Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Мечитте кармалган мигранттар. Орусияда рейд күчөдү


Москванын Бирюлёв районундагы жашылча кампа комплексинде текшерилип жаткан эмгек мигранттары. 14-октябрь, 2013-жыл.
Москванын Бирюлёв районундагы жашылча кампа комплексинде текшерилип жаткан эмгек мигранттары. 14-октябрь, 2013-жыл.

Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөп, полиция дем алышта аларды мечиттин, тигүү цехтеринин ичинен кармап кетип жаткан видеолор социалдык тармактарда тарады. Аймактарда миңдеген чет элдиктер текшерилгени, алардын көбү миграция мыйзамын бузганы айтылууда. Орус жарандыгы бар айрым адамдарга армияга чакыруу кагазы тапшырылганы да белгилүү болду.

Соңку жумаларда орус басылмаларында жана Телеграм-каналдарда мигранттарга каршы рейддердин жүргүзүлүшүн жактаган макалалар байма-бай жарык көрүүдө.

Дем алышта Курган жана Иванов облустарында жүздөгөн эмгек мигранттарын күч кызматкерлери текшергени, алардын көпчүлүгү Орусияда жүрүү режимин бузганы аныкталганы кабарланды.

Мечитте кармалган мигранттар

"Многонационал" Tелеграм-каналы билдиргендей, 8-сентябрда жума намазга барган мигранттардын документтери, орус жарандыгын алган кишилердин аскердик каттоосу текшерилген. Мечитке баргандар аларды текшерүүгө келген күч түзүмдөрүнүн бул аракеттери мыйзамсыз экенин, диний ибадаттарын аткара албай калганын айтышкан.

Ошол эле күнү Свердлов облусунда да мечитте миңдей чет өлкөлүк тыкыр текшерүүдөн өткөн. "Русская община" Телеграм-каналынын маалыматына ылайык, миңден ашык кишинин документи текшерилген. Кийин аларды полиция кыдырата тизип, аскер комиссариатына алып келген. Анда 33 мигрант жаңы эле орус жарандыгын алганы, аларга армияга чакыруу кагазы тапшырылганы айтылат.

Бирок кармалгандар кайсы өлкөнүн тургундары экени такталган эмес.

10-сентябрда Орусиянын Иванов облусунда Ички иштер министрлигинин атайын кызматы борборазиялык мигранттар иштеген курулуш жана тигүүчү цехтерди тыкыр текшергенин Телеграм-каналдар кабарлады. Анда 600гө жакын чет элдик каралып, миграция мыйзамдарын бузган 220 факты аныкталган.

Тигүү цехтеринде иштегендердин көпчүлүгү өзбекстандыктар экени, алар мыйзамсыз иштеп жүргөнү, айрымдары ошол цехте жашаганы көрсөтүлөт.

"Kийинки мобилизациянын белгилери ачык көрүнүп турат"

Буга чейин бир катар орусиялык маалымат каражаттары саясат таануучу Владимир Лепехиндин сөзүнө таянып, сентябрдын соңунда жарыялана турган ыктымал мобилизация негизинен орус атуулдугуна өткөн мигранттарга багытталышы мүмкүн экенин жазган.

Лепехин 2000-жылдан кийин жарандык алган чет өлкөлүктөргө басым жасоо керектигин айткан.

"Биз түшүндүрө алабыз" долбоорунун журналисттери жеке булактарына таянып, Орусияда мобилизация шайлоодон кийин, башкача айтканда, 20-сентябрда башталышы мүмкүн экенин жазышты.

"Жаран жана армия" укук коргоо уюмунун директору Сергей Кривенко мобилизация жарыяланышы толук ыктымал экенин "Настоящее время" телеканалына берген маегинде айтты:

"Биз бул белгилерди бир жыл бою байкап келебиз. Тактап айтканда, былтыр күзүндө мобилизациянын биринчи толкуну болору менен мыйзамдарда канча таңкыстык бар экенин, аскер комиссариаттары канчалык начар иштегенин белгилеп кетким келет. Бирок бир жыл ичинде орус өкмөтү бул маселелерди чечүү аракетин көрүп жатканын көрдүк. Айрым түзөтүүлөр киргизилди, электрондук чакыруулар кабыл алынып, айып пул көтөрүлдү, бүтүндөй система жөнгө салынууда. Бул, албетте, аскерге чакыруу жана мобилизациялоо боюнча аскер комиссариатынын системасы оңдолуп жатканынын эң маанилүү көрсөткүчү. Башкача айтканда, кийинки мобилизациянын белгилери ачык көрүнүп турат".

Орусияда аймак башчыларын, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүн шайлоо 8-сентябрда башталды. Мыйзамсыз добуш берүү Украинанын Орусия аннексиялап алган аймактарында да уюштурулган. Расмий Киев жана Батыш мамлекеттери бул жараянды "жасалма шайлоо" деп атап, жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

Жарандыктан ажыратуу сунушу

Орусиянын Мамлекеттик Думасында сентябрдан тарта жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору караларын жакында Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирген.

Михаил Матвеев.
Михаил Матвеев.

Буга чейин ал орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса, бул жагдай аларды жарандыктан ажыратууга негиз болорун айткан. Ошондой эле аларды депортациялоону, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн дагы жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Орус мыйзамдарына ылайык, бул өлкөнүн жарандыгын алган, аскерге жараган адам колуна паспорт тийгенден кийин эки аптанын ичинде аскер комиссариаттарына барып каттоого турушу керек.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп, окуп, жашап жүрөт. Айрым булактарга караганда, алардын теңине жакыны бул өлкөнүн жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG