Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Украинадагы уруш: Кремлдин чеңгелине түшкөн мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус полициясы жай башынан бери борбор азиялык мигранттар эмгектенген, жашаган жайларда тинтүү жана текшерүүлөрдү күчөттү.

Мындай рейддер Орусиянын ар кыл аймактарында мигранттарга каршы чакырык менен коштолууда. Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга каршы мыйзамдарды катаалдаштырууну сунуштаса, айрымдары армияда кызмат өтөбөгөн чет элдиктерди жарандыктан ажыратуу демилгесин көтөрдү.

Орус жергесинде мигранттарга каршы маанайдын күчөшүнүн себеби эмнеде? Бул суроого "Биз жана дүйнө" берүүсүндө жооп издедик.

Талкууга Орусиядан укук коргоочу Александр Ким жана 20 жылдай Санкт-Петербургда жашап, кийин АКШга чыгып кетүүгө аргасыз болгон юрист Мирбек Токтошев катышты.

"Азаттык": Александр, сизден баштасак. Июнь айында Орусиянын бардык аймактарында "Нелегал-2023" аталышындагы рейд өткөнү кабарланган. Интернетте полиция чет өлкөлүктөрдү, мигранттарды жапырт кармап жатканы чагылдырылган видеолор тараган. Бул операция алкагында миңдеген мигранттар депортацияланганы маалым болгон. Мигранттарга каршы рейддер, текшерүүлөр ар дайым эле жүргүзүлүп келгени менен бул жолу күчөгөндөй сезилип жатат. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Александр Ким: Менимче, бул жерде бир нече фактор бар. Биринчиден, албетте бул Украинага каршы согушта Орусиянын максаттарынын ишке ашпай жатышы. Бийликке кандайдыр бир жол менен өз натыйжалуулугун көрсөтүү керек болууда. Мына ушундай кырдаалда мигранттар өтө жеңил бутага айланууда. Аларды негизсиз эле кармап, камап, текшерүү менен бийлик эффективдүү иштеп жатканын көрсөткүсү келет.

"Азаттык": Орусияда соңку айларда мигранттарга каршы кайрылуулар көбөйдү. Орусиялыктар президент Путинден, Тергөө комитетинин башчысы Бастрыкинден мигранттарга каршы чара көрүүнү суранып, сырттан келгендер ири шаарларда анклавдарды түзүп алды деп арызданууда. Мындай кайрылуулардын күчөшүнө эмне түрткү болууда?

Александр Ким: Орус калкынын басымдуу бөлүгүнүн ксенофобиялык көз карашы түрткү болууда деген ойдомун. Орусияда ксенофобия ар дайым, алтургай Cоветтер Cоюзунун учурунда дагы болгон. Ал эми азыр бийлик жөн гана жек көрүүчүлүктүн коомчулукка ачык көрсөтүлүшүн чектебей калды. Чындыгында, көп жылдан бери жүрүп аткан мигранттарга каршы пропаганданын натыйжасында коомдо ксенофобия нормалдуу деген пикир калыптанып бараткандай. Ошондой эле орус коомунда миграциялык саясатты чектөө талабы бар.

"Азаттык": Мирбек мырза, сиз жыйырма жыл Орусияда жашагандан кийин Кошмо Штаттарга чыгып кетүүгө аргасыз болуптурсуз. Орусиядагы мигранттарга каршы маанай таасирин тийгиздиби же дагы бир башка себеби барбы?

Мирбек Токтошев: Орусиядан чыгып кетишиме соңку жылдары мигранттарга карата мамиленин кескин өзгөрүшү катуу таасирин тийгизди. Согушка чейин мекендештерге мамиле мынчалык катаал эмес эле.

2021-жылдын ноябрь айынан баштап жөнөкөй биздин мигранттардан негативдүү образ жарата башташты. Ошол маанайды сезип, андан кийин дагы эки-үч терс көрүнүштөрдүн негизинде чыгып кетүүгө туура келди.

Анткени Орусияда укук коргоочу деген кесипти аркалоо чындыгында кыйын болуп калды. Биздин мекендештер ички жана тышкы саясаттын куралы болуп калды. Ички саясат дегеним, жергиликтүү элдин аң-сезимин улуттук сезиминин көтөрүлүшүнө түрткү берүү. Ал эми тышкы саясатта мигрант кайсы мамлекеттен болсо ошол өлкөнүн бийлигине басым жасоо ыкмасы.

"Азаттык": Александр, Орусия жумуш күчүнө муктаж болгонуна карабай борбор азиялык мигранттарга карата ушундай катаал мамиле жасап жатышынын себебин эмнеден көрөсүз?

Александр Ким: Орусиянын элитасында ар кандай фракциялар жана топтор бар экенин эске алуу керек. Алардын айрымдары Борбор Азиядан жумушчу күчү келишин жактайт. Ошентсе да орус элитасы мигранттардын мыйзамда жазылган бардык укуктарын толук колдонуусуна кайсы бир деңгээлде кызыкдар эмес. Экинчиден, мен буга чейин айтып кеткендей, Орусияда ксенофобиялык, улутчул маанай күч жана орус коомунда мигранттарды чектөө талабы бар. Мындан улам бийлик улутчул көз караштагы катмардын жетегинде бараткандай.

Мирбек Токтошев: Бул тышкы саясий басымдын уландысы деп эсептейм. "Ооба, бизге жумушчу күч жетишпейт, бирок, маселен, согушту жактасаңар, силерге андан дагы жакшы шарттарды түзүп беребиз" деген татуу токоч менен алдап, камчы менен чабуу саясаты.

"Азаттык": Александр, айрым эксперттердин пикиринде, мигранттарга каршы өнөктүк Орусияда ички душманды издөө сыяктуу баарын бириктирген бир курал катары колдонулушу ыктымал. Сиз бул ойго канчалык кошуласыз?

Александр Ким: Ооба, анткени Орусияда акыркы учурда нацисттик топтордун консолидациясы болуп жаткандай сезилет. Алар ачык чыга баштады. Андан тышкары жогорку деңгээлдеги аткаминерлер, орус элитасынын өкүлдөрү, маселен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кабанов сыяктуулар улутчул экенин жашырбай, өз ойлорун ачык жарыялап жатат жана бул эч кимдин кылын кыйшайткан жок.

"Азаттык": Александр, Орусияда бийлик мигранттарга каршы түрдүү чараларды караштырып жатат. Сиз буга чейин мындай кадамдар бир гана мигранттар үчүн эмес, орус коому үчүн да коркунучтуу экенин айтканыңыз бар. Түшүндүрө кетесизби, эмнеге?

Александр Ким: Негизинен, Орусияда адатта мигранттарга чаралардын баарын текшерип, сыноодон өткөрүп көргөндөн кийин ал ыкмаларды орусиялыктарга колдонушат. Соңку кадамдарды алсак, башында Орусиянын жаңы жарандарына же мурдагы чет өлкөлүк мигранттарга гана чектөөлөрдү киргизүү тууралуу сөздөр болгон. Эми кандайдыр бир мыйзам бузуулар, анын ичинде армияны дискредитициялоо үчүн баарын жазалоо сунушу айтыла баштады.

"Азаттык": Александр, депутаттардын сунуштарынын ишке ашып калуу ыктымалдуулугу канчалык жогору? Же бул жөн гана алардын популисттик билдирүүлөрүбү?

Александр Ким: Билесиңерби, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрүнүн аракеттери кандай уланарын так айтуу кыйын. Адатта мурда мындай билдирүүлөр шайлоо алдында популисттик максатта айтылып келчү. Жакында эле шайлоо өтпөдүбү, эми көрөбүз, эгерде бул риторика азайса, демек, бул добуш алуу максатында жасалган. Ал эми андай болбосо, бул сунуштар мыйзамдашып калышы мүмкүн. Муну сегрегация деп атасак болот. Менимче, азыр Орусияда апартеид режими түзүлүп бараткандай.

"Азаттык": Мирбек мырза, сиз буга чейин түрмөдөн Украинадагы согушка тартылып кеткен айрым кыргызстандыктардын жактоочусу болуптурсуз. Орус паспорту бар кыргызстандыктарды согушка тартуу канчалык ыктымал? Алар кандай жол менен согушка барбай калса болот?

Мирбек Токтошев: Бул кысымдын негизги максаты бар. Учурда согушка адамдар жетпей жатканы көрүнүп турат. Кош жарандуулукка ээ, тактап айтканда Орусиянын жана Кыргызстандын жарандыгын алган мекендештерибиз Орусия үчүн алардын гана атуулу болуп саналат. Эгерде ал жарандын согушка барбайм деген ниети болсо Орусиядан чыгып кетиши керек.

"Азаттык": Александр, эксперттер мобилизациянын жаңы толкуну мигранттарды согушка тартууга багытталышы мүмкүн деп болжоп жатышат. Британиянын чалгын кызматы да бул тууралуу маалымат таратты. Сиз буга кошуласызбы?

Александр Ким: Кеп согушка учурдагы мигранттарды эмес, мурдагы чет өлкөлүк мигранттар жөнүндө болушу мүмкүн. Бул жакында эле Орусиянын жарандыгына өткөн кыргызстандыктар же башка борбор азиялыктар. Ооба, мындай ыктымалдуулук жогору. Мунун баары Украинадагы согушта мигранттарды окко салып салып берүүнү көздөгөн Орусиянын бийлигинин жана орус коомунун талаптарына жооп берет.

"Азаттык": Согушка барбоо, болжолдуу мобилизацияга кабылбоонун кандай жолдорун сунуштайсыз?

Александр Ким: Орусиянын жарандыгы жоктор өлкөдөн чыгып кетип, согуш бүткүчө эмес, режим алмашмайынча, Орусиянын башында демократиялык бийлик келмейинче кайра кайтпашы керек.

Ал эми Орусиянын жарандыгын алгандарга альтернативдүү кызмат өтөө жолдору бар. Бирок бул армияда кызмат өтөөгө гана байланыштуу. Ал эми жалпы мобилизацияны алганда ал кандай ишке ашарын билбейм. Жакын арада мобилизация болушу мүмкүн деген сезим бар, анткени Орусиянын согушту ниети жок.

"Азаттык": Рахмат, талкууга катышып бергениңерге!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG