Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Путин: "Эртеби-кечпи, баары бир келишебиз"


Америкалык журналист Такер Карлсон Орусиянын президенти Валдимир Путинден интервью алып жатат.
Америкалык журналист Такер Карлсон Орусиянын президенти Валдимир Путинден интервью алып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсонго курган маеги алдын ала катуу жарнамаланды. Москвада кремлчил журналисттер америкалыктарга «чындыкты көзгө сайып көрсөтүп берем» деген Такердин артынан калбай ээрчип жүрүштү. Эки сааттык маекте Путин эмнелерди айтты?

Орусиянын президенти Владимир Путина америкалык журналист Такер Карлсонго курган маегинде Украинадагы эки жылга аяк баскан согушту "Украина менен Батыш баштады" деп айыптады. 2014-жылкы «Киевдеги мамлекеттик төңкөрүш», андан кийин Киевдин Минск макулдашуусун аткарбай койгону жаңжалга жалын чачканын айтты. Путин Вашингтонду өз позициясын кайра карап чыгууга чакырып, Москва сүйлөшүүгө даяр экенин ырастады.

Талаштуу тарых

Маектин биринчи жарым саатында Путин адаттагыдай тарыхка кайрылып, Рус мамлекетинен тарта соңку жаңы тарыхка чейин узак кеп салды.

Путиндин кебин 10 мүнөттөй унчукпай тыңшаган Такер Карлсон кайсы кылым тууралуу сөз болуп жатканын сурап, түшүнбөй калганын мойнуна алды. Орус лидери журналистке Богдан Хмельницкийдин каттарынын көчүрмөлөрү (көп тарыхчылар мындай жүйөнү өтө талаштуу дешет - ред.) деген кагаз салынган папканы көрсөтүп, “Украинаны СССРдин жетекчилиги жок жерден түзгөн” деген сөзүн кайталады.

Эксперттер Украинадагы согуштун фонунда Путин өзүн өткөн замандын саясатчысы катары көрсөтүп жатканын белгилешкен. Financial Times басылмасынын булактарынын бири “Путиндин үч кеңешчиси – Иван Грозный, Петр I жана Екатерина II” деп таамай сыпаттаган.

Батыш менен мамиле

Андан ары Путин америкалык журналистке 2000-жылдары ал бийликке келгенде Батыш менен алаканы оңдоого аракеттенгенин, алтургай НАТОго Орусияны кошуу жолдоруна чейин талкууланганын айтты.

"Орусия «цивилизациялуу элдердин» бир туугандык бирикмесине кошот деп күткөн, бирок андан эч нерсе чыккан жок. Кошмо Штаттар бизди алдап кетти. НАТО чыгышка карай кеңейбейт деп убада бергени менен, «кеңейтүүнүн беш толкуну» болду», - деди Путин америкалык журналистке.

Путин Орусиянын Батыш менен касташуусуна НАТОнун кеңейгени, Украинанын келечекте Түндүк атлантикалык бирикмеге кошулуу ниети түрткү болгонун белгиледи.

Орус лидери интервьюда украиналыктар «эмдигиче өздөрүн орус» деп санаарын айтып, Москванын Украинага аскер киргизгенин «бир эл болгонбуз» деген мифке байлады. Ал эми Орусиянын Украинага ар тараптан басып киргенин “жарандык согуштун элементи” деп караарын айтты.

Путиндин сөзүнө караганда, “Орусия Донбассты Украинанын курамына “кайтарууга даяр турган, болгону ал аймактагы элди гана ынандыруу калган. Бирок Киев маселени согуш жолу менен чечүүнү туура көргөн”. Путин азыркы согушту Орусия эмес, “Донбассты сегиз жыл бомбалап”, Украина баштаган деген мурунку кебин кайталады.

Такер Карлсон Путиндин мындай жүйөлөрүн угуп отуруп, маектешинен Мариуполдогу театр менен оорукананы, Кременчугдагы соода борборун ким бомбалаганын, Бучадагы карапайым калкты ким кырганын, окуппацияланган аймактардан балдарды күчтөп Орусияга ким чыгарып кеткенин, бейкүнөө тургундарды ким камап жатканын сураган жок.

Путин эгерде Вашингтон менен британ премьери Борис Жонсон 2022-жылы тынчтык макулдашуусуна жетишүүгө "тоскоол болбогондо согуш эбак бүтмөк" деген оюн айтты.

Өткөн айдын этегинде Bloomberg басылмасы Кремль Вашингтонго жашыруун каналдар аркылуу Украинада тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин ишарат кылганы жөнүндө жазган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтыкка жетишүү үчүн Москва кайсы бир шарттарынан баш тартышы мүмкүн деген божомолду четке каккан.

Ошол эле учурда АКШнын администрациясы тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн Путинден эч кандай ишарат боло электигин билдирген. Батыштын аткаминерлери Москва Украинага эл аралык колдоо солгундагыча күтүп туруп, анан согушту улантарын белгилешет.

“Володя, эмне кылып жатасың?”

Путин украин президенти Владимир Зеленский менен анын атасы Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттерге каршы кармашканы тууралуу сүйлөшкөнүн эстеп, андан “Володя, эмне кылып жатасың?” деп сураганын айтты.

Чындыгында Путин Зеленский менен мындай темада сүйлөшкөн эмес, ал эми Зеленскийдин 1947-жылы туулган атасы “эч бир нацист” менен согушкан да эмес.

Путин Украинадагы согушту токтотуу үчүн АКШ Киевге курал-жабдык берүүнү токтотсо, сүйлөшүүгө болорун айтты. "Ниет болсо, варианттар бар», – деген Путин Москва диалогго даяр экенин билдирди, бирок кандай шартта экенине токтолгон жок.

Европа өлкөлөрүнүн Орусия кол салышы ыктымал деген кооптонуусуна жооп иретинде Путин Москванын «Польшада болобу, Латвияда болобу, эч кандай кызыкчылыгы жок» деди.

"Орусия Польшага бир гана учурда – ал тараптан Орусияга кол салуу болгондо гана өз аскерин жиберерин” айтты Путин.

Орусия тактикалык өзөктүк курал колдонобу деген имиш сөздөрдү Путин «мокочо көрсөтүү» деп койду. Буга чейин орус лидери бир нече жолу андай коркунуч барлыгын дүйнөгө эскерткен.

Орусиянын, Украинанын жана Батыштын мамилелерин «мынчалык кайгы-капа болбогондо баары шатыра-шатман болмок» деп сыпаттады. «Украинадагы жүрүп жаткан мобилизация, ызы-чуу, ички көйгөйлөр, баары… Эртеби-кечпи, баары бир кепке келебиз», - деди Путин америкалык журналистке.

Америкалык журналист киши өлтүргүчкө айырбашталабы?

Путин Орусияда кармалган америкалык журналист Эван Гершковичти киши өлтүргөнү үчүн кесилип, немис түрмөсүндө жаткан орус жаранына алмашууга болорун кыйытты. «Америкалык атайын кызматтар так бир суроолор боюнча орусиялыктардын сунушуна макул болсо» Гершкович мекенине кайтып барарын айтты.

Путин бул жерде 2019-жылы Берлинде чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып өлтүргөн Вадим Красиков тууралуу айтканы дароо эле билинди. «Мекенчил көз карашынан улам Европанын баш калааларынын биринде кылмышкерди жок кылган киши АКШнын союздашы болгон өлкөдө отурат», - деген Путин «атайын кызматтар сүйлөшүп жатканын» белгилей кетти.

Вашингтон Путиндин интервьюсуна мындай реакция кылды: Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби орус лидеринин айтканын "чындыктын жүзүндөй кабыл алууга» болбой турганын айтып, "америкалыктар ким күнөөлүү экенин жакшы билерин» кошумчалады.

Саясат таануучу Александра Филиппенко америкалык журналист алган интервьюдан курч суроолорду укпаганын айтат. “Такер Карлсон Владимир Путиндин сөзүн бөлүп же берген суроосуна түз жооп алууга аракеттенгенде, орус лидери аны “мен ал суроого кайрылам” деп кадимкидей кагып турганы байкалды”, - Филиппенко.

“Путин болсо адаттагыдан бир аз ачылып, согуш эмне менен аяктайт деген суроого жооп иретинде Орусия жеңип чыкканда дебей, Батыш менен макулдашканда гана согуш аяктаарын ишарат кылды”, - дейт саясат таануучу.

Негизинен Такер орус лидерине ал мурда-кийин көп эле жооп берип жүргөн суроолорду узатканын, алардын баарына Путиндин жообу даярдыгын белгилешет.

«Такер Украинадагы согуштагы кыйроолор, кишилердин өлүмү тууралуу факты-далилдерди келтирип, курч суроолорду бере алган жок. Андыктан америкалык пресса бул интервьюнун сыдыргыга салгандай жүргүзүлгөнүн сындап жатат”, - деди Филиппенко.

Америкалык таанымал журналист Такер Карлсон (Tucker Carlson) 54 жашта. Аны мурдагы республикачы президент Доналд Трамптын ырааттуу жактоочусу катары билишет. Карлсон 2016-жылдан 2023-жылга чейин АКШдагы “Фокс-Ньюс-Чэннел” (Fox News же FNC) каналында “Такер Карлсон менен бир кечеде” деп аталган берүүнү алып барган. Америкалык журналист Путинден интервью алууга Москвага февралдын башында барган. Бул 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан бери батыштык журналист Путинден бетме-бет отуруп алган алгачкы интервью болду.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG