Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

"Орусия текшерүүнү күчөттү". Казак-орус чек арасында ондогон фура топтолду


Казак-орус чек арасынын "Маштаково" чек ара бекетиндеги оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги. Видео 2023-жылдын 8-июлунда тартылган

Кыргызстандан Орусияга бараткан ондогон жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чек арасында узун кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш он күндөн бери уланып жатканын айдоочулар "Азаттыкка" билдиришти.

Алар узун кезекке орус тараптын бажы текшерүүлөрүн күчөткөнү себеп болгонун айтып жатышат. Жүк ташуучулар ассоциациясы мезгилге жараша кайталанарын эске салып, кыргыз бийлигинен аны чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып жатат. ЕАЭБге кирген өлкөлөр ортосунда чек ара тоскоолдуктары жаралбайт деген келишимге карабай, ал аткарылбай келгенин эксперттер да сындап келет.

Бир нече чакырымга созулган тыгын

Өзүн Харки деп тааныштырган айдоочу "Азаттыкка" бир нече чакырымга аралыкка созулган узун кезекте турган фуралардын сүрөт, видеосун жиберди. Сүрөт 9-июлда, видео 8-июлда тартылганын маалымдады. Алардан жолдун бир тарабында тизилген фуралар турганын жана узундугу бир топко чейин созуларын көрүүгө болот.

Казак-орус чек арасынын "Маштаково" чек ара бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги. 9-июль, 2023-жыл
Казак-орус чек арасынын "Маштаково" чек ара бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги. 9-июль, 2023-жыл

"Бүгүн дагы кезек анча эмес, кечээ айдоочулар кезек 20 чакырымга чейин жеткенин айтып атышты. Азыр дагы азайып калгандагысы. Алдымда турган унаалардын айдоочулары бул жерде 10-12 күндөн бери турабыз деп атышат. Элестетсеңиз, эмне деген шумдук! Анысы аз келгенсип, орус тарап жалпы керектелүүчү товарларды өткөрбөйбүз деп атыптыр. Болбой эле көгөрүп турабыз, башка айла жок", - деди Кыргызстан аркылуу Орусияга товар ташыган Харки.

Ал чек арадагы тыгынга Орусиянын бажы көзөмөлүн күчөткөнү себеп болгонун кошумчалады.

Орусиянын "Маштаково" чек ара бекети аркылуу негизинен күнүмдүк турмушка керектелчү товарлар (кургак сүт, кофе, чай, туз, мурч, томат, өсүмдүк майы, кесменин түрлөрү, ун азыктары, күрүч, гречка, шекер, жасмык жана башкалар) өткөрүлөт. Ал эми Кыргызстан жана башка мамлекеттерден ташылган жашылча, жер-жемиштер Орусиянын аймагына башка бекеттер аркылуу кирет.

Айдоочуларды түйшүккө салган бекет

Харки аттуу айдоочу орус тарап маал-маалы менен ушинтип жүк ташуучуларды түйшүккө саларын айтып берди. Былтыр жайында ал беш күндө жетчү Москвага 22 күн дегенде араң жеткенин эскерди.

"Бул жерде күн аябай ысык, баарыбыз автоунааларды от алдырып коюп турабыз. Жашылча, жер-жемиш ташыгандарды башка бекеттерде эрте эле өткөрүп атышат, биз болсо турабыз. Жалпы керектелүүчү товарларды алып бараткан көп шоопурларды жолдон эле токтотуп, документтерин текшерип кыйнап атат, алар чек арага жетпей да калды. Анык себебин билбейм, ар келген сайын жаңы эрежелер киргизилет. Бизге "маселе жакында чечилбейт" деп айтышыптыр. Эртеби-кечпи өткөрөт дечи, бирок чыдамың түтпөй кетет. Азыр "Маштаководон" өтсөк, 1200 чакырым жүрүп, Москвага кирип барабыз, буга бир сутка убакыт кетет. Өткөн жылы да аябай кыйнашкан, 22-24 күн турганбыз, кааласа тез текшерет, көңүлү келбесе тургузуп коет".

"Маштаково" аркылуу кезек күтүп тургандардын арасында бир гана кыргызстандык эмес, өзбек, казак жана грузиялык оор жүк ташуучулар да бар.

Айдоочулардын айтымында, орус тарап үй тиричилигине керектелүүчү товарларды ташыгандардын машинесин рентгенге салып, керек болсо жүктү жерге түшүртүп, текшергенден кийин кайра салдырып убара тарттырат.

Орусия тарап азырынча тыгын жана текшерүүлөр тууралуу комментарий бере элек.

"Маштаково" бекетинин маалымат кызматы дем алыш күндөрү иштебейт экен.

"Биздикилер аткезчиликке кызыкдар"

Кыргызстандагы жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев бул маселеге кыргыз бийлигинин тиешелүү документтерди өз убагында бүтүрбөгөнү себеп деп эсептейт:

"Орустар да, казактар да бизге катуу талаптарды коюп атат. ЕАЭБдин келишимине ылайык кыргыз тарап электрондук эсеп-фактурасын киргизмек. Андан сырткары электрондук мөөр (пломба) коюлмак, ал транзиттик режимди бузбай товарды жеткирүүгө шарт түзмөк. Ушул документтерди бүтүрүп койсо, ушундай абал болбойт эле. А биздикилер аткезчиликке кызыкдар болуп, киргизбей жатат. Навигациялык мөөр өткөн жылы кириши керек эле, андан кийин ушул жылдын 1-январына жылды. Бирок эмдигиче иштебей турат, мөөр жок, башкасы жок деп иштетпей жатышат".

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык катары биримдикке мүчө мамлекеттер арасында бажы жана чек ара тоскоолдуктары болбой турганы айтылган.

Бирок иш жүзүндө андай болбой, кыргыз-казак жана казак-орус чек арасынан жүк өткөрүү кыйынга учурап, бир нече чакырымга созулган тыгындар байма-бай пайда болуп жатат.

"Маселебиз көпчүлүк учурда чечилбей калат"

Казак-орус чек арасында турган оор жүк ташуучу автоунаалардын кезеги былтыр 19 чакырымга чейин жеткен учурлар болгонун "Сапарман" айдоочулар ассоциациясынын төрагасы Максатбек Дүйшеев айтты.

"Сапарман" айдоочулар ассоциациясынын төрагасы Максатбек Дүйшеев
"Сапарман" айдоочулар ассоциациясынын төрагасы Максатбек Дүйшеев

"2017-жылдан бери эле ушундай. ЕАЭБге киргенден кийин мунун баары токтоп, кирип-чыгуу эркин болот деп айтышкан. Мисалы, азыр биз өтүп аткан чек ара бекеттеринде чек ара башчысына жараша мамиле болот. Кааласа товардын баарын түшүртөт. Жүк салынган автоунаанын ичинде киши баса алгыдай, туурасы 80 сантиметр болгон жол калышы шарт, чек арачы ошо жерден кирип карайт. Кээ бир айдоочуларда ошондой жол калбай атат. Чечилбей калган көп маселе бар. Айрыкча дарбыз-коон, жер-жемиш бышканда тыгын күч алат, айдоочулар күндөп кезек күтүп турушат. Бул маселени кыргыз бийлигине коңгуроо кагып айтып келебиз, алар жыйын өткөрүп, көйгөйлөрүбүздү угат. Бирок көпчүлүк учурда чечилбей калат", - деди Максатбек Дүйшеев.


Анын айтымында, жүктү чек арадан өткөрө албай, тонналаган жашылча-жемиш чирип кеткен учурлар да бир топ.

Мындай учурда жүк ташуучулар товарды жөнөткөн ишкерге кеткен чыгымды төлөп бериши керек. Мындан улам кайра артка кайткандар да болот.

Кыргыз өкмөтү тыгын жана айдоочулардын нааразылыгы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Экономика министрлиги менен байланыша алган жокпуз.

Кыргызстандан эл аралык жүк ташыган беш миңден ашуун айдоочу бар. Айдоочулар бирлигинин билдирүүсүндө, алардын теңинен көбү окуу курстардан өтүп, тийиштүү документтерди кынтыксыз даярдап алышат. Калган 25-30% документтери туура болбогону да чек арадан өтүүдө кошумча машакат жаратууда.

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери анын Орусиядан башка бардык мүчөлөрү ар кайсы платформаларда өз дооматтарын айтып келишет. Маселен, Астана адатта уюм ичиндеги тышкы соодага чектөөлөргө, техникалык регламентке, бажы алымдарынын үлүшүнө, тарифтик саясатка жана башка нерселерге карата нааразы болуп жүргөнү белгилүү.

Кыргызстандын бийлиги чек арадагы жүк ташууларга тоскоолдук жана чектөөлөр тууралуу көп жолу маселе көтөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG