Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

“ПолитКлиника”: ЭлТРдин доо арызы сотто карала баштады


ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму. 18-апрель, 2023-жыл.
ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму. 18-апрель, 2023-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карап баштады.

Эки маалымат каражаты бири-бирин жалган маалымат таратууга айыптап, талаш сотко жетти. Акыркы кезде мамлекеттик каналдар эркин жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарган иликтөөлөргө жооп катары анти материалдарды жасаган учурлар болууда.

Тараптардын жүйөсү

18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча алдын ала угуу өттү. Ишти райондук соттун судьясы Жамиля Акылбекова карай баштады.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн кийинки сотко күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтирип, судья аны канааттандырды. “ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер “ПолитКлиника” чыгарган материалда кайсы сөздөр чындыкка дал келбей турганын тактап берүүнү суранып, ал да колдоо тапты. Иштин мазмуну боюнча соттук кароо 17-майга белгиленди.

Адвокат Азизбек Ибрагимов сотко арыз берерден мурун ЭлТР “ПолитКлиникага” материалды өчүрүү өтүнүчү менен кайрылганын, бирок жооп болбогондуктан сотко берүүгө аргасыз болушканын айтты.

“ПолитКлиниканын” материалындагы “ЭлТРдин жалган, манипуляция кылган маалыматын тактайбыз” деген сөздөр мамлекеттик телерадиокомпаниянын беделине шек келтирет деп эсептейбиз. Себеби, ЭлТРге чыккан малымат такталып туруп гана эфирге берилгени боюнча далил материалдар бар”.

ЭлТР “ПолитКлиника” медиасына каршы сотко арыз менен кайрылганы 20-февралда белгилүү болгон. Мамлекеттик канал “ПолитКлиниканын” 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген видеосуна байланыштуу сотко берген.

ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.
ЭлТР телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.

31-январда ЭлТР “Кайсыл президент энергетикага сырттан көп карыз алган?” деген сюжет чыгарган. Үч мүнөттүк материалда 2005-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагына алынган карыздар эсептелген.

Журналист мурдагы президенттер - Курманбек Бакиевдин тушунда 9 млрд. 296 млн. сом, Роза Отунбаеванын учурунда 3 млрд. 416 млн. сом, Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда 98 млрд. 700 млн. сом, Сооронбай Жээнбековдун убагында 26 млрд. 300 млн. сом насыя алынганын, ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенден бери бир тыйын карыз алынбаганын айтат.

“ПолитКлиника” бул материалды “Детектор” программасында талдап, ачык булактардан жана мамлекеттик сайттардан маалыматтарды чогултуп, “президент Садыр Жапаровдун тушунда энергетикага насыя алынган эмес” деген маалымат жалган экенин билдирген. Онлайн медиа ЭлТР туура эмес маалымат таратып, манипуляция кылып жатканын кабарлаган.

“Политклиника” медиасынын жетекчиси Дилбар Алимова материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде айтып, ал жетектеген маалымат каражатына каршы арызды сөз эркиндигине басым катары баалады.

“Тилекке каршы, акыркы убактарда көз карандысыз медиаларды, журналисттерди каралоого мамлекеттик каналдардын журналисттери менен мамлекеттик мекемелердин басма сөз катчылары да тартылып атат. Бул өтө коркунучтуу тенденция. Алар өздөрүнүн жумушун кылгандын ордуна эркин медиаларды каралоо менен алектенип атышат. Тескерисинче журналисттик тилектештик болуп, так маалыматтарды таратканда гана коомго да пайда болмок”.

Талашка кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков аралашып, “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптаган. Ал ЭлТРдин журналистин жана Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн чакырып, энергетикага алынган карыз тууралуу териштирүү болгон.

Ага “ПолитКлиника” кайра жооп берип, биринчи жасаган материалындагы маалыматтарды бышыктаган.

“Сөз эркиндигине басым уланууда”

“ПолитКлиника” медиасынын материалын журналист Тыныстан Асыпбек жасаган. ЭлТР моралдык зыяндын ордун толтуруш үчүн журналисттен 3 миллион сом, басылманын өзүнөн 7 миллион сом – жалпы 10 миллион сом талап кылып жатат.

“Акыркы эки жылдан бери көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге кысым болуп келатканын көрүп атабыз. Биз “ПолитКлиникага” коюлган доону да ошол басымдын уландысы деп эсептейбиз. Анткени бул жерде мамлекеттик канал өтө көп суммада доо арыз берип, аны өндүрүү аракетин көрүп жатышынын өзү эле көп суроо жаратат”, - деди “ПолитКлиниканын” адвокаты Алтынай Исаева.

ЭлТР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине “ПолитКлиниканын” сайтын бөгөттөө боюнча да өтүнүчүн берип, министрлик аны четке каккан. Мекеме мындай чечимге басылманын видеосундагы маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынган деген жүйө келтирген.

“ПолитКлиника” – Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз, эркин медиалардын бири. Басылма журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды чыгарат.

Кыргызстанда буга чейин саясатчылар, президенттер жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер менен соттошкон учурлар көп эле болгон. Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков маселе Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссия менен деле чечилсе болмок дейт:

“Мурда чиновниктер медиаларды өздөрү сотко берчү. Азыр эми алар башка ыкма менен ЖМКлар менен ЖМКларды соттоштуруп жатат деген да ой бар. Буга негиз болгон да нерселер бар. Себеби, ЭлТР эмнеге Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылбай, дароо сотко берди? Сотко жеткирбей деле чечип алса болот эле да. “ПолитКлиниканын” материалында чын эле туура эмес маалыматтар болсо, аны комиссия аныктап бермек. Эмне үчүн мынча көп суммада доо коюлууда? Мисалы, айрым саясатчылар чындыгын далилдеш үчүн сотко берип бирок символикалык түрдө бир сом эле талап кылып койгондор бар. Эмне үчүн ушундай кылышкан жок?”.

Мыйзамда моралдык зыян катары кандайдыр бир сумма белгиленген эмес. ЭлТР 10 миллион сомду 2005-жылдан бери мамлекеттик канал катары иштеп келатканы, бир катар мамлекеттер жана башка медиа мекемелер менен кызматташып жатканы менен түшүндүрдү.

Кыргызстанда соңку кездерде мамлекеттик каналдар эркин жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарган иликтөөлөргө жооп кылып анти материалдарды жасап жатат. Жакында эле “МедиаХаб” Бишкектеги курулуштардын бириндеги мыйзамсыз иштер, ага Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Азис Эшалиевдин байланышы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бул материалдан кийин ЭлТР каналы иликтөөдө Азис Эшалиев боюнча айтылган маалыматтарды четке каккан видео чыгарып, судьянын өзүнөн да маек алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG