Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Коронавирусту жеңүү үчүн шайлоо эрте өтүшү керек


Деги, COVID-19 илдети күчөп, социалдык көйгөйлөр улам тереңдеген сайын кризисти башкарууга жөндөмдүү өкмөткө жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңешке муктаждыгыбызды сезип жатабызбы? Буга кантип жетишүүгө болот? Гүлдана Мурзакулдун блогу.

Кыргызстан 2020-жылдын март айынан тартып коронавирус кризисине кептелди. Бул кризис ири экономикалык кризисти ээрчите келди. Эки кризис уланып жатканда 4-октябрдагы ыплас өткөн шайлоонун айынан саясий кризис жаралды. Айрым саясатчылар үч ири кризис Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн абдан оор жүк экенин, жөнгө салынбаса оор жоготууларга себеп болорун эске албай, жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан бийик коюп, саясий кризисти тереңдетишти.

Кризисти башкарууга жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү, илим менен эсептешкен кадрлардан турган өкмөт менен Жогорку Кеңеш гана өлкөнү бул үч кризистен аз жоготуу менен чыгара алат. Ошондуктан батыраак кайра шайлоо күнүн белгилеп, сапаттуу Жогорку Кеңешти жана өкмөттү түзүүгө кадам таштоо керек.

Болочок Жогорку Кеңеш менен өкмөткө кризисти башкарууга жөндөмдүү, илим менен эсептешкен жана жоопкерчиликтүү кадрларды тандоонун канчалык маанилүү экенин коронавирус кризисинин мисалында кеңири түшүндүрүп берели.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, январь айынын алгачкы күнүнөн тарта Кытайдан эпидемиологиялык кризистин белгилери келе баштаган. Ухандан келген маалыматтар кыргыз бийлигине коронавирус илдети Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктары үчүн чоң коркунуч экенинен кабар берип турган.

Конституциябыздын преамбуласында белгиленгендей, өлкөбүздүн эң жогорку баалуулуктары - адамдар, алардын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери болуп саналат. Коронавирус кризисинен аталган баалуулуктардын аз зыян тартышы, биринчи кезекте, өкмөт менен Жогорку Кеңештин кризисти башкаруу жөндөмүнө көз каранды эле.

Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик гана болбостон, өкмөттүн түзүмүн кураган жана аны көзөмөлдөгөн орган да болгондуктан, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн дараметинен, деңгээлинен толук кабардар эле. Абылгазиев баштаган өкмөттүн кризисти башкарууга жөндөмдүү эместиги эки жылдан бери Кыргызстандын экономикалык, социалдык ж.б. көйгөйлөрүн такыр чече албай койгонунан байкалып турган.

Бирок Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү эпидемиологиялык ири кризистин белгилери Кытайдан келе баштаганда кризисти жөнгө салууга жөндөмдүү жаңы өкмөттү түзүшү керектиги жөнүндө ойлонуп да коюшкан жок. Бул 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын коронавирус кризисин башкаруу жүрүмүнө жана жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле кылганынан кабар берет.

Коронавирусту жуктуруп алган алгачкы бейтаптар каттала баштаганда эле Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн эпидемиологиялык кризисти башкара албай жатканы байкала баштады. Баса белгилей кетчү жагдай, кыргыз өкмөтү коронавирус кризисин башкаруу жүрүмүнүн кризиске даярдануу жана андан коргонуу этабына 2020-жылы 25-январда Республикалык ыкчам штабды түзүү менен киришкен. Кризиске даярдануу дүйнөдөн кризистин бир нече белгиси келгенден кийин туура мезгилде башталган. Тилекке каршы, өкмөт кризиске даярданууну жана андан коргонууну ырааттуу жүргүзө алган эмес.

Коронавирус сымал апааттар учурунда коомдо бүдөмүк абал өкүм сүрүп, адамдар апаатка жана өзүнүн айлана-чөйрөсүнүн абалына байланыштуу маалыматтарга катуу муктаждык сезет. Бийлик элдин бул муктаждыгын так жана далилдүү маалыматтарды тез-тез берүү аркылуу жоюп турууга тийиш. Бийлик элдин жана аймактын абалын, өзүнүн апаатка байланыштуу ар бир иш-аракетин ачык-айкын чагылдырып, элдин ишенимине ээ болушу керек. Болбосо эл кутум теориясына, жалган маалыматтарга массалык түрдө бериле баштайт.

Жалган маалыматтар, кутум теориялары апаатты өтө көбүртүп-жабыртып, коомчулуктун тынчсыздануу жана коркуу сезимдеринин деңгээлин ашыкча жогорулатат же мындай маалыматтар ишенбестикти жаратып, коомчулуктун тынчсыздануу жана коркуу сезимин өтө азайтып жиберет. Ашыкча коркуу жана ашыкча тынчсыздануу адамдарды логикага таянбай кадам таштоого түртсө, тынчсыздануу жана коркуу сезимдеринин өтө азайып кетиши - кенебестикке, коркунучтан коргонбой коюуга түртөт.

Бийлик апаат учурунда коомдогу тынчсызданууну коммуникациялык стратегияларды колдонуу менен жөнгө салып турушу керек.[i] Антпесе коомдо кризисти тереңдетип жиберчү кыймыл-аракеттерди жасагандар көбөйөт.

Республикалык ыкчам штаб коронавирус кризисине даярдануу учурунда психология, социология, коммуникация илим тармактарында иш алып барган адистер менен кеңешсе, алар жогорудагы жагдайларды эскертип, коммуникациялык стратегияларды жана жаңы технологияларды колдонууга чакырмак. Тилекке каршы, өкмөт илим-билимди эске алып, анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланган эмес.

Республикалык ыкчам штаб илим менен эсептешпегени үчүн жана кризисти башкарууга жөндөмсүз болгондугунан улам апаат учурунда эл менен ыкчам байланышууга, тез-тез маалымат бөлүшүүгө, элдин суроо-талабын түз угууга мүмкүнчүлүк жараткан жаңы медианы колдонууга жолободу.

Коомдо ачык-айкындуулукту жарата албаган өкмөт элди жалган маалыматтардын, кутум теорияларынын кучагына таштады. Өкмөт элдин тынчсыздануу сезимин жөнгө салып турчу коммуникациялык стратегияларды колдонгон жок. Мунун натыйжасында Кыргызстанда элдин көпчүлүк бөлүгү коронавируска ишенбеген жана карантиндик-санитардык эрежени cактабаган абалга жетти.

Эсиңиздерде болсо керек, өлкөдө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенден көп өтпөй өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “жарандар карантин эрежелерин сактабай жатат” деген кепти колдоно башташты. Ал эми май айында бийлик өкүлдөрү бул кепти тынымсыз колдонууга өтүштү. Өкмөт маселе элде эле эмес, дал өзүндө да экенин, эпидемиологиялык кризисти башкаруу жүрүмүндө чоң каталарды кетиргенин сезген жок, сезгиси да келбеди.

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус кризисин башкаруу жүрүмүнө болгон жоопкерчиликсиз мамилесинен улам “Республикалык штаб коронавирусту ооздуктоо боюнча туура, жетиштүү чара көрүп жатабы?” деп адистерден сурап, иликтеп койгон жок. Ошондуктан коронавируска ишенбегендер жана карантин эрежелерин сактагысы келбегендер эмне үчүн күн санап көбөйүп жатканын, мындай нерсе эмнеге алып барарын аңдай алышпады.

Ошол кездеги спикер Дастан Жумабеков Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн май айындагы отчету учурунда: “Вирус дүйнөнү кыйнап атат. Бирок ага карабай бизде азыр жеңил болуп атат. Бул да көрсөткүч”, –– деп өкмөттү алкаганга жетишти.

ЖКдагы эл өкүлдөрү менен Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жоопкерчиликсиз мамиле кылганы, кризисти башкарууга жөндөмсүз болгону, илим менен эсептешпей иш жүргүзгөнү июнь-июль айларында чоң жоготууга алып келди.

Коронавирусту жугузуп алгандар кескин көбөйгөндө Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы көтөрө албай калды.

Журналист Токтосун Шамбетов айткандай, эл “дарыгердин кеңешине зар болуп, ооруканада дарыланууга орун эмес, дарыканада дары таппай карайлап калды”.

Июнь-июль айларында эле (эски расмий эсеп боюнча) 1300дөн ашуун жаран каза болду.

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус кризисин башкаруу жүрүмүнө жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн элден кечирим сурашы керектигин алигиче сезише элек.

Гүлдана Мурзакул, көз карандысыз изилдөөчү жана блогер, Түркия. 20.8.2019.
Гүлдана Мурзакул, көз карандысыз изилдөөчү жана блогер, Түркия. 20.8.2019.

Сөзүбүздүн соңунда дагы бир жолу баса белгилей кетели, Кыргызстанда ушул тапта өкүм сүрүп турган эпидемиологиялык, экономикалык жана саясий кризистердин өлкөбүзгө тийгизген зыяны дагы эселеп көбөйүп кетпеши үчүн парламенттик кайра шайлоо күнүнүн тезинен белгиленишин талап кылышыбыз керек жана жаңы шайлоо маалында өз тизмесинде жоопкерчиликтүү, илим менен эсептешкен саясатчыларды камтыган саясий партияларды тандашыбыз керек.

Жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңеш гана караңгыдан жол тапчу өкмөттү курай алат.

Гүлдана Мурзакул,

Көз карандысыз изилдөөчү жана блогер, Түркия.

Шилтеме:

[i] Covid-19 Salgını ve Sonrası: Psikolojik ve Sosyolojik Değerlendirmeler, Hazırlayan: Coşkun Taştan, Polis Akademisi Yayınları, 2020.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG