Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Москвадагы мигранттар: "Үйүнөн кууп чыкты. Таксиге кардар азайды"


Москванын көчөсүндөгү таксилер
Москванын көчөсүндөгү таксилер

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар Москвадагы теракттан кийин басым-кысымга кабылганын айтып жатышат. Үй тазалоочу компанияда иштеген жана такси айдаган эки мигрант башынан өткөн окуяларын айтып беришти.

"Үйүңөргө кеткиле!"

Кыргызстандык Айжаркын бир нече жылдан бери Москвадагы үй тазалоочу компаниялардын биринде иштейт. Ал "Крокустагы" кол салуудан кийин бир нече ирет кысымга кабылганын айтып берди:

"23-марттан тарта бизге карата мамиле өзгөрдү. Ал күнү эртең менен адаттагыдай буюртмага жөнөгөнбүз. Москвадагы орус үй-бүлө үйүн жыйнаганга чакырган экен. Биздин өңүбүздү көрүп эле үй ээси ызы-чуу салды. Ага карабай ишибизди баштадык. Менежерге кабарлашканыбызда үй ээси менен сүйлөшүп коёрун айтып, ишибизди улантууну суранды. Ишибизди бүтөргө аз калганда үй кожойкеси болбогон шылтоо таап, чыр чыгарды. Күйөөсү жанымдагы аялды бурагычты (отвертка) артынан такап, бизди үйүнөн кубалап айдап чыгышты. Алар "бул биздин менчик үй, биздин өлкө, чыгып кеткиле, үйүңөргө кеткиле" деп кыйкырышты. 15 миң рублга бааланган ишибиз үчүн менежерлер бизге 3000 рубль гана төлөп беришти".

Айжаркындын айтымында, көбүнчө буюртма берген үй ээлери акча төлөбөй жатат:

"Москвада канча жыл жүрсөм дагы өзүмдү ушунчалык кооптуу абалда сезе элек болчумун. Мындай учурда сени эч ким коргой албайт экен. Көбүнчө буюртмаларды орус же армян улутундагы үй-бүлөлөрдөн алабыз. Мен өзүм төрт учурга туш болдум. Төртөөндө тең бизди "садисттер, киши өлтүргүчтөр" деп акыбызды төлөбөй кууп чыгышты. Бир жолкусунда мас балдарга туш болуп калып, өзүбүз качып чыктык. Алар да бизди мусулмансыңар деп оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, сөгүштү. Буюртмалар көп эле келип атат. Бирок менежерлер да борбор азиялыктарга, мусулмандарга аларды аз бере башташты".

“Шереметьеводогу” текшерүүдөн мигранттар кыйналды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

"Борбор азиялык экениңди укканда отурбай коюшат"

"Менде бул учурга чейин буюртманы мынчалык “жокко чыгарган учур” болгон эмес. Башка жакта кандай билбейм. Москвада жүргүнчүлөр айдоочунун рейтингин баалашат. Азыркы учурда менин рейтингим 4.99 да. Эң жогорку 5 деген баага жакын", - деп сөзүн баштады Москвада такси кызматында иштеген Бек.

Москва шаарында такси айдаган Бек деген жигит (коопсуздуктан улам аты-жөнү өзгөртүлдү)
Москва шаарында такси айдаган Бек деген жигит (коопсуздуктан улам аты-жөнү өзгөртүлдү)

Бир нече жылдан бери Москвада такси айдоочу болуп иштеген мигрант да теракттан кийин борбор азиялыктарга мамиле өзгөргөнүн айтат:

"Биринчиден, менин атым славянча эмес. Ошол да себеп болушу мүмкүн. Кандай адам келет деп тынчсызданышат да. Азыр түнү менен иштедим. Бирок көбүнчө мигранттар буюртма кылды. Бүгүн түнү 20 буюртманын 10у мигранттардан келди. Беш буюртмада кыргыздарды ташыдым. Эки-үч буюртмада тажик, өзбек жарандары болду. 22-марттын түнү деле иштедим. Ал күнү шектүүлөр ким экени тактала элек болчу. Кадимкидей иш күнү болду. 22-март күнү кечки саат 10дон эртең мененки 8ге чейин иштегем. Жүргүнчүлөр менен “жаман окуя болду”, “теракт болду” деп талкуулап кеткенбиз. 23-мартта шектүүнүн ким экени белгилүү болгондон кийин өзгөрүү болду. Мен орус тилдүү мектепте окугам, орусча эркин сүйлөйм. Ошондуктан дайым кардарлар менен сүйлөшүп барчумун. Эми маанай такыр башкача. Кээде кардар айла жок эле отуруп калганын көрөсүң".

Москвада теракттан кийин Борбор Азиядан барган мигрант такси айдоочулардын кызматынан пайдалануудан баш тарткандар бар.
Москвада теракттан кийин Борбор Азиядан барган мигрант такси айдоочулардын кызматынан пайдалануудан баш тарткандар бар.

Чет өлкөлүктөр басымдуу кылган базар, соода борбор жана мекемелер текшерилип жатканы тууралуу жергиликтүү бийлик, тартип коргоо органдары да маалымат таратып жатат. Анын жыйынтыгында өлкөдөн чыгарылгандар, депортация болгондор да болууда.

"Азыр орусча билесиңби, билбейсиңби, Орусияда чоңойгонсуңбу, орус жаранысыңбы - маанилүү эмес. Өңүң славян болбосо, өздөрүнөн кем көрүшөт. Жектегенин жашырбайт. Рейтингди түшүргөнгө аракет кылышат. Мага [компаниядан] “Сизге татыксыз коюлган бааны өчүрдүк” деген билдирүү көп келет", - дейт Бек.

Крокус Ситидеги" 22-марттын кечиндеги терактта 140тан ашуун киши каза болгону, 500дөн ашыгы жабыркаганы расмий маалымдалды.

Чабуулга байланышы бар деген кине менен ондон ашык киши кармалган. Алар негизинен Борбор Азия, Тажикстандан баргандар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG