Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

"Баарын текшеребиз". Өкмөт кооптуу үйлөрдү бузмай болду


Бишкек.
Бишкек.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун курулуп жаткан жана жаңы курулган кабат үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу төрт ай ичинде текшерилип чыгары жана жараксызы аныкталса, бузулары тууралуу билдирүүсү коомчулукта талкууга алынып, бир топ суроо жаратууда.

Түркиядагы он миңдеген адамдын өмүрүн кыйган зилзаладан кийин Кыргызстанда да көңүл борборуна чыккан бул маселеден улам “Азаттык” мамлекеттик органдардын жана көз каранды эмес адистердин өлкөдө курулуп жаткан үйлөрдүн коопсуздугу жана өкмөттүн планы тууралуу пикирин угуп көрдү.

Курулуштарды текшерип чыгуу тапшырмасы берилгенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

“Бардык курулуштарды текшерип чыгабыз. “Кашкаров балкасы” деген бар. Ошону менен бетондун бекемдигин текшерсек болот. Ал арзан эле экен, бирок Экотехкоопсуздук мекемеси да, мамлекеттик курулуш мекемеси да албай жүрүптүр. Ошону сатып алганга буюртма бердик, атайын рентген аппараттарды… Ал аппараттар бетондун ичинде боштук жокпу же барбы аныктайт. Баарын текшерип чыгабыз. Эгер кайсы бир жерди бекемдөө керек болсо, куруучуларды 10-15 жыл мурда курган болсо да таап чыгабыз, бекемдеттиребиз. Бир квартал ичинде ошол жумушту аягына чыгарабыз. Ал эми азыркы курулуп жаткан үйлөрдүн баарын катуу көзөмөлгө алабыз. Элдин коопсуздугуна коркунуч жараткан болсо, биз андай үйлөрдүн баарын бузабыз. Эчтекесине карабайбыз, бузабыз”.

"Жер титиресе туруштук бере алабы?" деген кооптонуу жана "Ким жооптуу болот?" деген суроо негизинен соңку жылдары салынып жаткан үйлөргө байланыштуу айтылып келет.


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу ириде үй салына турган жердин кыртышы текшерилип, сейсмикалык туруштук нормалары ошого жараша аныкталарын жана негизги жоопкерчилик курулуш компаниясында экенин айтууда:

“Архитектурадан макулдашылгандан кийин шаардык курулуш кеңешинин корутундусу чыгат. Андан кийин Мамлекеттик корутунду департаменти бар, ал жерде 15 эксперт отурат. Жер кыртышына жараша конструкция, арматура, бетон боюнча эсеп чыккандан кийин курулуш иштери башталат. Көзөмөлдү курулуш компаниясынын техникалык көзөмөлү, долбоорду чийип эсептеп чыккан автордук көзөмөл жана мамлекеттик көзөмөл мекемеси жүргүзөт. Чечимди бир эле эмес, үч-төрт киши кабыл алат. Элде "мамлекет көзөмөлдөйт, курулуш компанияларында эч кандай жоопкерчилик жок" деген ой бар. Эң биринчи жоопкерчиликти курулуш компаниясы алат. Себеби, ошолор салып, акчасын алып, элге сатууда. Биз мамлекеттик көзөмөлбүз, эч кандай акы төлөнүүчү кызмат көрсөтпөйбүз. Техникалык жана автордук көзөмөл ишин туура жүргүзүп жатабы, ошону тастыктайбыз. Ал эми Түркиянын жер кыртышы менен биздикин салыштырып кереги жок. Андай жер титирөө Кыргызстанда болбойт. Биздин климатыбыз башка. Түркияга барып келген адистер ал жерде курулуш нормалары сакталбаганын айтып келет. Бизде арматуранын диаметри эң аз дегенде 18ден башталат. Алардыкы 8-10 менен салыныптыр, балка менен чапса бычырап жатат”.

Жаңы үйлөрдүн коопсуздугу боюнча маселе буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп, бийлик талаптар күчөтүлөрүн, тийиштүү мыйзамдар иштелип чыгарын айтып келген.


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев азыркы тапта парламентте курулуш тармагына байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууда жок экенин билдирди.

Депутаттын айтымында, азыркы мыйзамдар боюнча курулуштун сапаты үчүн жаза чарасы “өтө жумшак”.

“Себеби, ошол эле Бузуулар жөнүндө кодексти карасак, үйдү салып жатканда сейсмикалык талапты жакшы аткарбагандарга айып пул салынат экен. 50 миң сомго чейин. Бул өтө аз. Андай үйлөр жер титиресе сөзсүз кулайт. Ал эми Кылмыш-жаза кодексиндеги “Сапаты начар курулуш” деген 273-берененин айып пулу 100-200 миң эле сом. Болду, андан башка жоопкерчилик каралган эмес. Бул өтө жумшак мыйзам”.

Бекешев жоопкерчиликти күчөтө турган тийиштүү мыйзам долбоорун даярдап жатканын, кийинки аптада сунуш кыларын кошумчалады.

Ал арада өкмөттүн курулуштардын сапатын текшерүү убадасы канчалык реалдуу деген күмөн саноо да бар.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков аны аткаруу мүмкүн эмес деген пикирде:

“Ичинде кандай арматура бар, “ванналык” ширетүү болдубу же жөн эле ширетип койдубу, анын баары курулуш учурунда гана текшерилет. Курулуп калгандан кийинкини текшеребиз деген жеңил айтылган сөз болуп калды. Азыр 300дөн ашык көп кабаттуу үй курулуп жатат, аларды текшерүү үчүн канча мамлекеттик инспектор керек. Мен иштеп турганда ал мекемеде 60 киши иштечү. Ошолор араң жетишчү. Азыр 12дей эле киши иштейт экен. Алар ар бир объекте барып, бетон куяр алдында акт түзүп тура алабы? Түркиядагыдай бизде болбойт деген да жеңил айтылган сөз. Биздин тарыхта Ысык-Ата тектоникалык жаракасы кыймылдай баштаганда катуу жер титирөөлөр болгон. Курулуш компаниясы гана жооптуу деген көз караш да чоң ката. Себеби, мамлекет көзөмөл жүргүзүүчү орган түзүп, өзүнө милдеттенме алган. Актыга төрт тараптын колу коюлат. Жоопкерчилик курулуш компаниясында болсо, анда көзөмөлдөөчү мекеменин эмне кереги бар?”.


Адистердин айтымында, Кыргызстанда жердин кыртышына жараша сейсмикалык эсептин эң жогорку чеги деп 9 балл деп аныкталган.

"Жер титиресе туруштук бере алабы?" деген кооптонуу негизинен “Ысык-Ата жаракасы” деген аталышка ээ болгон, Токмоктон Жайыл районунун Сосновка айылына чейинки тереңдиги 20, узундугу 150 чакырымдык аралыкка байланыштуу айтылып келет. Бул тилке Бишкектин түштүк чеги аркылуу өтөт. Дал ошол аймакта ушу тапта 24 курулуш жүрүп жатат.

Бишкекте жарака шаар четинен өтсө, Ошто борбордук бөлүгүнөн өтөт. Бул шаарда да кийинки убакта кабат үйлөр көп салына баштады.

Кыргызстандын тарыхындагы адам өмүрү кыйылган эң катуу зилзала деп 1911-жылы Кеминде болгон жер титирөөнү атап келет. Бул кырсык дүйнөлүк деңгээлде да эң коркунучтуу окуялардын катарына кирген. Күчү 10-11 баллга жеткен зилзалада 500 жүздөн ашуун адам каза болгон, бирок анда калктын да саны аз болчу. 2008-жылы октябрда Алайдын Нура айылында сегиз балга жеткен жер титирөө 75 адамдын өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG