Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Илим: Чымчыктар эмне үчүн семирбейт?


Оор металлдарды бутак-шагында топтогон дарак. Cуутек менен жүрчү алгачкы поезд. Болоттон жүз эсе бышык куйма. Тамак сиңиргенди чымчыктардан үйрөнүңүз.

Чымчыктар семирбейт

Чымчыктар киши сыяктуу эле тамак-ашты тойо жегенди жакшы көрүшөт. Бирок алар жем курсак болуп, кишилердей челкилдетип карын байлабайт. Эмне үчүн? Алар сымбатын жоготпос үчүн тамакты мүнөздөп жейби?

Мурдагы изилдөөлөр чымчыктар күнүмдүк метаболизмди көбөйтүүнүн эсебинен же болбосо жуткан тамактын аш болумдуулугун азайтуу аркылуу энергияны керектөөнү баланстап турганга жөндөмдүү экенин кыйыр түрдө тастыкташкан. Бирок алар тамакты ашыкча жеп койсо, анысын кантип аш кылары (сиңиргени) бүдөмүк эле. Аны түшүнүү максатында Лондондогу Роэхпттон университетинин (University of Roehampton) биологу Льюис Хэлси (Lewis Halsey) береги маселеге тийиштүү илимий адабияттарды изилдеп көрдү.

Сасык - Сиваш көлүндөгү бакма ак куулар. Крым.
Сасык - Сиваш көлүндөгү бакма ак куулар. Крым.

“Жаныбарлар тийиштүү бир өлчөмдөгү тамакты өздөрү аңдабай эле ченеп жей алат. Мисалы, тамакты аш кылуу же клеткалык метаболизмдин эффективдүүлүгүн алып карасак, чымчыктар көп же аз энергия керектөө үчүн канатын кагуу жыштыгын же болбосо ырдоо жыштыгын өзгөртүшөт”,-дейт д-р Хэлси. Анын изилдөөсү буга чейинкилердин жыйынтыгын ырастады.

Илимпоз ошол үчүн “калория” деп чымчыктын оозуна кирген тамакты эмес, ал жеген тамакты жана курсакка түшкөн тамакты сиңирүү ыкмасын айтуу керек дейт.

“Энергия - чымчык чокугандын баары эмес, энергия - бул ичеги сиңирген тамак жана клеткалар өздөштүргөн заттар экенин эстен чыгарбасак,-дейт д-р Хэлси. -Чымчык тамакты чокуганын көрүп, ал оозуна киргендин баарын сиңирет деген кубулушту жөнөкөйлөштүрүп кароо болот”.

Бул кубулуш, анын айтымында, сайрагыч чымчыктарга катар кишилерге жана башка жан-жаныбарларга да таандык.

Окумуштууда бул изилдөөсүн келечекте дагы тереңдетип улантуу ниети бар.

(Булагы: https://phys.org, https://www.zmescience.com, https://www.cell.com)

Cуутек менен жүрчү алгачкы поезд

Мындай поезддер сентябрь айында Германиянын түндүгүндөгү Куксхафен, Бремерхафен, Бремерферд жана Букстехуд шаарлары арасындагы 100 км каттамды тейлей баштады. Суутек менен иштечү "Coradia iLint" поезддери Франциянын "Alstom" компаниясында жасалган.

Бул эки типтеги поезддер катуу үн чыгарбайт, абага зыяндуу заттарды да бөлбөйт. Аларга 300 жүргүнчүгө чейин батат. Анын жылуулук элементтери суутек менен кычкылтектин аралашмасынын өз ара реакциясынын натыйжасында электр кубатын иштеп чыгат. Алдагы реакция сууну жана бууну да пайда кылат. Иштелип чыккан ашыкча энергия поезддин ионн-литий аккумуляторунда чогулат. Поезддин башкаруу системасы жана электромотору да береги аккумулятордон кубат алат.

Бир цистерна кычкылтек менен "Coradia iLint" поезди 1000 км жакын аралыкты басат. Ал дизелдик поезддер сыяктуу эле 140 км/саат ылдамдык менен жүрөт.

"Суутек менен иштөчү поезд сериялык өндүрүшкө даяр. Жаңы поезд франциялык-германиялык адистердин кызматташуусунун үзүрү”,-деп билдирди "Alstom" компаниясынын башкы аткаруучу директору Анри Пупарт-Лафарж (Henri Poupart-Lafarge).

Франциялык компания 2021-жылга дейре Германиянын Төмөнкү Саксония бөлүгүн берегидей дагы 14 поезд менен камсыздайт.

Жаңы поезддин жападан жалгыз кемчилиги: баасы жана суутек толтурчу жайларды кармоого кеткен чыгымы - дизель майын куйчу жайлардан кымбат.

"Alstom" компаниясынын долбоолорду башаруучу менеджери Стефан Шранктын (Stefan Schrank) ырасташынча, "Coradia iLint" дизелдик поезддерден кымбат болгону менен, аларды тейлөө арзан турат.

“Суутек менен иштөчү дүйнөдөгү тунгуч поезд коммерциялык каттамдарды аткара баштады жана сериялык өндүрүшкө даяр. Жаңы поезд франциялык-германиялык адистердин кызматташуусунун үзүрү”,-деп жарыялады "Alstom" компаниясынын башкы аткаруучу директору Анри Пупарт-Лафарж (Henri Poupart-Lafarge).

Британия, Нидерландия, Дания, Норвегия, Италия жана Канада да суутек менен иштечү поезддерди сатып алууга кызыкдар болууда. Францияда мындай биринчи поезддер 2022-жылы пайдаланууга берилет.

Ушу тапта Шотландиянын Абердин шаарында суутек менен иштечү автобустар жүргүнчүлөрдү ташыйт.

(Булагы: https://www.cnbc.com, https://futurism.com)

Болоттон жүз эсе бышык куйма

Алтындын жана платинанын жаңы куймасы бардык металл куймалардын ичинен эң бекем жана аз жешилген куйма деп табылды. Береги куйма буга чейин белгилүү жасалма жана теги табигый металл куймалардын эң чыдамкайы экенин АКШнын Албукерке шаарындагы Сандиа улуттук лабораториясынын (Sandia National Laboratorу) окумуштуулары жана инженерлери маалымдашты.

Жаңы куйма эң бышык деп эсептелген жогорку сапаттуу болоттон 100 эсе мыкты. Бул сапаты жаң куйманы табияттагы эң жешилбес эсептелген алмаз жана сапфир менен бир катарга коёт. Жаңы куйма 90% платина жана 10% алтындан турат.

Кээ бир куймалар менен жасалган фундаменталдык өзгөрүүлөр, металловед-аалым Ник Аргибайдын (Nic Argibay) айтымында, металлдардын сапатын олуттуу өзгөртөт.

Окумуштуу Ник Аргибай жаңы куйманы сынап жаткан учур.
Окумуштуу Ник Аргибай жаңы куйманы сынап жаткан учур.

“Бул материал металл микроэлектрондук компоненттерин азыркыдан алда канча бекем кылып жасоочу бир инструмент болмокчу”,-дейт "Sandia" компаниясынын инженери Крис Нордквист (Chris Nordquist).

Сандиянын адистери түшүндүргөнгө караганда, чөнтөгү калың кимдир бирөө автокөлүгүнүн дөңгөлөктөрүн жаңы куйма менен каптатып алса, Жердин экваторун 500 жолудай айланганга жетет. Себеби мындай дөңгөлөк 1,6 км жол жүрүп, сыртындагы атомдордун бир гана катмарын жоготот. Жаңы куйма өтө катуу болбогону менен жылуулукту абдан жакшы өткөргөндүктөн сүрүлүүнүн жешилтчү күчүнө мыкты каршылык көрсөтөт.

Алтын менен платинанын куймасы эбак эле белгилүү болгон. Бирок куйманын бекемдигин компьютердик моделдөө жолу менен изилдөө жана реалдуу жагдайда сынап көрүү америкалык окумуштууларга чейин эч кимдин оюнча келген эмес.

Жаңы куйманын дагы бир артыкчылыгы – көмүр кычкылдуу майлоочу май бөлгөнү. Бул майдын структурасы алмаздын структурасына окшошуп кеткендиктен жаңы куйманы бекем кылат. Ошого жаңы куйманы керектүү бышыктыктагы материалдарды жасагандан башка да катуу (суюк эмес) майлоочу май өндүрүү үчүн пайдалануу мүмкүн. Мындай майлоочу майды өндүрүү өтө кымбат процесс.

(Булагы: https://share-ng.sandia.gov, https://newatlas.com)

Оор металлды өзүнө топтогон дарак

Кадыресе шартта өсүмдүктөр, анын ичинде дарактар никель жана цинк сыяктуу оор металдар көп топтолгон жерде жакшы өспөйт.

Бирок дарактардын “ыңгайлашкан” гипераккумулятор деген түркүмү эволоюциянын натыйжасында уулуу металлдарды сабагына, жалбырагына жана уругуна сиңирип алганды үйрөнүшкөн.

Квинсленд университетинин (University of Queensland, Australia) окумуштуулары Тынч океандын түштүгүндөгү Жаңы Каледония аралында өсчү Pycnandra acuminate дарагын изилдешти. Австралиялык илимпоздор береги дарак никелди курт-кумурскалардан коргонуу үчүн пайдаланат деген ишенимде.

Себеби Pycnandra дарагында 25% чейин никель болгон үчүн, анын латексинин (шире суусу) ыраңы көк жашыл болот.

“Pycnandra acuminata – Жаңы Каледониянын токойлорунда сейрек кездешчү жана бийиктиги 20 м чейин жетчү чоң тропикалык дарак”,-дейт жанагы даракты изилдеген д-р Антони ван дер Энт (Antony van der Ent).

Pycnandra acuminate дарагы.
Pycnandra acuminate дарагы.

Окумуштуулар мындай "гипераккумулятор" дарагын обол 1970-жылдары табышкан. Ошондон кийин Pycnandra дарагын изилдөө кулач жайып, Каледонияда 65тен ашык дарак, Түркияда 59 жана бир топ Бразилия, Малайзия, Индонезия, Филиппинде катталган. Ошентсе да Pycnandra дагы көп жерлерде бар, бирок табыла элек дешет аалымдар.

Дарактын оор металлдарды чөң көлөмдө өзүндө сактоо жөндөмү молекулярдык биология, физиология жана биохимия илимдери тарабынан изилденген. Атүгүл кээ бир дарактардын цинк менен кадмийге чыдамкайлыгы жана бул эки металлды денесинде сактоо өзгөчөлүгү терең изилденсе дагы никелди өзүндө сактоосу дале табышмак.

Окумуштуулардын ырасташынча, Pycnandra сыяктуу дарактардын гипераккумуляторго айлануу эволюциясы миллиондогон жылдар жүргөн.

“Бул дарак абдан жай өсөт. Анын гүл ачуусуна жана уругун алууга жетишүү татаал жумуш, -деп түшүндүрдү д-р Энт.- Кен байлыктарын казып алуунун жана бадал-токойлордогу өрттөн улам гипераккумулятор дарагы жоголуу коркунучу астында турат”.

Pycnandra жана башка гипераккумуляторлор Гамбургдагы DESY (English German Electron Synchrotron) синхротронунда рентгенди пайдаланып анализделген.

“Сиз кадимки микроскопторду пайдалансаңыз, анын структурасын гана көрө аласыз. Бирок ал эмнеден жасалганын билбейсиз”,-дейт д-р Кэтрин Спирс (Kathryn Spiers). Ал эми Спирс колдонгон техника үлгү рентгендин нурунан кыйраганча, анын тегеретип сүрөтүн түшүрүп алганды мүмкүн кылган.

https://www.bbc.com, https://nph.onlinelibrary.wiley.com

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG