Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

Президент менен депутаттардын жолугушуусу, колдоо тапкан мыйзам


Жогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты

Өткөн жумада көпчүлүк депутаттар каршы чыккан "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Көпчүлүк депутаттар өткөн жумада президент сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыккан. Мындан улам, 21-июлда президент депутаттар менен жолуккан.

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун каттоодон өткөн 106 депутаттын 99у биринчи окууда колдоп, жетөө каршы болду.

Аралаш шайлоо системасын киргизе турган мыйзам долбоору өткөн жумада добушка коюлган эмес. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү шайлана турган 90 депутаттын 35ин бир мандаттуу округдардан шайлоого каршы чыгышкан.

Талапкерлер бир мандаттуу округдан шайланат

Мындан улам, 21-июлда президент Садыр Жапаров резиденцияда депутаттар менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абал талкууланды деген менен жолугушууга барган депутаттар негизги сөз президент сунуштаган мыйзам долбоору жөнүндө болгонун ырасташты.

Депутат Бейшеналы Нурдинов президент парламенттик шайлоону мажоритардык система менен өткөрүү ал үчүн принципиалдуу маселе экенин айтканына токтолду.

“Биринчи окууда концепциясын кабыл алып, андан кийин бир топ өзгөртүү болот деп сүйлөштүк. Президенттин элге убада кылган принципиалдуу нерселери бар экен, ошондон чыкпагыла деди, депутаттар макул болду. Президент 90 депутаттын бардыгы бир мандаттуу округдан шайланса деген ою бар экенин, бирок квоталар үчүн партиялык тизмени дагы кошуп жатканын айтты”.

Президент сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнмөк.

Бирок президент менен депутаттардын жолугушуусунан кийин чечим кабыл алынса, 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланышы мүмкүн. Анткени Талас облусунда 165 миң гана шайлоочу болгондуктан, Таласка эки мандат берилери айтылды.

Президент менен депутаттардын жолугушуусунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязалиев, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы болгон.

22-июлдагы добуш берүүдө парламент отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров отурду.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев президенттин депутаттарды резиденцияга чакыруусун басым катары сыпаттады.

“Азыркы парламенттин депутаттары менен парламентаризмди куруу мүмкүн эмес экенин байкадым. Жыйын өтүп, мыйзам талкуулай турган Жогорку Кеңештин заңгыраган имараты турат. Эл өкүлдөрү ит менен текшерилген автобуска түшүп алып тизилип барганы уят. Парламент депутаттары болгондон кийин намыс болуш керек. Президент чакырып, жабык эшик артында өткөргөнү президент айткандай болот дегенди түшүндүрөт”.

Ачык тизме ыкмасы ачык калды

Садыр Жапаров март айында мыйзам долбоорун жазуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүп, аны Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетектеген.

Жумушчу топ президентке эки долбоор сунуштаган. Экинчи долбоор партия менен чогуу тизмедеги талапкерге кошо добуш берүүчү (преференция) ыкма. Бул долбоор менен 90 депутаттын бардыгы партиялык тизме менен шайланат.

Депутаттар менен жолугушууда президент партиялык тизме менен шайлана турган депутаттарды ачык тизме аркылуу шайлоого каршы эместигин айткан.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добушка коюлганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттардын сунуш-пикири экинчи окууда эске алынып кошуларын белгиледи.

Ачык тизме аркылуу шайлоо мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Алтынбек Сулайманов экинчи окууда бул система мыйзам долбооруна киргизилбесе каршы болорун билдирди.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

"Биз сунуштаган мыйзам долбоору да биринчи окууда өткөн. Президенттин мыйзам долбооруна ачык тизме ыкмасын Боршайком менен такташып, комитеттен кошсок болот. Эгер ал жерден дагы оюн болсо, экинчи окууда сөзүбүздү айтабыз. Кечээ президент менен жолукканда ал айтканы боюнча кабыл алып берели дагы, комитеттен өзүбүздүн сунушту кошолу деп сүйлөштүк".

Жумушчу топтун мүчөсү депутат Умбеталы Кыдыралиевдин айтымында, президент преференциалдык ыкма менен шайлоо өткөрүүгө каршы эмес. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы "мындай ыкма менен шайлоо өткөрө албайбыз" деп коюшу ыктымалдыгын белгиледи.

“Ачык тизме болору белгисиз, анын техникалык жагын караш керек. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрө алабы?".

Жапаровго мыйзам эмне үчүн маанилүү?

Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин бийликке келген соң Конституциялык реформа жасап, Кыргызстан парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өттү.

Ал реформанын максатын түшүндүрүп жатып, партиялык тизме менен шайлоону бизнес деп атап, бир мандаттуу округдан шайлоого кайтып барууну убада кылган.

“Партиялык система деген өзү бизнес экен. Эл-журт дагы билди, 90догу карыядан жаш балага чейин түшүндү. Алдыга олигархтарды коюп, бардык коррупциялык иштерге аралашканын көрдүк. Мен 2010-жылы партиялык тизме менен парламентке келгем. Бул системанын мамлекетке келтирген зыянын өз көзүм менен көргөм. Мен бир мандаттуу шайлоо деп сунуштап турам”.

Президент сунуштаган бир мандаттуу округдардан шайлоо артка кайтуу деп эсептегендер дагы бар. Депутат Каныбек Иманалиев президент менен жолугушууда да мыйзам долбоорун колдобой турганын айтканын билдирди.

“Бир мандаттуу округ болгондо Нарын облусундагы үч райондон бир эле депутат болот. Эл 20га бөлүнөт. Эң көп алганы 8-10 миң эле добуш алат. Ондон ашык улуттук азчылыктын өкүлдөрү жашаган шайлоо тилкелери бар. Ал жакта эл экиге бөлүнөт. Президентке айттым, ал парламент өзүңөр чечесиңер деди”.

Кыргызстанда толук партиялык тизме менен шайлоо 2007-жылы киргизилген. Ага чейин 2005-жылдагы парламенттик шайлоо бир мандаттуу округдарында өткөн. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда депутаттардын гана саны 90 деп көрсөтүлгөн, ал эми шайлоо ыкмасы жазылган эмес.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG