Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

"Каримов режими нугунда". Каракалпак активисттерине өкүм чыкты


Соттук отурум. Бухара облусу.
Соттук отурум. Бухара облусу.

 

31-январда Каракалпакстандагы жапырт башаламандыкка айыпталган 22 жаранга сот өкүмү чыкты. Сот процесси Бухара облусунда дээрлик үч айга созулду.

"Эл кызматында" гезитинин адвокаты жана мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов "Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу", "Уурдоо же коротуу аркылуу ири өлчөмдө каражат кымыруу", "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу", "Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу" жана "Коомдук коопсуздук менен тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары Тажимуратов келтирилген чыгым үчүн 20 миң доллар төлөөгө милдеттүү.

Соттук отурум. Бухара облусу.
Соттук отурум. Бухара облусу.

Соцтармактарда каракалпакстандыктар соттун бул чечимине нааразылыгын билдирип, өзбек бийлигинен Тажимуратовду тез арада абактан чыгарууну талап кылууда.

Нукустагы кандуу калаба боюнча айыпталган журналист, Makan.uz сайтынын негиздөөчүсү Лолагүл Каллыханова "күнөөлүү" деп табылып, шарттуу кесилди.

"Окуялар болгон күнү мен эч кимден, эч нерсе сурабай маалымат чыгаргам. Бирок мен мыйзамсыз иш кылган жокмун. Уруш болуп кетет деген кооптонуу гана бар болчу. Ошондуктан ушундай кадамга баргам. Ал эми айыпталуучулардын ичинен камала тургандардан экөөнүн бирөө мен, бирөө Тажимуратов болчу".

Өзбек басылмалары журналист “кечирим сураганын, Телеграмда бир жактуу маалымат таратып, Нукустагы демонстрацияларга себепкер болуп калганын” айтканын жазышкан.

Бирок АКШнын Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча доценти Стив Свердлоу шарттуу кесилген журналист тергөө маалында басым-кысымдан улам "кечирим суроого" мажбур болгонун, бул Өзбекстандын адам укуктарын коргоо багытында алган эл аралык милдеттемелерине каршы келээрин белгилейт.

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбай Муратбай "Өзбекстан Каримовдун авторитардык режимине кайтып баратканын, каракалпак-өзбек элинин мамилесине жарака кеткенин" Твиттерге жазды.

"Бүгүн Каракалпакстандын эң кадырлуу инсаны 16 жылга эркинен ажыратылды. Дагы 16 адам үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө кесилди. Бүгүн Өзбекстанда Мирзиёев режими мурдагы Каримовдун режиминин нугунда экенин көрсөттү. Каракалпак-өзбек элинин карым-катнашындагы ажырым дагы көбөйдү".

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын жетекчиси Аман Сагидуллаев Каракалпакстандын тунгуч президентинин уулу да эркинен ажыратылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Каракалпакстан Республикасынын биринчи президенти Даулетбай Шамшетовдун уулу Полат Шамшетов алты жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин Каримовдун диктатурасы учурунда анын тун уулу Бахтияр Өзбекстанда 2018-жылга чейин абакта отурса, эми Полат Шамшетов диктатор Мирзиёевдин тушунда абакта отурат", - деп жазды активист.

“Юксалиш” улуттук кыймылынын төрагасы, Өзбекстандын Олий Мажилисинин депутаты Бобур Бекмуродов Ютуб каналында жарыялаган видеосунда мекендештерин мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга чакырды.

"Албетте, ар кыл чакырыктар болуп жатат. Айрыкча чет элде отуруп түрдүү чакырыктарды жасап жатышат, мыйзамсыз аракеттерди колдоо болуп жатат. Сизди мыйзамдан аша чаппоого чакырам. Албетте, сиз эркин адамсыз, өзүңүз чечесиз, өз жашооңузга өзүңүз жооптуусуз. Бирок менин айтайын дегеним, андай кишилер эч кандай жардам бербейт. Кийинчерээк мыйзам алдында жооп берип жатканыңызда алдыңызда турбайт. Тилекке каршы ушундай. Ошондуктан этият болуңуз, мыйзамдан аша чаппаңыз".

Былтыр 7-ноябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин былтыр жайында Каракалпакстандагы демонстрацияларды таратууда "өлүм жеткирген чараларды негизсиз жана ашыкча колдонгону" үчүн айыптаган.

Шейшембиде уюмдун Борбор Азия боюнча улук илимий кызматкери Мира Ритман "буга чейин бир да полиция кызматкери жоопкерчиликке тартыла электигин" Твиттерге жазды.

Ошондой эле былтыр октябрда расмий Ташкент Казакстандагы каракалпак бирикмесинин жетекчиси Ниетбай Оразбаевге издөө салган. Анда Оразбаев "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга аракет кылган" деп айыпталган.

Human Rights Watch уюмунун маалыматына караганда, 13-сентябрдан 5-октябрга чейин Казакстандын полициясы Ташкент эл аралык издөө салган төрт каракалпак активистин кармаган. 47 жаштагы блогер-диссидент Кошкарбай Торемуратов менен 53 жаштагы оппозиционер Жангелди Жаксымбетовду 13-сентябрда полиция кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен. 55 жаштагы кардиолог Раиса Кудайбергенованы 16-сентябрда жумушунан, активист Зиуар Мирманбетованы болсо 4-октябрда үйүнөн алып кеткен.

Аларга коюлган айыптар расмий жарыялана элек. Процессуалдык документтерди көргөн Алматыдагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай кармалгандар "мамлекетке каршы кылмыш жасаган" деп шек саналып, издөөдө жүргөнүн билдирген.

Былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG