Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

СOVID-19: Кытай берген вакцина 15-июлга чейин алынып келет


Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган.
Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган.

Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.

“Сүйлөшүүлөрдүн баары жадыбалга ылайык өттү. Министрлик менен өкмөт 150 миң доза вакцинаны алып келүүгө байланыштуу маселенин баарын чечти",- деп билдирди Бектурганов.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги дагы бул жагдай тууралуу комментарий берип, 150 миң доза “Sinopharm” вакцинасы Кыргызстандан келчү учакты күтүп аэропортто даяр турганын айтты.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдан вакцина алып келүү үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап жаткан жана ЮНИСЕФ каралашары маалымдалган.

Өлкөдө эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган жана вакциналар Кытай менен Орусиядан келген.

Учурда 100 000дей жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Алардын теңине жакынына экинчи доза сайылды.

Соңку күндөрү Кыргызстанда оору жуккан учурлар көбөйө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG