмат кылат. Кыймылдаткычтын электроддору электр тогун атайын жасалган электрондук системадан алат. Анын потенциалы 40 миң вольт.

Атмосфералык ионн кыймылдаткычтын конструкциясы абдан жөнөкөй экенине карабай, учуучу аппараттын абага көтөрүлүп учуусун камсыздайт. “Атмосфералык ионн кыймылдаткычы электр тогу менен гана иштеп, күйүүчү майга муктаж эмес. Ал космос менен чек арага чейин көтөрүлчү стратосфералык учуучу аппараттарда колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары салттуу технологияны колдончу учма аппараттарды чиркеп тартууда кошумча күчтүн булагы болушу ыктымал”, - дейт проф. Баррет.

Адистердин айтымында, экологияга зыянсыз ионн кыймылдаткыч менен иштеген учуучу аппараттар болочоктун иши.

Ушу тапта асманда бир учурда 6 миңден 12 миңге чейин коммерциялык каттамды аткарган самолет учуп жүрөт. Бир күндө 100 миңдей рейс аткарылат жана алардын ар бири атмосферанын ысышына «өз салымын кошот».

(Булагы: https://www.economist.com, https://sputniknews.com, https://www.nature.com)

200 миллион жыл мурда доор сүргөн алп динозаврлар

Түштүк Африканын Кларенс аймагында (Clarens in South Africa’s Free State Province) дөө динозаврдын жаңы түрү табылды. Ledumahadi mafube деп аталган динозаврдын салмагы 12 тонна, боюнун бийиктиги 4 м жакын жана Африканын эң чоң пилинен эки эседей чоң. Илимпоздордун ырасташынча, Ledumahadi mafube мындан 200 миллион жыл мурда Жер бетинде жашаган эң чоң жаныбар болгон.

Бул динозаврды Витватерсранд университетинин профессору Жона Чойниере (Jonah Choiniere, University of the Witwatersrand) башындагы эл аралык окумуштуулар тобу изилдеп жазышты.

Түштүк Африканын сессото тилинде динозаврдын аты “таң азандагы аябагандай чоң чагылган” (Ledumahadi mafube) дегенди билдирет. Сессото тили - Түштүк Африкадагы 11 ырасмий тилдин бири жана динозаврдын калдыгы табылган жердин эли ушу тилде сүйлөшөт. “Динозаврдын аты анын аңгезердей чоңдугун жана ал теги боюнча зауропод түркүмүндөгү динозаврларга жакындыгын чагылдырат”,-дейт проф. Чойниере.

Зауроподдор - чөп жеп тамактанган төрт буттуу динозаврлардын тобу. Анын 130 түрү бар. Алар 85-200 миллион жыл мурда жашаган денеси килейген, узун моюн жана башы кичинекей динозаврлар. Салмагы 60 тоннага чейинки зауроподдордун эң белгилүү түрү - бронтозавр (Brontosaurus).

Таш болуп калган ледумахади динозаврын доктор Блэр Макфи (Blair McPhee) мындай сыпаттайт: “Алар эңгезердей зауропод динозаврларына окшош. Бирок зауроподдордун колдору жана буттары бир кыйла ичке болсо, ледумахадилердин колу-буттары аябагандай жоон”.

“Көптөгөн гигант динозаврлар төрт аяктап басышкан, бирок алардын бабалары арасында эки буту менен баскандары болгон. Окумуштуулар мына ушул эволюциялык өзгөрүү тууралуу билгилери келет. Бирок ар бир динозавр ага чейин кандай басканын эч ким жөнөкөй жол менен айтып бере элек”,-дейт д-р Рожер Бенсон (Roger Benson).

Блумфонтейн шаарындагы Түштк Африка улуттук музейинин илимий кызматкери, д-р Женнифер Бота-Бринк (Jennifer Botha-Brink) Ledumahadi mafube динозаврынын сөөк тканына остеогистологиялык анализ жасап, жаныбардын жашын аныктаган.

Үч жыл мурда палеонтологдор динозаврлардын таш болуп калган калдыктарын остеогистологиялык жол менен анализдешип, биринчи динозаврлар мурда боолгондон 5 миллион жыл мурда пайда болгон деген жыйынтыкка келишкен.

(Булагы: https://www.cell.com, https://www.sciencedaily.com, http://www.wits.ac.za)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG