Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Орусия дин эркиндиги боюнча "кара тизмеге" кирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны дин тутуу эркиндигин одоно бузган өлкөлөрдүн "кара тизмесине" киргизди.

Орусия менен бир катарда көп жылдан бери диний куугунтук күчтүү Иран, Пакистан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу дагы он беш мамлекет турат. Бул тууралуу мекеменин жылдык баяндамасында жарыяланды.

Орусиядагы дин эркиндигине баа берилди

АКШ Конгресси түзгөн диний эркиндик боюнча эл аралык комиссия Орусияны Индия, Сирия, Вьетнам менен кошо адамдардын дин тутуу укугун басмырлап, такай бузган өлкөлөрдүн "кара тизмесине" киргизүүнү сунуштаган. Аларды АКШ мамдепартаменти "кара тизмеге" киргизди.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер катары Эритрея, Орусия, Иран, Кытай, Пакистан, Мьянма, Тажикстан жана Түркмөнстанды баса белгиледи. Орусиядан башкалары мурдатан бери "кара тизмеде" болчу. "Кара тизмедеги" өкмөттөргө санкциялар салынышы мүмкүн. Буга адатта мамлекеттик бийлик органдары тарабынан адамдарды диний ишеними үчүн куугунтуктап, камакка алган же зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар мүнөздүү болгон мамлекеттер кирет.

Ишеним үчүн иш ачылган Александрдын таржымалы

Орусиянын Красноярск шаарынын тургуну Наталья Суворова жубайы Александр Суворов диний ишеними үчүн эле соттолуп кеткенин, бул иш боюнча Европа сотуна даттанганын белгиледи:

"Таңкы саат алтыда беткап тагынган, куралчан адамдар биздин үйдүн короосуна тосмодон ашып түшүптүр. Дарбазаны өздөрү ачып, кирип келишти. Биз бул учурда уктап жаткан элек. Үйдү бир нече саатка тинтишти. Андан соң күйөөмдөн түшүндүрмө алуу үчүн аны бөлүмгө алып кетишерин, кайра эле бошотушарын айтышты. Бирок ал ошол бойдон үйгө кайтып келбеди. Жолдошум өз укугун коргоо үчүн Европа сотуна арызданды. Биздин үйдүн башчысы диний ишеними үчүн гана куугунтукталды. Бул диний негиздеги кысым. Биздин укук коргоо, тергөө жана сот органдарынын бул катачылыгы жокко чыгарылат деп күтөбүз", - деди диний экстремизм боюнча соттолгон Александр Суворовдун келинчеги.

Дин эркиндиги байкоого алынган өлкөлөр

Алжир, Куба, Никарагуа, Комор аралдары дин эркиндиги бузулган учурларын байкоого алуу боюнча атайын тизмеге киргизилди. АКШ мамдепартаменти диний эркиндик боюнча эл аралык комиссиясынын (USCIRF) ага Ооганстанды, Азербайжанды, Казакстанды жана Өзбекстанды кошуу боюнча сунушун аткарган жок. Мурда Орусия мына ушул тизмеде болчу. Бул тизмедеги өкмөттөргө абалды оңдоого мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызстан бул баяндамада "кара тизмеге" кирген Тажикстан менен Түркмөнстандан, "байкоочу тизмеге" кирген Өзбекстан жана Казакстандан айырмаланып дин тутуу эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына кошулган эмес.

Буга чейин эл аралык адам укугун коргоо уюмдары Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги салыштырмалуу жакшы абалда экенин бир нече курдай белгилеген.

Оор кылмышкерлерге теңелген дин үгүтчүлөрү

Баяндаманын авторлору Орусия негизинен иудейлик менен христианчылыкты жайылткандарды чектебей, бирок "таблигчилер" сыяктуу айрым мусулман коомдорунун, жахаба күбөлөрүнүн жана элүүнчүлөрдүн диний ишмердигине тыюу салганын айтышууда.

Жахаба күбөлөрүн сотто коргогон адвокат Егиазар Черников сот аларга өтө оор кылмыш катары бөгөт чарасын тандап жатканын белгиледи:

"Биз төмөнкү соттук инстанциялардын айыпкерлерди камакта кармоо боюнча бөгөт чарасын тандаган токтомдорун жокко чыгаруу боюнча даттандык. Оренбург облустук соту даттанууну апелляциялык тартипте карап, буга чейинки соттун токтомун күчүндө калтырды. Ага мыйзамга ылайык, өзгөртүү же тактоо киргизген жок. Ошентип, айыпталуучулар азыр камакта отурат. Иш жүзүндө облустук сот төмөнкү соттун инстанциялардын мыйзамсыз токтомдорун күчүндө калтырып, мыйзам бузууга барды", - дейт кылмыш жообуна тартылган жахаба күбөлөрүнүн бир тобун сотто коргогон адвокат.

Орусияда 2020-жылы февралда эки жүздөн ашуун жахаба күбөлөрү экстремисттик иштерге катышы бар жеке жактардын жана уюмдардын тизмесине киргизилип, каттоого алынган. "Мемориал" укук коргоо борбору диний экстремизмге айыпталып, камалган 49 жахаба күбөсүн саясий туткун деп тааныган.

Анын ичинен 32 адам түрмөдө, калган 17 киши үй камагында отурат. Орусиянын аймагында өткөн бир жылдан бери эле диний экстремизм боюнча 188 адамга кылмыш иши ачылып, 280 киши мыйзамсыз дин жайылтуучу катары эркинен ажыратууга жатпаган сот жообуна тартылган.

Жалпысынан Орусия боюнча 398 адам диний куугунтукка кабылганы кабарланган. Алардын арасында Орусиянын шаарларында даават кылып жүрүп, кармалган "Таблиги жамаат" коомунун өкүлдөрү дагы бар. Бирок Орусиянын бийлиги мусулман коомдорунун арасынан канча адам кармалып, канчасы соттолгону тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG