Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Казакстан: Сатпаев шаарындагы былтыркы тополоң боюнча сот жүрүмү


Сатпаев шаары. 2020-жыл.
Сатпаев шаары. 2020-жыл.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Караганды облусунда былтыр жайында болгон тополоң менен коштолгон чуулгандуу окуя боюнча сот жүрүмү башталды. Жаңжал 62 жаштагы жергиликтүү тургун беш жашар кызды зордуктаганы тууралуу кабардан кийин тутанган.

Былтыр жайында Казакстандын Караганды облусуна караштуу Сатпаев шаарындагы массалык тополоңго аралашкан делген 54 киши ушул тапта жоопко тартылууда. Аларга "башаламандык, өрттөө, зомбулук менен коштолгон массалык баш аламандыкты уюштуруу жана ага катышуу, ошондой эле бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүү, бийликтин өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" деген беренелердин негизинде айып тагылган.

Сот жообуна тартылап жаткан 54 кишинин арасында алтоо аял. Ошондой эле жашы жете элек эки өспүрүм да бар. Андыктан иш Караганды облусундагы өспүрүмдөрдүн кылмыш иштери боюнча адистештирилген сотунда каралууда. Айыпталуучулардын арасында жумушсуздар жана мурда соттолгон жарандар да бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү Сатпаев шаарындагы "Казакмыс корпорациясында" иштешчү.

54 айыпталуучунун 44ү убактылуу тергөө абагына камалган, калган ону үй камагына чыккан. Жалпысынан башаламандыкка катышкан деп 57 адам айыпталууда, бирок алардын экөө учурда издөөдө. Мындан тышкары сотто айыпталуучуларга "чет элдик булактардан алынган каражаттарды пайдалануу" беренеси да жөнүндө да сөз болгон. Бирок прокурорлор бул айыптоонун маңызын жарыялай элек.

Сатпаев шаардык полиция бөлүмүнүн алдында өрттөлгөн автобус. 2020-жыл.
Сатпаев шаардык полиция бөлүмүнүн алдында өрттөлгөн автобус. 2020-жыл.

Былтыр бул каргашалуу окуяда 63 адам жабыркаган, алардын ичинен 50сү полиция кызматкери жана 13ү жергиликтүү тургун.

Казакстандык журналисттерге Карагандыдагы соттук жүрүмдү онлайн аркылуу гана чагылдырууга уруксат берилген. Соттун айрым катышуучулары да онлайн режимде байланышууга мажбур болушту. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары байланыштын начардыгына жана сүйлөгөндөрдүн эмне дегени угулбай жатканына нааразы болушту.

Буга чейин айрым адвокаттар шектүүлөр ошол түнкү тополоңго тийешеси жок жана полиция кызматкерлерин сабашкан эмес деп билдиришкен. Бирок прокурорлор «тастыкталган далилдер жетиштүү" деп талашкан.

Жоболоңдуу окуя

Жогорудагы "жапырт башаламандык" фактысы менен ачылган иштен башка дагы бир сот жүрүмү жабык өтүп жатат. Ал иш "Адам уурдоо", "зордуктоо" жана "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук" деген беренелер менен ачылган.

Бир жыл мурунку жоболоңдуу окуя Сартпаев шаарында беш жашар кыздын жоголгону тууралуу кабардан улам келип чыккан.

Бир жыл мурунку жоболоңдуу окуя Сартпаев шаарында беш жаштагы кыздын жоголгону тууралуу кабардан улам келип чыккан.  

Жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча жубайлар шектүү деп кармалган. Ал эми алардын адвокаты айыпталуучуларды толук актоону талап кылууда. Башкы айыпталуучу - "баланы уурдап барып зордуктаган" деп шектелген 62 жаштагы жаран былтыр октябрда тергөө абагында муунуп каза болгон.

Ал эми жоголгон кичинекей кызды бир сааттан кийин 62 жаштагы кишинин батиринен табышкан. Анын үйүнүн алдына жүздөгөн адам чогулуп, аны сотсуз эле жазалоону талап кылышкан. Полиция шектүү адамды үйүнөн алып чыгып, Сатпаев шаардык полиция бөлүмүнө камаган.

Ошол түнү жергиликтүүлөр полиция бөлүмүнүн имаратынын айрым жерин бузуп, автоунааларды өрттөп, автобустарды талкалашкан. Бул жаңжалда жалпысынан мамлекеттик мүлккө келтирилген чыгым 80 миллион теңгени (200 миң доллар) түзгөн.

Социалдык тармактарда жапырт башаламандыктар этностук мүнөздө болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган, бирок казактар менен катар башка улуттун өкүлдөрүнө да кылмыш иши козголгон.

Буга чейин казак бийлиги айрым чагымчыл күчтөр "өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат" деп билдирген. Ал арада көз карандысыз серепчилер "чагымчыларды айыптоо негизсиз» деп эсептешет.

Алар Сатпаев (мурдагы Никольский) шаарындагы каршалуу окуя көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйдүн, анын ичинде полицияга жана сот системасына болгон ишенимдин азайганынын натыйжасы деп баалашат.

Акаадемик, геолог Каныш Сатпаевдин ысымын 1990-жылдан бери алып жүргөн бул шаарда учурда 62 миңдей тургун жашайт (алардын 66 пайыздайын казактар түзөт).

Ал арада, расмий статистикага ылайык, акыркы төрт жарым жыл ичинде Казакстанда 1868 жаран жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн соттолгон. Алардын үчтөн бири шарттуу түрдө кесилген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG