Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Салафизмдин кылмышка түрткөн агымы


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда салафизимдин такфирист-жихаддисттик агымын кармангандар жанданганын кабарлады. Атайын кызмат маалымдагандай, уюшкан кылмыштуу топ түзүп, адам уурдап, анын жакындарынан ири өлчөмдө акча опузалаган төрт адам кармалды. Териштирүү учурунда ал топтун көпчүлүк мүчөлөрү салафизм агымынын жихадчыл багытын карманган радикалдар экени аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Күмүшбек Шабданов уюшкан топ жеке ишкерди уурдап, анын жакындарынан 4 миң доллар талап кылып, акчаны Талас облусунун аймагынан алып жатканда кармалганын ырастады.

"2022-жылдын 19-мартында салттуу эмес салафий диний агымынын өкүлдөрү атыккан, "Абдурахим", "Мура", "Хамза" жана "Алина" аттуу диний каймана ысымдагы, жихадчыл идеологияны карманган адамдар жана ошондой эле башка эки белгисиз адам, 1994-жылы туулган С.Э.М. аттуу ишкерден 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алуу максатында уурдап кетишкен.

2022-жылдын 25-мартында кол салгандардын бири, мурда бир нече жолу соттолгон, өзбек улутундагы 1984-жылы туулган Б.А.Ж. аттуу адам Талас облусунда акча алып жаткан жеринен кармалды".

Атайын кызматтын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгы кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн чыныгы ысымдарын жарыялаган эмес. Учкай маалыматта алар салафий диний агымынын жихадчыл-такфиристтик багытын карманып, мусулманча каймана ысымдарга өтүп алганы гана белгиленген.

Динди жамынып, өзүн такыба көрсөткөн кылмыштуу радикалдарды кадимки мусулмандардан айырмалоо адатта кыйынчылык жаратат. Бирок диний аалым Сайдамир ажы Жээналиев радикалдуу көз караштагы "салафтардын" кооптуу белгилерин атады:

"Азыр айрым "салафтар" намаздан кийин көзү өткөндөргө куран окууну жокко чыгарышат. Муну элге сиңирип алган соң, алар кийинки этапка өтөт. Алар: "Мүрзөгө барганда же тажияга барганда маркумдарга куран окулбашы керек. Куран бул тирүүлөр үчүн гана. Маркумдарга анын пайдасы жок" деген туура эмес көз карашты жайылтып жатышат. Муну менен алар динди бурмалап, коркунуч жаратууда. Анан булардын дагы бир өзгөчөлүгү - адамды кичине бир жүрүш-турушу үчүн мушрикке чыгарат. Намаз окуй албай жатса же орозо кармабаган болсо, алардын бардыгын каапырга чыгарып коюшат. Мына ушунусу менен алар коркунучтуу".

Адам уурдап, акча талап кылган жогоруда аталган кылмыштуу топтун лидери кезинде экстремисттик-жихадчыл идеологияны жайылтканы үчүн мурда соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканы УКМКнын учкай маалыматында көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Эрлан Бакиев терроримзм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча өткөн жыйында жихадчыл-такфирчилик багытын төмөндөгүдөй мүнөздөгөн:

"Салафизмди негизи бир нече топторго бөлүп карашат. Алар классикалык салафизмди кармангандар эмес. Мына ошол жаңыдан чыгып жаткан радикал салафтар - такфиристтик-жихадчыл идеологияны кармангандар. Алар "ДАИШ" (Ислам мамлекети террорчул тобу), "Аль-Каида" жана "Боко Харам" сыяктуу террордук топторго киргендер. Ошондуктан салафтардын бардыгы эле коомубузга же мамлекетке коркунучтуу деп айтууга болбойт. Коркунуч жаратканы мына ошол бизде тыюу салынган жогорудагы топтор".

Жогорудагы адам уурдап, акча талап кылган кылмыш ишинде уюшкан топ барымтадагы ишкерди кыйнап, миң доллар алуу үчүн анын автоунаасын күрөөгө койдурууга мажбурлап, анан башка дагы 5 миң доллар талап кылганы маалымдалды.

Мындай кылмыштарын актоо үчүн "такфиристтер" адатта өз алдынча жалган жана жасалма түрдө динде каралбаган чечим кабыл алып, "фатва" чыгарган учурлары бар экени айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Ысакбай Мурзабеков динди жамынган радикалдар жихадчылыкты кылмыштуу максатка колдонорун эскертти:

"Ал диний уюм эмес. Ал террористтик уюм. Алар максатына жетүү үчүн динди жамынып, аны чүмбөт кылып, аяттар менен хадисттердин айрым жерлерин контекстен үзүп алып, өздөрүнө ылайыктап пайдаланышат. Жеке бир кызыкчылык үчүн алар хадистер менен аяттардын бир үтүрдөн экинчи үтүргө чейинки бир сүйлөмдөрүн үзүп алып, колдонуп, "динде ушундай" деп бурмалашат. Алардын негизги урааны такфир. Алар ыймандуу эле бир адам кайсы бир амалды кандайдары бир себептен улам аткара албай койгону үчүн эле каапырга чыгарып, аны өлтүрсө болот, залал келтирсе болот, анын мүлкүн тартып алса болот, анын мал-мүлкүн карактап алса, адал" деген туура эмес жана кооптуу түшүнүктү жайылтышат".

Ислам дининин салафизм агымынын радикалдуу көз карашы менен айырмаланган такфирчи-жихадчыл багыты ХХ кылымда Араб жарым аралында түптөлүп, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда жайылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG