Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Германия-Борбор Азия: Интеграция, экономика, адам укуктары


Германиянын канцлери Олаф Шольц Борбор Азиянын лидерлери менен.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Борбор Азиянын лидерлери менен.

Берлинде Германия-Борбор Азия саммити чөлкөмдөгү сөз эркиндигин, саясий укуктарды коргоого чакырган акциялар менен коштолду.

29-сентябрда немис канцлери Олаф Шольц Борбор Азиянын беш лидери: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, түркмөндөрдүн Халк Маслахатынын төрагасы, экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Сүйлөшүүгө немис тышкы иштер министри Анналена Бербок дагы катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров товар жеткирүүгө, соода-экономикалык мамилелерди диверсификациялоого токтолду. Ал энергетикалык ресурстардын колдоосу жок экономикалык кызматташтыкты куруу, өнөр жайды өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Кыргызстандын лидери инвесторлорду жана эл аралык өнөктөштөрдү аймактагы энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өндүрүүгө жана башка “жашыл” долбоорлорго катышууга чакырды.
“Бүгүнкү күндө жаратылышка аяр мамиле кылуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери өзгөчө артыкчылыкка ээ болууда. Негизи климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азыртан эле бардык жерде көрүп жатабыз" - деди Жапаров.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп, анын бүтүндөй Борбор Азия үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттери оор болорун баса белгиледи. Андыктан мөңгүлөрдү сактоо үчүн Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү зарыл экенине токтолду.

Саммит эртең менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Берлиндеги Бельвю резиденциясында сый тамак үстүндө башталды.

Президент Жапаров геосаясий кырдаалда Борбор Азияга эл аралык коомчулуктун көңүлү бурулганын белгилеп, бул экономикалык кызматташууга шарт түзөөрүн айтты.

“Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди Жапаров.

Германия - соңку бир жыл ичинде Борбор Азия лидерлерин саммитке чогулткан алтынчы өлкө. Былтыркы октябрь айынан бери чөлкөмдөгү беш мамлекеттин лидерлери Орусия, Кытай, Евробиримдик, Араб мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти менен жолугушту.

"Орусиянын Украинадагы согушу менен тушташ өтүп жаткан саммит регион үчүн кандай жоопкерчилик жүктөйт?", - деген суроо медиа жана эксперттик чөйрөнүн көңүл чордонунда турат.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Москваны кескин айыптап, ага каршы санкция салгандардын сап башында Германия турат. Борбор Азия өлкөлөрү согушка карата “бейтарап” позицияда экенин жарыялашкан. Бул чөлкөмдүн Орусияга экономикалык жактан тыгыз чырмалганы менен түшүндүрүлөт.

Берлин Борбор Азиянын лидерлерин чогултту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Садыр Жапаров 19-сентябрда БУУнун трибунасында сүйлөгөндө дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана аймактык бүтүндүк маселесине токтолуп, Борбор Азия чөлкөмүн геосаясий ортомчу катары көрөрүн айткан.

Германиянын Тышкы мамилелер боюнча кеңешинин Чыгыш Европа, Орусия жана Борбор Азия боюнча эксперти Штефан Майстер "Азаттыкка" интервью бергенде Германиянын чөлкөмгө болгон геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыгы артып баратканын белгилеген.

"Чөлкөмдүн өзүндө дагы башка чоң державалар менен алака-катышты диверсификациялоо кызыкчылыгы артып баратканына көңүл бурдургум келет. Лидерлердин Кытай менен Орусиянын аймактагы таасирин баланстоо аракетин көрүп турабыз. Бул алардын жалпы бир иш-аракетинин натыйжасы деп ойлойм. Евробиримдик, Германия - Борбор Азия стратегиялык мааниге ээ аймак экенин акыры айкын түшүнгөндөй болду", - деди эксперт.

Евробиримдикте Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинен Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлар, айрыкча санкциялык товарлар Орусияга кетип жаткан жокпу деген кабатырлануу бар. Немис тараптын белгилешинче, саммитте санкцияларды буйтап өтүү маселеси да талкууланат.

28-сентябрда Берлинге барган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарарын" билдирди.

"Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланышып турабыз", - деди Токаев Берлинде Германиянын канцлери Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында.

"Азаттык" радиосунун июнь айындагы иликтөөсү Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган, бир эле учурда жарандык жана аскердик өндүрүштө колдонула турган товарлар Кыргызстан, Казакстанда түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусияга кирип жатканын, алардын көбүнүн артында орус жарандары турарын, айрымдарынын армияга катышы бар экенин көрсөткөн.

Статистикалык маалыматтарда жана эксперттердин талдоолорунда быйыл Германиянын Кыргызстанга экспорту өскөнү белгиленет.

Адам укуктары жана активисттердин акциясы

Берлин саммити борборазиялык активисттердин нааразылык акциясы менен коштолууда. Бельвю сарайынын алдына чогулган оппозициячыл активисттер Борбор Азия лидерлеринен «Путиндин режимине салынган эл аралык санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөөнү» талап кылышты. Ошону менен катар алар «Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун айыптоого, беш мамлекетте Кремлдин пропагандасынын үнүн өчүрүүгө» чакырышты.

Берлин саммитиндеги активисттердин акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлинди Борбор Азия лидерлерине Европа менен узак мөөнөтүү кызматташуу үчүн аймакта адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо зарыл экенин эсине салып коюуга үндөдү.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча башчысы Хью Уильямсондун билдирүүсүндө «Борбор Азия мамлекеттеринде саясий куугунтук, сөз эркиндигин басмырлоо, жазасыз калуу жана кыйноо сыяктуу укук бузуулар абдан көп катталат» - деп айылган. Уюм буга мисал катары, Казакстанда жана Өзбекстанда былтыр болгон нааразылык акцияларын келтирген. Ал окуяларда жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Кыргызстандын бийлиги жарандык коомго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуул коюп жатканы белгиленген.

HRW ошондой эле тажик бийлигин Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы каршылык акцияларын күч менен басканы жана оппозициянын тарапташтарын куугунтуктаганы үчүн сындаган.

Уильямсондун пикиринде Европа мамлекеттери Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусун адам укуктарын жана эркиндиктери канадй сакталып жатканын эске алуу менен кеңейтиши керек.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR) Берлиндеги саммитти утурлай кайрылуу таратып, Борбор Азия мамлекеттеринде жарандык коомго басым, сөз эркиндигин ооздуктоо күчөгөнүн билдирип, жыйында буга көңүл бурууга чакырды.

"Алга Өзбекстан" кыймылынын активисттери Берлинде акцияга чыгышты. Алар Өзбекстанда сөз эркиндиги, саясий укуктар чектелип, соңку кездери диний эркиндик да ооздуктала баштаганын белгилешүүдө.

"Биз Өзбекстандын элин жана дүйнө коомчулугун өзбек бийлигинин диктатордук саясат жүргүзүшүнө макул болбоого, мекенибизде адам укуктарынын сакталышына салым кошууга чакырабыз", - деди кыймылдын төрагасы Намоз Нормумин бейшемби күнкү кайрылуусунда.

Саммит маалында тажик жана казак активисттери дагы акцияга чыгып, өз өлкөсүндөгү мыйзамсыздыктарды токтотууну талап кылышты.

Ошол эле учурда өзбек жана тажик өкмөтүн колдогондор өзүнчө митингге чогулушту.

Берлиндеги “Жаш манасчы” айкели

Садыр Жапаров мамлекет башчы катары Германияга алгачкы жолу келди. Президенттин сапары Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин алдына орнотулган “Жаш манасчы” айкелин көрүү жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуудан башталды.

Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин алдына коюлган “Жаш манасчы” айкели, 28-сентябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин алдына коюлган “Жаш манасчы” айкели, 28-сентябрь, 2023-жыл.

Жарым саатка созулган бул иш-чарага "Азаттыктын" журналисти Санжар Эралиев киргизилген жок. Президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү муну "алдын ала аккредитациядан өтүү керек болчу" деп түшүндүрүштү.

Жолугушууга катышкандардын айтымында, Жапаров азыркы геосаясий кырдаалда кыргыз-немис алакасын өркүндөтүүнүн мааниси тууралуу айтып, эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүнүн артыкчылыгына токтолду. Кыргызстандагы сөз эркиндиги, жарандык коом тууралуу сөз болгон жок.

"Президент менен бул жактагы мекендештердин жолугушуусуна бөлүнгөн убакыт аз болуп калды. Ар бирибиз суроо узатабыз, баарлашууга кенен убакыт беришет деп ойлогом. Ошентсе да президенттин бул сапарына позитив маанайда карайм. Анткени Германияда жумуш орду көп, кыргызстандыктардын бул жакка мыйзамдуу жолдор менен келип, окуп, иштешине көбүрөөк шарт түзүлөт деп үмүт артып калдым", - деди Франкфуртта жашаган кыргызстандык Айдай Шрайбер.

Кыргызстандык адистерди Европада ишке орноштуруу боюнча быйыл августта эки тараптуу меморандумга кол коюлганы кабарланган. Анын демилгечиси Кыргызстандын Германиядагы элчилиги болгон.

Быйыл июнда немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке расмий сапар менен келген. Анда өлкө башчысы Садыр Жапаров Берлин жана Европа Биримдиги Бишкектин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин айткан.

Элчиликтин маалыматына караганда, Германияда жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 10 миңдин тегерегинде.

Германияда иш таппаган студенттер: Күнөө кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:28 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG