Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Ооганстанда молдо Барадар "жоголду"


Абдул Гани Барадар.
Абдул Гани Барадар.

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) Дохадагы саясий кеңсесинин мурдагы жетекчиси молдо Абдул Гани Барадардын өлүмү тууралуу маалыматтарды четке какты.

Кыймылдын маалымат катчысы Сухайл Шахин Барадар соңку учурда тарап кеткен имиштерди четке каккан аудио билдирүү жөнөткөнүн айтты.

“Ал мунун баары жалган жана негизсиз экенин айтты”,- деп көрсөтүлгөн Шахиндин билдирүүсүндө.

“Талибан” молдо Абдул Гани Барадар жакында Кабулдан Кандагарга кеткенин баяндаган каттын сүрөтүн да жарыялады. Кыймылдын өкүлдөрү аларда эч кандай ички карама-каршылык жок экенин айтууда.

Талибдердин соңку актануулары Барадардын тагдыры тууралуу шектенүүлөрдү дагы күчөттү.

Анткени “Талибандын” жүзү катары эл аралык коомчулукка таанылган Барадардын ички жаңжалда ок жаңылып жараат алганы, атүгүл каза тапканы тууралуу кабарлар акыркы бир нече күндөн бери тарап жаткан.

Булактардын кабарлашынча, ал өкмөттө бийлик бөлүштүрүүдөн улам чыккан чырда “Хаккани” кыймылынын өкүлү Халил Рахман Хаккани менен чатакташа кеткен.

Молдо Барадар соңку бир нече күндөн бери эл алдынча чыга элек. Ал 12-сентябрда Кабулга сапар менен келген Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман Ал-Тани менен жолуккан делегациянын курамында да көрүнгөн жок.

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) Барадар Кандагарда жүргөнү тууралуу видео тасманы да жарыялады. Бирок анда молдо экени айтылган адамдын сөлөкөтү аркасынан гана көрүнөт.

“Азаттыктын” ооган кызматынын журналисттери тасмадагы адам Барадарга окшош эмес экенин айтышууда.

54 жаштагы молдо Барадар “Талибан” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2010-жылы АКШ менен Пакистандын чалгын кызматтарынын операциясынын алкагында Карачиде кармалган. Барадар сегиз жыл Пакистандын түрмөсүндө отургандан кийин эркиндикке чыккан. Мындан кийин "Талибандын" Дохадагы саясий кеңсесин жетектеп, талибдердин атынан эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан.

2020-жылдын башында Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотууга багытталган АКШ менен түзүлгөн келишимге кол койгон.

Быйыл августта эл аралык коалициянын аскерлери Ооганстандан чыгып жатканда бийликти басып алган Абдул Гани Барадар "Талибандын" атынан бир катар убадаларды берген:

«Эми биз улутубузга кызмат кылып, коопсуздугун сактап, келечекте тынч жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кандай иштей турганыбызды далилдей турган мезгил келди», - деп билдирген.

Мындан соң молдо Барадар талибдердин өкмөтүн жетектей турганы айтылып жаткан. Бирок 7-сентябрда түзүлгөн өткөөл өкмөттө Барадар вице-премьерлик кызматты гана ээледи. Ал кайсы бир тармакка жооптуу болгон министрликти да жетектеген жок.

Өкмөт башчылыкка талибдердин башкаруу кеңешин жетектеген Мухамед Хасан Ахунд келсе, “Талибандын” жетекчиси Хайбатулла Ахундзада жогорку лидер деп аталган.

Айтмакчы, жогорку лидер делген Ахундзада талибдер Кабулду ээлегенден бери эл алдында чыга элек. Өткөн аптада өкмөттүн түзүлгөнү тууралуу анын атынан жазуу түрүндө гана билдирүү таратылды. Мындай кырдаалда Хайбатулла Ахундзада да каза болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

"Талибандын" эки лидеринин тагдырынын беймаалым болушу кыймылдын негиздөөчүсү молдо Омордун окуясын эске салды. Ал 2013-жылы бул дүйнө менен кош айтышканын жашырган талибдер эки жыл бою анын атынан билдирүүлөрдү таратып жүрүшкөн.

2015-жылы ал кездеги ооган өкмөтү молдо Омордун өлгөнүн жарыялагандан кийин гана "Талибан" аны моюнуна алган.

Кыймылдын негиздөөчүсүнүн өлүмү ал кезде Дохада жашап, саясий диалогду жактаган Барадардын жана Ооганстанда куралдуу күрөштү колдогон «Хаккани агымына» кирген талибдердин ортосундагы карама-каршылыгын күчөткөн.

Эми талибдер козголоңчул куралдуу топтон өлкөнү башкаруучу өкмөттү түзүүгө аракет кылып жаткан учурда ички карама-каршылыктар сыноо болгону жатат.

"Талибандын" акыркы ийгилигине молдо Барадар жактаган саясий сүйлөшүүлөр же өлкө ичиндеги куралдуу топтордун көбүрөөк салымы болдубу деген суроо турат. Ушу тапта ар бир топ өз мүчөлөрүн сүрөп, көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын Ооганстандагы кырдаалдан кабары бар адистер айтышууда.

Эксперттер мындай учурда "Талибан" ички биримдикти сактап калабы же жаат-жаат болуп чатакташабы деген суроо салышууда.

Токио университетинин профессору, Ооганстан боюнча адис Масато Тория учурда Ооганстанда бийликке келген келген талибдердин тажрыйбасы жоктугунан, бир пикирге келе алышпаганынан улам жарандык согуш тутанышы мүмкүн экенин четке какпайт.

"Ооганстанда абал жаңы жарандык согушка жакындап калганын четке кагууга болбойт", - дейт адис.

Исламчыл кыймыл 15-августта борбор калаа Кабулду басып алгандан кийин Ооганстандагы бийлик системасын кандай алып барат деп дүйнө өлкөлөрү көз салып турат.

Талибдер 20 жыл мурдагыдан кыйла өзгөргөнүн, бул жолу байистүү идеяларды колдой турганын убада кылган. Бирок акыркы күндөрү талибдер башкарган бийлик адам укуктарына доо келтирген чечимдерди кабыл алып, мурдагы өкмөт учурунда иштегендерди өлтүрүүгө чейин барган жоруктары тууралуу байма-бай кабарлар жарыяланууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG