Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Москва: элчилик алдында кезек узарды


Москвадагы кыргыз элчилиги, 14-май, 2020-жыл
Москвадагы кыргыз элчилиги, 14-май, 2020-жыл

Москвадагы кыргызстандыктар консулдуктан керектүү документтерди өз маалында ала албай, эки-үч күн кезек күтүп турганына нааразы.

Москвада иштеген Акбаралы Камбаралы уулу өткөн жумада Кыргызстандын элчилигине мөөнөтү бүтүп бараткан паспортун алмаштыруу үчүн барган. Таң эрте кезек күткөнүнө карабай кишинин көптүгүнөн документ тапшырууга үлгүрбөй калганын айтты.

"Элчиликтен бир кагаз алыш оор болуп калды. Эртең менен барсаң деле, кечинде барсаң деле киши толтура. Эки-үч күн кезек күткөндөр бар экен. Ызы-чуу. Кызматкерлерди көбөйтүү керекпи же кошумча жай ачуу зарылбы, айтор мигранттарга шарт түзүү керек. Мигранттар тапкан акчасын Кыргызстанга жөнөтөт. Өлкө бюджетинин 30-40 пайызын толтурууда".

Ушул шейшембиде балдарын Кыргызстанга жөнөтүү үчүн консулдуктан маалымдама алууга барган Айгерим элчилик алдында топтолгон адамдар өздөрү да тартипти сактабай, уруш-талаш чыгып жатканына капа.

"Өзүбүздө да күнөө бар. Саат 2де баргам. Баары эле консулдуктун ичине кирүүгө ашыгат. Кичинекей балдарын жетелеп, коляска сүйрөгөн аялдар жүрөт. Чоң эле кишилер бири-бирин жөөлөп, ызы-чуу. Мен барганда элчиликти айланып 200дөй киши жүрдү. Бири-бирин укпай жатышты. Консулдуктун алдына топтолгон элден ичкери кирүүгө, бир нерсе суроого мүмкүн эмес. Анан мен кетип калгам. Кечкурун барсам, полиция баарын таркатып жүрүптүр. Биздин мекендештер аларга да асылып жатты. Учакка билет алып койгонумду айтып, суранып жатып ичкери кирдим. 20 мүнөттө эле алып чыктым. Консулдуктун алдындагы ызы-чуу өзүбүздүн сабатсыздыктан, тартипсиздиктен экен деп ойлоп калдым. Кечинде элчиликтин алдында таштанды толуп калат экен".

Орус бийлиги өлкөдө жүргөн чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттөө үчүн 15-июнга чейин убакыт берген. Былтыр коронавирус пандемиясынан улам мигранттарга берилген жеңилдиктер ушул мөөнөттөн тарта жокко чыгарылып, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик чара жана айып пулдар кайрадан күчүнө кирет.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой апрелде Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүргөнүн айткан.

Мындан улам бир топтон бери паспортунун мөөнөтүн же миграциялык каттоосун жаңыртпай, эмгек келишими жок иштеп жүргөн мигранттар «кара тизмеге» кирип калуудан чочулап, элчилик же консулдуктан «мекенге кайтуу күбөлүгүн» алып, өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып, кайра кирүүгө ашыгып жаткан кези.

Анын үстүнө окуу жылы аяктап, мигранттар балдарын Кыргызстанга жөнөтүп жаткандыктан элчиликке агылган мигранттардын саны кескин өскөн.

Назгүл Жусубакунова
Назгүл Жусубакунова

Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова мурда үч-төрт күндө даярдалчу «мекенге кайтуу күбөлүгү» жаңы ишке кирген система аркылуу үч сааттын ичинде бүтөрүн, ага карабай элдин агымынан улам элчиликтин алдынан кезек үзүлбөй жатканын айтты.

"Биздин кызматкерлердин баары иштеп жатат. Кабыл алуучу "терезечелер" да көбөйтүлгөн. Кечки саат 8-9га чейин жарандарды кабыл алып жатабыз. Андан кийин жаап коюп, кабыл алынган документтерди тариздешет. Күнүгө ошол бир эле СВР («мекенге кайтуу күбөлүгү», -ред.) алыш үчүн 200дөй адам келип жатат. Мындан тышкары паспорт, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу документтерди алуу үчүн кайрылышат. Бизде консулдукта жети кызматкер документтерди кабыл алат. Кошумча элчиликтен кызматкерлер, референттер ишке тартылган".

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов жылдан жылга мигранттардын саны көбөйүп баратканын белгиледи. Ал бул көйгөйдү элчиликте жарандарга онлайн кезекке туруу же документ тапшыруу системасын киргизип, консулдук кызмат көрсөткөн кызматкерлердин санын көбөйтүү менен гана чечүүгө болорун белгиледи.

"Жыл өткөн сайын Москвада жарандарыбыз көбөйүп жатат. Расмий маалыматта Орусияда 700 миң киши жүрөт деп айтылганы менен 1 миллиондон эбак ашкан. Көбү бул жакта. Көйгөйдү чечүүнүн жолу – элчиликтен же консулдуктан кызмат алуу үчүн онлайн тиркеме керек. Азыр электрондук почта аркылуу каттап жатышат. Бирок мигранттардын 80 пайызы электрондук почтаны колдонгонду жакшы билбейт. Кат жөнөтүп коюп, WhatsАpp же телефондон чалып чакырат деп жүрө бергендер бар. Анан акыркы күнү топтолуп келишет. Мындай сунушту элчиликке бир нече жолу киргизгем. Башты жерге салып эле эч нерсе кылышпайт. Эч кимдин иштегенге көңүлү жоктой көрүнөт. Мага күндө "элчиликке арызданып же консулдукка кире албай жатабыз" деп бери дегенде беш киши чалат. Экинчиден, элчиликте кызматкерлердин санын көбөйтүү керек. Антпесе, элди тейлегенге жетишпей жатышат".

Соңку маалыматтар боюнча 750 миңдей кыргызстандык Орусияда жүрөт. Мындан тышкары миграциялык эрежелерди сактабаганы үчүн 64 миңден ашуун кыргыз жараны «кара тизмеге» алынган. Орус бийлигинин маалыматына ылайык дагы 100 миңдей кыргызстандыкты «кара тизмеге» алынып, депортация болуу коркунучу күтүп турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG