Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Киев Батыштан согуштук учактарды күтүп жатат


Украиндер F-16ны башкарууну үйрөнө баштаганы, бирок аларды оңдоо үчүн инженерлер менен механиктерди даярдоо алты ай же андан көп убакытка созулушу мүмкүн экени кабарланды
Украиндер F-16ны башкарууну үйрөнө баштаганы, бирок аларды оңдоо үчүн инженерлер менен механиктерди даярдоо алты ай же андан көп убакытка созулушу мүмкүн экени кабарланды

Орус армиясынын 19-августтун таңындагы чабуулдарынан Украинанын Чернигов шаарында жети киши каза тапты, арасында алты жаштагы бала да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, шаар баллистикалык ракета менен аткыланганы айтылууда. Шаарда 19-21 августка чейин аза күтүү күнү жарыяланды.

Буга чейин Украинанын Аскер-аба күчтөрү Чернигов, Полтава, Сумы облустарына ракеталык чабуул болушу ыктымалдыгын эскерткен. БУУнун Украинадагы гуманитардык жардам боюнча координатору Дениз Браун калктуу конуштарды бутага алган Орусиянын соккуларын айыптады. Жекшембиде Москвага жасалган дрон чабуулунан Внуково жана Домодедово аэропортторунун иши убактылуу токтотулганы кабарланды.

“Алты жаштагы Сафия чарчап калды”

Украинанын түндүгүндөгү Чернигов шаарынын борбордук аянтына ишемби күнү эртең менен жасалган ракеталык соккудан жабыркагандардын саны 148ге жетти. Каза тапкан жети кишинин арасында алты жаштагы бала да бар.

Облустук администрациянын маалыматында 40тан ашуун киши оор абалда ооруканада жатат. Алган жараатынан башы-көзү таңылган аял чабуул жасалган маалда жумушта болгонун, заматта баары чакчалекей түшүп калганын айтып берди.

"Мен жумушта болчумун. Бир убакта жарылуу болуп, башыма оор нерсе тийди. Жанымда курбум бар эле. Беш мүнөткө эле иш менен келген. Ал болбосо мен аман калат белем, билбейм. Курбум мени сүйрөп чыкты. Заматта имаратта өрт чыкты. Жүрөгүм түштү. Курбумду мага кудай жибергендей эле туюлду".

Жергиликтүү бийликтин маалыматында шаарда 500дөн ашык турак жай жабыркады. Үрөй учурган чабуулдан кийин борбордук аянттагы театрдын маңдайында жер канга боёлуп, тегеректеги дүкөн- имараттар, үйлөрдүн эшиктери талкаланып, айнектери күбүлүп түштү.

Украинанын Ички иштер министрлигинын билдиришинче, ракета түшкөн маалда эл диний майрамды белгилеп, чиркөөнү көздөй бараткан.

Жараат алгандар арасында 15 полиция кызматкери жана 15 бала бар. БУУнун Украиндагы гуманитардык жардам боюнча координатору Дениз Браун калктуу конуштарды бутага алган Орусиянын соккуларын айыптады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соккудан каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

“Бүгүн көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Орусиянын Украинага, биздин Черниговго жасаган кыянат чабуулун айыпташты. Мен бул окуяга кайдыгер карабай, элге көңүл айткан дүйнөдөгү ар бир адамга ыраазычылык билдирем. Черниговдо мерт болгондордун арасында кичинекей Сафия да бар эле, ал болгону алты жашта болчу... Мен каза тапкандардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөм. Ракета шаардын так борборуна түштү. Ал учурда православдардын майрамы белгиленип жаткан”.

Чернигов сокуудан кийин
Чернигов сокуудан кийин

Москва Украинага жасалган соккулар тууралуу билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Москвада аэропорттор ишин убактылуу токтотту

Дрон чабуулуна байланыштуу Моквадагы аэропорттордун иши бир нече ирет үзгүлтүккө учурады.

Жекшембиде Москвага жасалган дрон чабуулунан Внуково жана Домодедово аэропортторунун иши убактылуу токтотулганы кабарланды. Шаар мэри Сергей Собянин 20-августта таңга жуук Твиттердеги баракчасына Абадан коргонуу күчтөрү шаарды көздөй багытталган дронду зыянсыздандырганын билдирди. Соңку апталарда Моквадагы аэропорттордун иши бир нече ирет үзгүлтүккө учурады.

30-июлда “Москва-Сити” комплексинин бийик имаратына дрон тийгенден кийин Внуково аэропорту жабылган. 6-августта да ал кыска убакытка ишин токтоткон.

20-августта Курск облусунун губернатору да украин учкучсуз учагы Курск темир жол вокзалынын айнек чатырына тийип, анча чоң эмес өрт чыгып, беш киши жараат алганын кабарлады.

Дагы бир дрон чабуулу Орусиянын түштүгүндөгү Ростов облусунда болду.

Расмий тараптар соккунун мизи электрондук жабдуулардын жардамы менен кайтарылганын билдирди.

Ал эми украин армиясы 20-августта Орусия тараптан соңку бир сутка ичинде беш ракеталык жана 61 авиасокку жасалганын, андан жай тургундар каза болуп, жарат алганын кабарлады.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

"Грипен" согуштук учагы

Украин учкучтары Швециядан чыккан "Грипен" (Gripen) согуштук учактарын сынай баштады.

19-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский Швецияга барды. Бул - анын согуш башталганы бул өлкөгө жасаган алгачкы сапары. 17-августта швед парламенти Украинага 270 миллион евролук жардам топтомун берүүнү жактырган. Киев ок-дары, тетик, жүк машиналарын жана минаны зыянсыздандыруучу жабдууларды алары күтүлүүдө.

Зеленский Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен Стокгольмдогу маалымат жыйынында украин учкучтары Швециядан чыккан "Грипен" (Gripen) кыргын салуучу учактарын сынай баштаганын билдирди.

"Асманда биздин артыкчылыгыбыз жок. Биздин заманбап учактарыбыз жок. "Грипен" - сиздердин мамлекеттин сыймыгы. Мен премьер-министр ушул сыймыгын Украина менен бөлүшсө деп эсептейм. Биз дагы муну менен абдан сыймыктанмакпыз".

Мындан тышкары Зеленский өз ара сүйлөшүүлөрдө Швециянын CV-90 согуштук унаасын Украинанын аймагында биргелешип чыгаруу талкууланганын айтып, бул процессти тездетүү үчүн бардык аракеттер жасаларын белгиледи. Кристерссон "Грипен" тууралуу кеп кылган жок, бирок Орусиянын ишемби күнкү Черниговго жасаган чабуулун айыптады.

Зеленский 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын аларын жарыялады

Украин президенти Владимир Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын 20-августта Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин билдирди.

Ал аба мейкиндигин коргоо үчүн дагы бир кадам жасалып жатканын, бул согуштук учактар орус күчтөрүн Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берерин белгиледи. Зеленский Нидерланддын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйында Черниговдо ишембиде болгон чабуулга токтолду.

Рютте малымат жыйында Нидерланд менен Дания ортодогу бардык шарттар аткарылганда согуштук учактар берилерин айтып, ал качан ишке ашарын тактаган жок.

Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүсүн талап кылып келет.

Август айында Вашингтон украин учкучтарын F-16 согуштук учагында машыгууга макулдук берген. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG