Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Жаш кадрлар агымга каршы сүзө албады


Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков.
Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков.

Кийинки жылдары өкмөт курамында, жогорку кызмат орундарында жаш кадрлар көбөйгөнү менен айрымдары көп узабай эле чуулгандуу иштерге байланыштуу кызматтан кетип жатат.

Айрым саясат талдоочулар жаш кадрлар коррупциялашкан системанын курмандыгына айланып, коомчулуктун жаштарга карата ишеними азайып баратканын айтышууда.

Буга далил катары алар Бишкек ЖЭБинин чуусу менен кызматтан алынган "Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси Айбек Калиевди мисал келтиришет. Жаш аткаминердин чуулгандуу иштерде аты аталып жатканы мамлекеттик кызматтагы жаштарга карата сынды күчөттү.

Журналист Кубан Абдымендин байкоосунда, мамлекеттик кызматтарга барган айрым жаштар эл күткөн ишенимди актай албай жатат.

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

- Элдин "жаштар келди" деген ишеничин актабай кетишти. Азыр бир топ жаш кадрлар кызматтан кетип жатканынын себеби - биринчиден, алардын ошол кызматка кандай жол менен келгени күмөн туудурат. Экинчиден, тажрыйбасынын жоктугунан улам бир топ мыйзамдарды одоно бузушту.

Ал эми экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун пикиринде, акыркы 10-15 жылдагы саясий система өз пикири бар, билимине таянган жаштарды сыртта калтырып, кайсы бир саясий топтун сөзүнөн чыкпаган, тил алчаак кадрлардын өсүшүнө жол ачты.

- Тапшырма аткаруучу гана типтеги балдар пайда болду. Азыркы заманда өз күчү менен ийгиликти багындыруу кыйындап, кошоматчылык, "бирөөнүн колуна суу куюп өсүү" сыяктуу терс идеология пайда болду. Азыр биз бийликтин бийик серелеринен ошондой жаштарды көрүп жатабыз. Алар курмандык болуп жатышат жана ага өздөрү макул экенин белгилей кетүү керек.

Эксперттер талдайт: Өкмөт кадрдык кризиске кептелдиби? 13-март, 2018-жыл

"Жаштар идеяга бай, улуу муундун тажрыйбасы кенен"

“Замандаш” партиясынын жетекчиси Жеңиш Молдокматовдун оюнда, жаштарга болгон коомчулуктун ишеничинен сырткары, мындай көрүнүштөрдөн улам жаш адистер мамлекеттик кызматка баруудан да чочулап калышты. Молдокматов система оңолмоюнча, жаштар курал болуп калган учурлар азайбайт деген пикирде.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Бул иштеген жаштардын өзүнөн көз каранды жана системанын да кемчилиги. Азыр илгертен келаткан мамлекеттик кызматкерлер жаштарды салып берип жатышат. Ошол эле ЖЭБ боюнча жалаң эле Калиев күнөөлүү эмес. Ал жакта жооп берчү адамдар толтура. Ошол эле министрдин орун басары болгон Максат Чакиевди мисал кылсак болот. Эми жаштар мамлекеттик кызматка бараарда ойлонуп калды.

Анткен менен саясий акцияларга байма-бай катышып жүргөн журналист Дайырбек Орунбеков акыркы убакта болуп жаткан окуяларды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Анын баамында, эртең саясий элита алмашуу мезгилинде коомчулук жаштарды өзү иргеп алат.

- Акыркы учурдагы Калиев, Исаков сыяктуу чуулгандуу иштер же аткарылбай жаткан долбоорлордогу жаштар менен катар эле Жанар Акаев сыяктуу мыкты азаматтар деле чыгып атпайбы. Андыктан бир жактуу айтуу болбойт го?..

Кезинде "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон Жамин Акималиевдин көз карашында, мамлекеттик кызматтагы кадрдын иши жаш курагына байланыштуу бааланбашы керек. "Жаш кадр" деген түшүнүк өлкө эгемендик алгандан кийин көбүрөөк айтыла баштады. Акималиев бул көрүнүштү өлкөдөгү жалпы эле кадрдык кризис катары баалап, мында адамдын жаш курагынын тиешеси жок деп эсептейт.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Ушундай жарга такалдык. Жалаң эле жаштарга же карыларга басым жасаган туура эмес. Аралаш саясат жүргүзүш керек. Жаштар идеяга бай, улуу муундун тажрыйбасы кенен.

Азыр Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн түзүлгөнүнө жарым жылдай болуп калды. "Жаштар" жана "технократтык" деп мүнөздөлгөн бул өкмөттүн бир топ кадрлары жыл айланбай жатып кызматтан кетти.

"Азаттыктын" архиви: Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы, 7-апрель, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG