Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

"Мигранттардын анклав түзүшүнө жол бербейбиз". Кремлдин кысымы


Орусиядагы мигранттар. Иллюстративдүү сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстративдүү сүрөт.

Орусияда “Крокус Сити Холлдогу” кол салууга байланыштуу теги тажикстандык дагы бир адам кармалды. Учурда аталган жайда иштеген мигранттардын баары суракка алынып жатканы маалым болду. Ал арада Орусиянын жетекчилиги мигранттарга каршы маанайдагы билдирүүлөрдү жасоону улантууда.

"Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу дагы бир адам 17-апрелде кармалганы маалым болду.

Тиешелүү органдар билдиргендей, кол салууга шек саналып кармалган ага-ини Деловар жана Аминжон Исламовдорду "фиктивдүү каттоого тургузган" деген кине Ашуров аттуу кишиге тагылып жатат.

Аларда Орусиянын жана Тажикстандын паспорттору бар экенин “Свобода” радиосу жазды.

Тверь шаардык соту Ашуров Исламовдорду өз батирине каттоого тургузганын мойнуна алганын билдирди.

Тергөөнүн версиясында, 33 жаштагы Аминжон Исломов кол салууну уюштурду делгендер колдонгон ак “Рено” автоунаасынын соңку ээси болгон. Шектүүлөргө машинени анын иниси 24 жаштагы Деловар сатканы кабарланган. Исломовдор - теги тажикстандык орус жарандары. Алар менен кошо атасы да кармалган.

Ушуну менен "Крокус Сити Холлдогу" 145 кишинин өмүрүн алган кол салууга байланышы бар деген кине менен кармалгандардын саны 15ке чамалады. Алардын бирөө - теги кыргызстандык Орусиянын жараны. Калганы - теги тажикстандыктар.

Орусияда мигранттарга каршы маанай дагы эле байкалат

Борборазиялыктардын терактка шектүү катары кармалышы Орусияда ксенофобияны жана мигранттарга каршы маанайды ого бетер күчөттү.

Депутаттар келгиндерге санариптик көзөмөл орнотууну талап кылса, полициячылар тынбай рейддерди өткөрүүдө. Мындай тинтүүлөрдүн жыйынтыгында соттун чечими менен жүздөгөн борборазиялык мигранттар өлкөдөн чыгарылды.

Тергөө комитети "Крокус Сити Холлдо" иштеген чет элдиктерди терактка катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Полициячылар негизинен борборазиялыктарга көңүл буруп жатканын "База" Телеграм-каналы жазды.

Ал арада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев мигранттардын этникалык анклавдарды түзүшүнө жол бербөөгө чакырды. Ал бул тууралуу 17-апрелде Түндүк Батыш федералдык округундагы коопсуздук жыйынында айтты:

"Мыйзамсыз миграция терроризмге жана экстремизмге сугарган чөйрө бойдон калууда. Мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча иштерди күчөтүүнү, этникалык анклавдарды түзүү жана чет элдиктердин мыйзамсыз ишке орношуу аракеттерин алдын алууга, мигранттардын арасынан туура эмес кадамдарды ишке ашырууга жөндөмдүүлөрдү убагында өз жерине чыгарып жиберүүгө чакырам", - деген Патрушев Орусиянын президенти Владимир Путин коомдун кызыкчылыгын жана коопсуздугун эске алуу менен миграциялык саясатка карата мамилени бүт бойдон жаңылоону тапшырганын эске салды.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев.

Орусиялык антрополог, тажикстандык мигранттар тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген Наталья Зотованын пикиринде, бийликтин мындай билдирүүлөрү мигранттарга каршы маанайды дагы бир топ күчөтүүдө.

"Албетте, теракттан кийин тажик мигранттарынын абалы кыйла начарлап кетти, анткени аларга каршы жек көрүүчүлүк менен ксенофобиянын кийинки толкуну башталды. Тажик мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн бул жаңы көрүнүш эмес. Анткени аларга мамиле буга чейин деле негативдүү болгон. Ал эми теракттан кийин шектүүлөрдү эч бир далилсиз эле камера алдында кыйноого алуу сыяктуу жаңы тенденция пайда болду. Бул тажик мигранттарына каршы маанайды, агрессияны, жек көрүүчүлүктү дагы бир деңгээлге көтөрүп жатканы абдан тынчсыздандырат", - деди ал “Озоди” радиосуна курган маегинде.

Орусияда ар кандай эсептер боюнча 1,5-2 миллионго чейин тажикстандык эмгектенет. Учурда Орсуияда ксенофобиялык мамилеге бир гана тажикстандыктар эмес, башка борборазиялыктар дагы дуушар болууда. Зотованын пикиринде, мындай кырдаал канчага созулары белгисиз.

"Албетте, толкундун деми бир аз басаңдайт. Анткени жек көрүүчүлүктүн эң курчуган учуру узакка созулушу мүмкүн эмес. Орусиянын жетекчилиги жана маалымат каражаттарынын күчү менен бул тенденция улана берсе, тажикстандык мигранттарга каршы мамиле жакшырат деп күтүү кыйын", - дейт Наталья Зотова.

Учурда тажикстандыктардын көбү Орусиядагы маанайдан улам ал жакка барып иштөөдөн баш тартууда. Муну баш калаа Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоо айгинелейт.

“Ал жакта иштетишпейт эми. Эки кылмышкер тажикти кармап алып, тажик эли бүт террорчу деп баарын ишендиргенге аракет кылышат. Балдар барбайбыз деп жатышат. Европага кетүүнү көздөгөндөр көп”, - дейт шаардыктардын бири.

Жектелген тажикстандыктар

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Орусиядан башка бир катар өлкөлөрдө бир нече борборазиялык экстремизмге шек саналып кармалды.

8-апрелде Тажикстандын 32 жаштагы жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешеси бар деген шек менен Италияда колго түшүрүлдү.

Италиянын полициясы билдиргендей, ал он жыл мурда Сириядагы согушка кетип, “Ислам мамлекети” террордук тобунун активдүү мүчөсү болгон. Маалыматка караганда, шектүү Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Украинанын жасалма паспортторун колдонуп жүргөн.

Польша бийлиги "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бар жана террордук ишке шектелген" деген кине менен Тажикстандын жаранын депортациялаганын 16-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, ал бир нече жылдан бери террордук иш менен алектенип, "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун мүчөлөрү менен байланышта болгон.

Түркия болсо тажикстандыктар үчүн беш жыл мурда кабыл алынган 90 күндүк визасыз режимди жойду.

Себеби расмий түшүндүрүлбөгөнү менен, түрк басылмалары Анкаранын мындай чечимине Москвадагы кол салууга шек саналып кармалгандардын тажикистандык болгону негиз болгонун жазышты. Буга жооп чара катары расмий Дүйшөмбү дагы түркиялыктар үчүн визасыз режимди жокко чыгарды.

Түркияда буга чейин да ар кандай террордук актыларда тажикстандыктардын жана башка борборазиялыктардын ысымы аталган. Соңку бир жылда Европада да экстремизмге шек саналып бир нече борборазиялык кармалган.

Орусиядагы кол салуудан кийин Франция да террордук актыларды алдын алуу чараларын күчөттү. Ал эми айрым француз басылмалары атайын кызматтарга шилтеме жасап, көзөмөлгө алынгандар арасында борборазиялыктар көп экенин жазды.

Тажикстандын жарандары марттын соңунан бери Грузияга киргизилбей жатканы кабарланууда. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жазды.

Алардын арасында журналист Анушеврон Арипов жана бир нече тажикстандык бар.

“Үй-бүлөм, аялым жана эки балам менен турист катары Грузияга барууну пландап жатканбыз. Бирок бизди чек арадагы өткөрмө пункттан киргизбей койгондуктан, Владикавказга кайтууга аргасыз болдук”, - дейт ал.

14-апрелде “Озоди” радиосуна түшкөн видеодо ондон ашуун тажикстандык Грузияга кире албай калганына нааразылыгын билдиришкен.

“Грузияга элчиликке документтеримди тапшыруу үчүн келгем. Бардык тийиштүү кагаздарымды көрсөтсөм деле киргизишкен жок”, - дейт алардын бири.

Анын айтканына караганда, грузин чек арачысы себебин түшүндүрбөй, чечимди комментарийсиз калтырган.

Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу кол салуу 22-марттын кечинде болгон. Тергөө комитетинин соңку маалыматы боюнча, кандуу калабада 145 адамдын өмүрү кыйылды, 500дөн көп киши жабыркады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG