Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде Улуттук коопсуздук комитетинде суракта экени маалым болду.

Бул тууралуу "Азаттыктын" күч органдарындагы ишенимдүү булактары билдиришти.

Буга чейин Матраимовдун суракка киргенин, ал кайсы иш боюнча чакырылганы азырынча белгисиз экенин жергиликтүү маалымат каражаттары да жазып чыгышкан.

УКМК азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынганын атайын кызмат билдирген.

УКМК Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдады.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган. Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирди.

Акматбек Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай маалыматты четке какты. Анын уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн кабарлаган.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырга кантип жардам бергенинин бети ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG