Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Мирзиёевди сындагандарды кандай тагдыр күтөт?


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Дагы бир кишинин психиатриялык ооруканадагы "күчтөп дарылануу" мөөнөтү узарды. Ал өзү куландан соо экенин айтууда.

Алардын баары социалдык тармактарда "Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды башкарууга жөндөмдүү эмес" деп жазышкан.

2021-жылы камалганга чейин президенттин кичи мекени деп саналган Жизак облусунда жашаган Валижан Калонов Мирзиёевди жана анын саясатын YouTube каналы аркылуу ачуу сындап келген. Тактап айтканда, 54 жаштагы Калонов Мирзиёевдин өкмөтүн Бээжин Шинжаңда уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктап жатканына карабай Кытай менен жакшы алакада болгонун сындаган.

2021-жылдын мартындагы видеолордун биринде Калонов өзбекстандыктарды Мирзиёевдин кызматтан кетиши үчүн добуш берүүгө чакырып, анын бийлигине чекит коюуга үндөгөн.

"Мен силерди колуңарга курал алып, согушууга чакырган жокмун. Өз демократиялык укуктарыңарды колдонуп, шайлоодо добуш берүүгө чакырам. Мен өлкөмдү жана балдарымдын келечегин Мирзиёевге ишенбейм",- деген Калонов.

Президентти сындаганы үчүн кесилген Валижон Калонов.
Президентти сындаганы үчүн кесилген Валижон Калонов.

Бийликтин маалыматына караганда, Калонов террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча облустук башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жизак шаардык соту аны "президенттин беделине доо келтирип, коомго коркунуч келтирген башка кылмыштарга барган" деп эркинен ажыраткан. Калоновго козголгон иштин жана ага чыккан өкүмдүн чоо-жайы жарыяланган эмес. Акыры Илонов психиатриялык ооруканага которулган. Советтер Союзунун доорунан калган мындай ыкма Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде бийликти сындагандарды жазалоо үчүн ушул күнгө чейин колдонулуп келет.

Өзбекстанда президенттин беделине шек келтирүү кылмыш катары саналат жана ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Дарылоого мажбурлоо

Өткөн аптада Калоновдун үй-бүлөсү "Озодлик" радиосуна маалымдагандай, ноябрь айында Жизактагы райондук соттун чечими менен анын психиатриялык ооруканадагы мажбур дарылануусу дагы үч айга узартылган.

Блогердин өз ысымын жашырган жакындары анын эч кандай психиатриялык мандеми жок экенин белгилеп жатышат. Алар ырастагандай, Калоновго дарыгерлер транквилизаторлорду күчтөп ичирүүгө аракеттенүүдө.

"Озодлик" радиосуна тийген расмий документтин көчүрмөсүнө ылайык, жизактык дарыгерлер "Калоновдун психикалык абалы жакшырган эмес" жана ал мурдагыдай эле "кылган иши үчүн өкүнбөйт" деген жыйынтыкка келишкен.

Ал арада кошуна Самарканд облусунда дагы бир жаран Инстаграмда "президенттин беделине шек келтиргени" үчүн эки жарым жылга кесилди. 26-октябрда чыгарылган соттун өкүмүнүн көчүрмөсүнө караганда, 19 жаштагы Дилшод Искандаров Мирзиёевдин жана анын үй-бүлөсүнүн дарегине жосунсуз сөздөрдү айткан.

Көп өтпөй Искандаров 2022-жылы Орусияда миграцияда жүргөндө жарыялаган постун өчүргөн. Искандаров 2023-жылы "өз ыктыяры" менен мекенине кайтканда камалып, сотто посту үчүн өкүнөрүн, Мирзиёевдин саясатына каршы эместигин билдиргенине карабай кесилгени документте белгиленет.

Өлкө чыгышындагы Фергана облусунда "Коканд метан газ" деген Телеграм-каналда өз аймактарында газ жана электр жарыгынын жетишсиздигин жазган эки жаран соттолду.

27 жаштагы Уткир Cобиров "президенттин беделине шек келтирип", "өкмөттүн ишине нааразы болуп", Мирзиёевди кызматтан кетирүү тууралуу сүйлөгөн деп жазылат соттун документтеринде. Ал үч жылга эркинен ажыратылды.

Ошол эле Телеграм-каналдын дагы бир колдонуучусу, 30 жаштагы Ахрорбек Кучкоров ушундай эле маанидеги билдирүүсү үчүн төрт жылга үй камагына кесилди.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу өзбек президентинин администрациясына бул боюнча комментарий сурап кайрылган. Азырынча жооп келе элек.

Сын-пикир айткандардын оозун басуу аракети

Өзбекстанда чыныгы саясий оппозиция, көз карандысыз маалымат каражаттары жок, ал эми өкмөт сын-пикир айткандарды, сөз эркиндигин дароо басып турат. Укук коргоочулар жана көз карандысыз журналисттер Ташкентти бийликти сындаган блогер, кабарчылардын камалып, кыйноого алышын айыптап чыгышты.

Былтыр августта блогер Абдукодир Муминов 7,5 жылга күмөндүү айыптар менен кесилген. Ага алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу беренеси менен кине коюлган. Муминовдун жакындары бул Мирзиёевдин жакындарын бизнесин иликтегени үчүн андан өч алуу экенин белгилешет.

Соңку жылдары Мирзиёев бийликке 2016-жылы Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин келгенде берген реформаларынан тайып жатканы үчүн сынга кабылууда. Анын бийлигинин алгачкы жылдары кошуна мамлекеттер менен алака, адам укуктар тармагы жакшырып, экономика өнүгүп, пахта жыйноо сыяктуу күчтөп иштетүү өнөктүгү токтойт деген ишенич бар эле.

Мирзиёев өзү дагы диний эркиндикти кеңири берип, камактагыларды бошотуп, экстремисттердин тизмесинен миңдеген кишилерди чыгарганы үчүн популярдуу боло баштаган. Көп өтпөй эле өкмөт реформаларын таштап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тоскоолдук жаратып, сын айткандардын оозун жаба баштады.

2023-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүп, Мирзиёевге 2037-жылга чейин бийликте калууга жол ачылды.

Былтыр июлда Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо жеңип чыкты. Батыштагы байкоочулар жана талдоочулар добуш берүү реалдуу атаандаштык жок шартта өткөрүлгөнүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG