Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

"Пандора кагаздарына" реакциялар кандай болду?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлердин офшордук аймактарга жашырган көмүскө байлыгын таап чыккан “Пандора кагаздары” ​аттуу баяндамасын жарыялады.

Дүйнөдөгү 150 маалымат каражатынын 600дөн ашуун журналисти иликтеп чыккан документтерде орус президенти Владимир Путиндин “бейрасмий пропаганда министринин” жана Орусия, АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү 130дан ашуун миллиардердин финансылык ишмердиги камтылган.

Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнүн жашыруун байлыгы тууралуу дагы сөз болот.

Дүйшөмбүдө Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Пандора кагаздарында” реалдуу далилдер жок экенин айтканын РБК басылмасы кабарлады. Ошондуктан Кремл муну "текшерүүгө негиз боло турган жагдай эмес" деп тапканын жазды.

Мындан тышкары “Пандора кагаздары” Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин " үчүнчү жубайы" делген Асел Курманбаева алты офшордук компанияны камтыган купуя келишимдердин натыйжасында 30 миллион долларга ээ болгонун да ашкереледи. “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жазгандай, бул келишимге экс-президентке жакын Владимир Ни жана Владимир Ким аттуу олигархтардын тиешеси болгон.

Малыматка караганда, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий беришкен эмес.

Вячеслав Абрамов.
Вячеслав Абрамов.

Vlast.kz долбоорунунун жетекчиси, казакстандык журналист Вячеслав Абрамов бул иликтөөгө жеке өзү катышканын, бирок казак бийлигинен эч кандай реакция күтпөй турганын айтты.

"Чынын айтсам, бийликтен эч кандай реакция күтпөйм. Биз акыркы он жылда ар кандай иликтөөлөрдү көрдүк. Бул "Панама барактары", Дарига Назарбаева жана анын уулунун Лондондогу үйлөрү, кыймылсыз мүлккө байланыштуу документтери. Ошондой эле туңгуч президенттин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча өткөн жылы "Азаттыктын" иликтөөсү чыкты. Үч ай мурун чуулгандуу "Пегасус" тиркемеси пайда болду. Мындай учурлардын баарында "бизди алдап жатышат, буга ишенүүгө болбойт" деген сыяктуу кыска комментарийлерди көрдүк, же эч кандай реакция болгон жок", - дейт Абрамов.

Ал ошондой эле учурда Казакстанда алгылыктуу иликтөөлөр жүрбөй жатканын, мунун себеби айрым "таасирдүү" адамдарга мыйзамдын күчү жетпей турганын баса белгилейт.

Эл башынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү, кемсинтүү үчүн ири өлчөмдө айып пул, түзөтүү жумуштарына тартуу, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу сыяктуу жаза каралган.

Ал арада "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттеринин суроолоруна жооп берген казак парламентинин депутаты Зулфия Сулайманова мындай иликтөөлөрдү мамлекеттик коррупцияга каршы агенттик гана карай турганын билдирди.

"Бизде негизи коррупция менен күрөшкөн агенттик бар. Менимче бул орган тийиштүү кадамдарды жасайт. Бул кагаздарды карап чыгып, өз иликтөөсүн кылат деген ойдомун",- деди Сулайманова.

“Пандора кагаздары” ушул апта соңунда өтчү парламенттик шайлоого камданып жаткан чех премьер-министри Андрей Бабиштин да жашыруун финансылык ишмердигин ачыкка чыгарды.

Бабиш 2009-жылы бир нече офшордук компанияга 22 миллион доллар салып, ал аркылуу Франциянын Канны шаарына жакын деңиз жээгиндеги айылда хансарай сатып алган. Бул үйдүн эки бассейни жана өзүнчө кинотеатры да бар. Чех медиасы жазгандай, Бабиштин декларациясында бул кыймылсыз мүлк жана офшордук компаниялар көрсөтүлгөн эмес.

Чехиянын премьери Андрей Бабиш Португалиянын Порто шаарында, 8-май 2021-жыл.
Чехиянын премьери Андрей Бабиш Португалиянын Порто шаарында, 8-май 2021-жыл.

Чехиянын премьери шейшембиде жергиликтүү телеканалга берген маегинде, 2009 -жылы офшордук фирмалар аркылуу Франциядан 16 кыймылсыз мүлк сатып алганын мойнуна алып, бирок анда саясатта болбогонун айтты.

"Бул кыймылсыз мүлк риелтордук фирманын сунушу менен алынган. Ал фирма мага адвокат аркылуу сатып алууну сунуштаган. Бул жерде эч кандай мыйзамсыз нерсе жок. Анын үстүнө, 2009 -жылы мен саясатка аралаша элек болчумун", - деди Бабиш.

Падыша Абдалла. 2020-жыл.
Падыша Абдалла. 2020-жыл.

Чет өлкөдөгү мүлкүнүн изин жашырган дагы бир таасирдүү лидер АКШнын жакын өнөктөшү, Иорданиянын падышасы Абдалла. Ал офшордук эсептер аркылуу Улуу Британия менен АКШдагы кымбат баалуу үй-жайга 100 миллион доллардан ашык жумшаганы ашкереленди.

"Тилекке каршы, Иорданияга каршы каралоо өнөктүгү жүрүп жатат. Дагы эле өз ара пикир келишпестикти пайда кылууну каалагандар бар. Эч кимден жашыра турган эч нерсем жок, бирок биз буга да туруштук беребиз жана Иордания биринчи жолу бутага алынган жок" деди падыша Абдалла.

“Пандора кагаздарынан” түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын резиденциясын курган "Ронесанс холдинг" компаниясы да чыкты. Анда холдинг 2014-жылы Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияга 210 миллион доллар которгону айтылат. Ошондой эле 105 миллион доллар кайрымдуулукка жумшаганын бирок анын эсебин ачыкталбай калганын белгилүү болгон.

Көп өтпөй "Ронесанс холдинг" расмий сайтында "жергиликтүү же эл аралык мыйзамдарды бузуп, өлкөдөн чет өлкөгө акча которулган жок" деген билдирүү таратты.

Эл аралык иликтөөчү журналисттердин колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

Иликтөөнүн сайтындагы интерактивдүү карта “Пандора кагаздарында” кыргызстандык кеминде бир саясатчы бардыгын көрсөтөт. Бирок азырынча анын ким экени ачыкка чыга элек.

2016-жылы“Панама барактары” долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG