Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:12

Эл үнү: Орусияда камалган студенттер, үйгө жете албаган келиндер


Екатеринбургдан келген учак, 22-май, 2020
Екатеринбургдан келген учак, 22-май, 2020

"Эл үнүнө" Орусияда карантинде калган студенттердин, алардын ата-энелеринин, өлкөгө келе албай жаткан мигранттардын кайрылуулары келип түштү. Ошондой эле Ош шаарынан уулу кордукка кабылган эне да кайрылды.

Мадина Уланова, Элиста шаарындагы студент:

- Мен Орусия Федерациясынын Элиста шаарындагы Басан Городовиков атындагы Калмыкиянын мамлекеттик университетинде окуймун. Бул жактагы 55 студенттин атынан кайрылып жатамын. Эки айдан бери карантинде жатабыз, жатаканадан сыртка чыккан жокпуз. Окуу жайдан мекенге кеткенге эчак эле уруксат берилген. Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине да кат жолдодук эле жооп ала элекпиз. Баарыбыздын акчабыз жок калды, биздин арабызда иштеп, окугандар да бар эле, карантинден улам иштей албай да калдык. Кээ бири стипендия алса, айрымдарына берилбейт. Өкмөт тараптан кандайдыр бир аракет болобу? Биздин кайрылуубузду жогору жакка жеткирип коёсуздарбы?

Пенза университетинде окуган кыргызстандык 200дөй студенттин атынан кайрылган жигит:

- Мен Пенза мамлекеттик университетинин студентимин. Бир нече кыргызстандык студент карантиндин айынан мекенге кайта албай жатабыз. 17-майдагы Москва - Бишкек каттамына илинүү үчүн элчиликке кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок. Анткени бардык орундар брондолуп калыптыр. Стипендия, маянабыз жок, акчадан аябай кыйналдык. Бизди тез арада мекенге кайтарууга жардам берип коёсуздарбы. Коронавирус маалында Пензада калган кыргызстандык студенттердин социалдык абалы да өтө оор болуп жатат”.

Элиста шаарындагы студенттердин ата-энелери:

- Биздин балдарыбыз Орусиянын Элиста шаарында окуп жүрүшкөн, Ысык-Көлдөн 53, Чүйдөн 2 бала бар. Алар азыр абдан кыйналып жатышат. Аларды алып келүү өтүнүчү менен бардык тийиштүү органдарга, элчиликке кайрылсак деле жооп болбой жатат. Студенттер эки айдан бери кыйналышты. Ошого сиздерден жардам сурап жатабыз. Үнүбуздү бийликке жеткирип койосуңарбы.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова студенттер боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

- Негизи бизде, элчиликте студенттер менен иштеген атайын жооптуу кызматкер бар, ал бардык жогорку окуу жайлар менен байланышта. Элистадагы студенттер менен да байланышка чыгабыз. Жалпы эле Орусиядагы кыргызстандык студенттерди кетирүү боюнча биз Республикалык штабга кат жолдогонбуз. Кайсы окуу жайларда канча студент бюджеттик, келишимдик негизде окуйт, алардын канчасы азыр Кыргызстанга кетүү үчүн авиакаттамды күтүп жатканын толук жазганбыз. Эгерде өкмөт тарабынан бул маселе боюнча кандайдыр бир чечим болсо аларды мекенге кетирүү процесси башталат.

"Жигиттер кетип, аялдар калышты”

Атын атагысы келбеген мигрант:

- Москвадагы мигранттарга жумасына бир ирет чартердик каттам уюштуруп койгону жакшы болду. Ага ыраазыбыз. Бирок элчилик ошол каттамдарга тизме түзүүдө туура эмес иштерди кылып жатат. Ал тургай "тааныш-билиш, дос-туугандарын коррупция менен тизмеге киргизип жатат" деп да угуп жатабыз. Бул жактан колунда баласы барлар, кош бойлуу келиндер кетпей эле кырчындай болгон күүлүү-күчтүү жигиттерди кетирип жатышат. Бала менен азыр карантиндеги Москвада жашоо өтө кыйын. Бизди азыр ишке албайт. Балалууларды батирге да киргизишпейт, анын үстүнө акчабыз да жок калды. Ушул тизмени адилеттүү түзүү маселесине жардам берип коюңуздарчы.

Москвадагы элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын жообу:

- 17-майдагы жана 26-майдагы каттамдарга тизме менен элчиликке келип, арыз жазган атуулдарды киргизип жатабыз. Тизмедеги арыздардын негизги жүйөсүнө да карап жатабыз. 26-майдагы рейске жалаң 5 айдан 8 айга чейин боюнда бар келиндер, колундагы баласы эки жашка чыга элек аялдар кирип жатат. Мындан тышкары кийинки каттам болуп калса да ушул эле категориядагы кош бойлуу, балалуу аялдар жана жашы улгайган кыргызстандыктар учмакчы. Албетте, жаштар да кайрылып жатат, бирок аларга биз "күтүп тургула" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Москвада балдары калып калган Алтынай Орозалиева:

- Мен өзүм да Казакстанда эмгек миграциясында жүргөм, карнатин башталганда кайтайын десем, мени да ал жактан айлыгымды бербей алдап кетишти. Эптеп элчиликке кайрылып жатып, чек арадан өтүп, Кыргызстанга келип, обсервацияда үч күн жатып, үйгө барсам, күйөөмдүн буту шишип кетиптир. Ооруканага кайрыла албай убара болуп жатсак, жүрөк талмасы кармап, реанимацияга түшүп калды. Менин эки уулум бар, экөө тең келиним менен кошо Москвада миграцияда, күйөөм Чернобыль авариясына катышкан ардагер. Азыр абалы оор болуп жатат. Уулдарымдын мекенге кайтуусуна жардам берип койосуздарбы. Москвада жашаганга акчасы жок, жумушсуз калышты. Анан калса күйөөмө операция керек эле. Ошого балдарым да уруксат бериши керек да.

Чек арадан кире албай калган эне

Мырзахид Ташматов, ​Жалал-Абад облусунун Ноокен айылынын тургуну:

- Аялым Өзбекстандын атуулу, мен Кыргызстандын жаранымын. Марттын ортосунда кайнатам кайтыш болуп барган эле. Анан эле карантин башталып кетип, ошол жактан келе албай калды. Үч балам бар, улуу балам 2-топтогу майып, 16 жашта. Аны мен өзүм жалгыз карай албай жатам. Азыр Өзбекстандын атуулдарын бул жакка өткөзбөйт турбайбы, бирок биз нике күбөлүгүн Кыргызстандан алган элек. Эми баламды ооруканага жаткырыш керек эле, аялым жок кантип жаткырам?

Мамлекеттик чек ара кызматы коңшу өлкөлөрдүн жарандары чек ара расмий ачылмайынча Кыргызстанга кире албай тургандыгын билдирген.

Баласы кордук көргөн эне

Ош шаарынын ХБК кичирайонунун 33 жаштагы тургуну жети жаштагы уулу 1-курстун студентинен зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн, азыр 17 жаштагы студентке каршы кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканын, бирок баласынын ден соолугу катуу жабыркаганын айтып кайрылды.

- Зомбулук көрсөткөн бала биздин көп кабаттуу үйдө жашайт. Баламды көптөн бери эле үйдүн жер төлөсүнө алып кирип алып, ар түрдүү зомбулук көрсөтүп жүрүптүр. Көзгө сайгылаптыр. Азыр көзү жакшы көрбөй жатат. Заара ичириптир, оозуна бөтөлкөнүн капкагын тыгыптыр. Денесинин баары көгала, тамекинин күлүн ар кайсы жерине басыптыр. Марттын аягында муну билип калып, милицияга кайрылып, ал студентке карата кылмыш иши ачылды. Балам уктай албай, кыйналганынан неврологго кайрылсак, аябай оор дарыларды жазып берди. Кошумча дарыланышы керек деди. Ал аябай кыйналып жатат. Карантиндин айынан дарылана албай калдык. Эми сот өкүмү туура чыкса экен деп үмүт кылып жатабыз.

“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнүн номуру 0550 988755, кайрылууңуздарды Инстаграмдагы “azattyk.kg” баракчасына да жолдой аласыздар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG