Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Нобел-2021: Климат, качкындар жана сөз эркиндиги


Бул жумада абройлуу Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Нобел сыйлыгы жыл сайын физика, химия, медицина, адабият жана экономика тармагындагы ачылыштар, табылгаларга тапшырылып келет. Андан тышкары, “Тынчтык” номинациясы дагы бар.

Нобелдин быйылкы лауреаттары 2021-жылдын 4-октябрынан 11-октябрына чейин белгилүү болот. Сыйлык ээлерине алтын медал жана 1 млн. доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.

Нобел жумалыгы медицина тармагындагы ачылыш үчүн сыйлык тапшыруудан башталды. 4-октябрда “дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча жасаган илимий ачылышы үчүн” америкалык Дэвид Жулиус менен ливандык Ардем Патапутиан Нобел сыйлыгына арзышты. Бул окумуштуулардын ачылышына чейин нейробиология үчүн жылуулук, муздактык жана тийүү нерв системасында кантип сигнал чакырары белгисиз болчу. Эми бул ачылыштын негизинде жасала баштаган изилдөөлөр бир катар ооруларды дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга жол ачат.

2021-жылы физика боюнча Нобел сыйлыгын “Жердин физикалык модели, вариациялардын сандык анализи жана глобалдык жылуунун ишенимдүү прогнозу үчүн” жапониялык окумуштуу Сюкуро Манабэ менен немис окумуштуусу Клаус Хассельманн жана “атомдуктан планетардык көлөмдөргө чейинки физикалык системалардагы иретсиздик менен флуктациянын өз ара аракетинин ачылышы” үчүн италиялык окумуштуу Жоржо Паризи алды. Сыйлык ээлери 5-октябрда белгилүү болду.

Бул ачылыштардын баары Жердеги климатка жана анын өзгөрүшүнө байланыштуу. Нобел лауреаттарын аныктаган атайын комитет бул ирет климаттык өзгөрүүлөр боюнча олуттуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштууларды тандаганы да бекеринен эмес.

“Бул жылдагы ачылыштар биздин климат боюнча билимибиз бир гана илимге негизделерин көрсөттү”, - дейт физика боюнча Нобел комитетинин өкүлү Торс Ханс Ханссон.

Ал эми химия боюнча быйылкы Нобел лауреаттары болуп немис окумуштуусу Бенжамин Лист жана америкалык Дэвид Макмиллан табылды.

Сыйлык окумуштууларга "асимметрикалык органикалык катализаторлорду өнүктүргөнү үчүн" 6-октябрда тапшырылды. Асимметрикалык органикалык катализаторлор – эки окумуштуунун жаңы табылгасы. Алар органикалык курамында көмүртек, суутек жана күкүрт камтылган элементтер болуп саналат. Алар химиялык реакциялардын ылдамдыгын тездетет. Бул ачылышка чейин химияда эки гана катализатор – металл жана ферменттер белгилүү болчу.

Органокатализ 2000-жылдан бери болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүгүп келе жатат. Бенжамин Лист менен Дэвид Макмиллан бул тармакта лидер бойдон калууда. Алардын ачылышын колдонуп, эми изилдөөчүлөр жаңы дары-дармектерди, күн элементтеринен жарык алуучу молекулаларды жасай алышат.

Адабият боюнча быйылкы Нобел ээси 7-октябрда жарыяланды. Сыйлык бул ирет танзаниялык жазуучу Абдулразак Гурнага тапшырылды. Нобел жазуучуга “колониализмдин кесепеттерине жана маданияттардын, континенттердин арасындагы ажырымды, андагы качкындардын тагдырын терең сезип, кайгысын тең бөлүшө алганы үчүн” ыйгарылды.

Реализм жанрында иштеген жазуучу 1948-жылы Занзибар аралында туулуп, 60-жылдардын аягында Англияга качкын катары келген. Ондогон роман, аңгемелердин автору чыгармаларында качкындардын тагдырларын баяндайт.

Нобел сыйлыгынын тынчтык боюнча ээлери жума күнү, 8-октябрлда аныкталды. Бул сыйлык кимге тапшырылары буга чейин кызуу талкууланып келген. Тынчтык номинациясына татыктуу делгендердин арасында Беларустун оппозиялык саясатчысы Светлана Тихоновская, орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный жана швед экоактивисти Грета Тунберг да бар болчу.

Бирок бул ирет норвегиялык Нобел комитети “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзө турган сөз эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” аталган номинацияны орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага тапшырды.

“Сөз эркиндигисиз жана эркин медиасыз биз эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, куралдуу күчтөрдү кыскартууга жана тынчтыкты орнотууга жетише албайбыз”, - деп айтылат Комитет тараткан билдирүүдө.

Ал эми Нобелдин экономика боюнча сыйлыгынын ээси 11-октябрда белгилүү болот. Сыйлык Швецияда тапшырылат.

1895-жылы каза болгон швед ойлоп табуучусу Альфред Нобелдин керезинин негизинде пайда болгон бул абройлуу сыйлыкка жыл сайын дүйнө жүзүнөн миңдеген академия мүчөлөрү, университет профессорлору, окумуштуулары көрсөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG