Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Алтынчы президент жана Москва


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация Кремлдеги жолугушууда, 25-февраль, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация Кремлдеги жолугушууда, 25-февраль, 2021-жыл.

24-февралда Москвага барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Октябрдагы толкундоодон кийин бийликке келген Садыр Жапаров биринчи жолку чет мамлекетке сапарын Орусиядан баштады.

Кыргызстан Орусияны өзүнүн стратегиялык, экономикалык жана аскердик союздашы санайт.

Жапаров Орусиядагы сапарын жыйынтыктап жатып, 25-февралда Москва шаарындагы Кремл дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Кол коюлган келишим

Орусия товарларды маркирлөө иши үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 623 млн. рубль бөлдү.

Кыргызстанда товарды маркировкалоо системасын түзүүгө жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен Кыргызстандын вице-премьер-министри, Финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаков кол койду. Бул тууралуу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында жазылды.

Андагы маалыматка караганда 2019-жылы Кыргызстан Орусиядан техникалык жардам берүүнү суранган. Долбоорду ишке ашыруу 2020-жылы декабрда макулдашылган. Анын жыйынтыгында Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 623 млн. рубл жардам бермей болду. Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров товарды маркировкалоо системасын жолго салуу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.

2020-жылы ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 130 миллиард сомду же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзөрүн билдирген.

Президент болуп быйыл 10-январда шайланган Садыр Жапаров Орусияга иш сапар менен 24-февралда барды. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү, ишкерлер менен жолугушту. Жапаров орусиялык ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өлкөдөгү келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, активдүү кызматташууга чакырды.

Москваны кызыктырган Баш мыйзам

24-февралда президент Садыр Жапаров Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугуп, аны Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал эми орус лидери Кыргызстанда «ички саясий абал турукташат» деген ишенимде экенин айтып, өлкөдө Конституциянын өзгөртүлүп жатышын кубаттады:

«Сиздин өлкө ичиндеги мерчемдеген иш-чараларыңыз, анын ичинде Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү республикадагы туруктуулукка, мамлекеттин ырааттуу өнүгүшүнө жана эки тараптуу байланыштын чыңдалышына өбөлгө болот деп ишенебиз. Орус тилинин макамын расмий тил катары сактап калганыңар биз үчүн да, силер үчүн да маанилүү. Айрыкча, кыргызстандыктар үчүн Орусиядан иш табууга бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп, кошумча сынактарга киришпейт».

Владимир Путин былтыр Кыргызстандагы октябрь окуяларын «кыргыз элинин шору» деп баалап, өлкөдө саясий түшүнүк өнүгө электигин, ар бир шайлоо башаламандык менен коштолорун айткан.

Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Москва. 24-февраль, 2021-жыл.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Москва. 24-февраль, 2021-жыл.

Садыр Жапаров Кыргызстанда саясий жактан кыйын болуп жатканда Владимир Путиндин жеке колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Орусия менен мурда жетишилген келишимдердин баарын сактоону улантарын билдирди:

«Биз КМШ, ШКУ, ЖККУнун алкагында кызматташууну уланта беребиз. Бул уюмдар биздин өлкөнүн негизги саясий жана экономикалык багыттары болуп саналат. Пандемия убагында Орусия көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем жана сизди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырам».

Садыр Жапаров 25-февралда болсо Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Анда Володин да кыргызстандыктардын мамлекеттик башкаруу системасы боюнча жасаган тандоосун, Конституциянын жаңы долбоорунда орус тилинин расмий макамынын сакталып калганын колдоду.

Кыргыз президенти ушул эле күнү Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен да жолугушту. Мишустин Орусия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштарды калыбына келтирүүгө болорун билдирди.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Кыргызстандын кайра президенттик башкарууга багыт алышы Орусия үчүн оңтойлуу деп эсептейт:

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

«КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандын коңшуларында президенттик башкаруу. Орусия, Казакстан, Өзбекстан болобу, маселени бир эле киши чечет. Муну айрымдар авторитардык система деп атайт. Убагында Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп жатканда Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев «Бул туура эмес. Биз бир багыт менен кетишибиз керек» деп айткан. Парламенттик мамлекетте бийликтин көп борбору болгондуктан анын баары менен сүйлөшкөнгө туура келет. Президенттик башкарууда маселе бир эле киши менен сүйлөшүлүп чечилет. Бул аларга ыңгайлуу».

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум да болгон. Анда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү президенттик башкаруу системасын тандаган эле.

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы иш сапарынын алкагында 24-февралда Москвада мекендештер менен жолугушуу өткөрүп, мигранттардын үнүн укту.

Түз линк

Иш сапардын жыйынтыгы

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапарда бюджетти колдоо, коронавируска каршы эмдөө тууралуу Орусия менен сүйлөшүү болгонун билдирген. Газдын баасын төмөндөтүү, Кыргызстанда логистикалык борборлорду ачуу маселеси да каралды.

Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргызстандыктар менен жолукту. Анда Кыргызстанда Орусиянын бир-эки банкынын өкүлчүлүктөрү ачыларын билдирип, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын «кара тизмесине» кирип калган кыргызстандыктардын да маселесин көтөрдү:

«2021-жылдын 1-январына карата Орусиянын аймагына кирүүгө 49 миң 300 адамга тыюу салынып, «кара тизмеги» киргизилген экен. Эки жолу административдик тартипти бузсаң ушул тизмеге киресиң. Алар: жол эрежесин бузуу, чылымды туура эмес чегүү сыяктуу болбогон шылтоолор менен мигранттарды кыйнашат. Биз бул тартипти өзгөртүү боюнча сунуш беребиз. Мисалы, административдик тартипти бузуунун санын көбөйтүү, айып эле салуу боюнча».

Президент Жапаров 25-февралда орусиялык 40ка жакын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Бул сапарда кандай келишимдерге кол коюлганы азырынча ачык жарыялана элек. Бирок талдоочулар бул Садыр Жапаровдун президент катары чет өлкөгө алгачкы сапары экенин айтып, ири долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлбай турганын алдын ала эле айтышкан.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Жапаровдун иш сапары алдында «Азаттыкка» интервью берип, коронавируска каршы 500 миң доза вакцина, Кыргызстанга гранттык жардам жана Евразия өнүгүү фондунан 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр болорун айткан.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Айболот Айдосов расмий Бишкек менен Москванын экономикалык алакасы тууралуу мындай деди:

«Биздин экономика жана ар кандай эл аралык долбоорлор Орусия менен байланышкан. Ошондуктан каалайбызбы – каалабайбызбы алар менен достук мамиледе болушубуз керек. Азыр Кыргызстан Орусияга сунуштай турчу чоң деле долбоор жок. Бул иш сапар жөн гана таанышуу иретинде болуп жатат».

Орусия Кыргызстандын негизги саясий да, экономикалык да өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр он айдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд. 257 млн. доллардан ашкан.

Соңку жылдары товар жүгүртүүдө Кытай алдыңкы орунга чыкса да, Орусия Кыргызстанды негизги стратегиялык товарлар менен камсыздайт, Бишкек газ, мунай затын Москвадан сатып алат. Бирдиктүү бажы базары Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Мындан сырткары Орусия Кыргызстандын аскердик тармактагы башкы өнөктөшү.

Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 млрд. сомду түздү. Анын ичинен 197 млрд. сому мигранттар которгон каражат. Башкача айтканда, былтыр эмгек мигранттардан 2,3 млрд. доллар келген. Бул ИДӨнүн 30% түзөт. Анын көбү Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык ушул тапта 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Расмий эмес маалыматта Орусияда милллиондой кыргыз мигранты жүрөт деп айтылат.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

XS
SM
MD
LG