Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Мирзиёев 2040-жылга чейин бийликте калышы мүмкүн


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, азыркы президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга жол ачылат.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында мамлекет башчынын ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга узартылып, эки мөөнөт сунушталган. Аткаминерлер конституциялык өзгөртүүлөр акыркы жылдары реформаларды улантууга салым кошот дешсе, талдоочулар бул жараянды бийликти бекемдөөнүн амалы катары сыпатташууда.

Парламент бир добуштан колдоду

Өзбекстандагы референдум 30-апрелге белгиленген. Баш мыйзамдын жаңыланган редакциясы 15-мартта жарыяланды.

Азыркы Конституцияда 128 берене бар. Жаңыланган Баш мыйзамга 65% өзгөртүү киргизилип, беренелердин саны 155 болмокчу. Мыйзам долбоору meningkonstitutsiyam.uz деген сайтта өзбек, каракалпак жана орус тилдеринде коомдук талкууга коюлган. Жаңыланган Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү демилгеси парламентте 14-мартта дээрлик бир добуштан колдоо тапты.

Коңшу өлкөдө Ислам Каримов чейрек кылымдан ашуун бийликте турганда президенттин мөөнөтү эки жолу өзгөртүлгөн. Ар бир жолку өзгөртүүдө кызматтагы президенттин мурда иштеген жылдары жокко чыгарылган.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында азыркы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Сенаттын төрагасы Содик Сафоев Конституциянын жаңыланган варианты кабыл алынгандан кийин Мирзиёевдин буга чейинки кызмат жылдары жокко чыгарылып, алдыда дагы эки жолу президенттикке талапкерлигин коё аларын айткан. Мирзиёев өзү алдыдагы пландары тууралуу үн ката элек. Парламенттеги акыркы талкууларда президенттин мөөнөтүнө байланыштуу эч кандай сөз болбоду.

Аткаминерлер конституциялык өзгөртүүлөрдү Мирзиёевдин бийликке келиши менен башталган реформаларды улантуудагы маанилүү кадам катары сыпатташууда. Айрым блогерлер жана белгилүү инсандар социалдык түйүндөрдө “Мен кайдыгер эмесмин” деген челленж баштап, элди жаңы Конституцияны колдоого чакырышууда.

"Конституция роль ойнобойт"

Айрым талдоочулар азырынча реформалар негизинен социалдык-экономикалык тармакта гана болуп, саясий чөйрөнү өзгөртүү аракети көрүлбөй жатканын айтышат.

Олий мажлистин мурдагы депутаты Жахонгир Маматов “"Эркин Европа/Азаттык” радиосуна мындай ой бөлүштү:

“Конституция эч кандай маанилүү роль ойнобойт. Өзбекстанда 30 жылдан бери Баш мыйзам иштебей турган жөн эле бир документ болуп калды. Элге пайдасы тийбеген документ. Эл аралык коомчулуктун көзүн будамайлаган жөн эле бир кагаз. Аны жаңылайбы, мурдагы бойдон калтырабы, эч нерсе өзгөрбөйт. Азыркы президент кызматка келген учурда деле Конституция роль ойногон эмес. Башка учурларда да роль ойнобойт”.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин былтыр жайда Мирзиёев көтөргөн. Документте Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынганда, аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанып, кан төгүлгөн. Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын билдирген.

Өзбекстанда 2017-жылы Мирзиёев бийликке келгени катаал саясий режим жумшарганы менен, күчтүү президенттик башкарууга негизделген авторитардык система сакталып келатканы эл аралык уюмдардын рейтингдеринде айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG