Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:00

"Келечек талкаланууда". Маңзат соодасына азгырылган өспүрүмдөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги жарым жылда маңзатка байланыштуу 753 кылмыш катталганын билдирди. Соңку кезде өлкөдө маңзат таратуу интернет аркылуу жүрүп, ага жашы жете элек өспүрүмдөр, студенттер тартылып жатканы айтылууда.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маңзаттарды мыйзамсыз таратып жүргөн бир нече өспүрүмдү кармаган.

"Баңгизат издеген өспүрүмдөр көбөйдү"

Буга чейинки иликтөөлөрдө Телеграм-каналдарда "жеткирүү кызматына жумушчу керек, айлыгы жогору" деп жаштарды жумушка чакырган жарнамалар көп чыга баштаганын, алар сунуштаган "жумуш" маңзат ташуу экени айтылган.

Бишкектин Горький көчөсүндөгү ботаникалык бакка жакын жашаган Рашид Көчкөнбаев үйүнүн тегерегинде баңгизат издеген өспүрүмдөр көбөйгөнүн айтууда.

"Акыркы кезде 14-15 жаштагы балдар келе баштады. Мурда 40 жаштан жогору кишилерди көрчүмүн. Жапжаш кыргыз кыздар-балдарды көрүп калдым. Теректердин түбүнө, суу түтүктөрдүн алдына таблеткаларды катып кетерин бир-эки жолу байкап калдым, катып туруп анан сүрөткө тартат. Күндүз деле, түндө деле жүрүшөт. Сурасаң "батир издеп жүрдүк эле" деп коюшат. Түнү менен уйку жок, иттер тынбай үрүп чыгат. Мен милицияга да айткам, алар үйгө чейин келип рахматын айтып кетишкен. Бирок жаштар токтобой эле кайра күчөп кетти. Азыр да милицияга арыз жазганы жатам. Кыргыздын келечеги талкаланып жатат. Түнкү саат 11де кыздар жүрөт, "уят эмеспи" десем, "бизге тийишип жатасыз, азыр милиция чакырабыз" деп кайра мага атырылышат. Болбосо арык жээкте бирдеме издеп жүрүшөт".

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети март айында Бишкектеги ботаникалык бакта "маңзаттарды жашырууга аракеттенип жаткан жеринен бир нече адам кармалганын" билдирген. Кармалгандар арасында мектептин 9-11-классынын окуучулары жана 16-17 жаштагы эки улан болгону айтылган. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP”маңзаты жана ар бири 0,4 граммдык 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган.

Ал эми 4-апрель күнү Бишкектеги Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкектин 19 жаштагы тургуну кармалган.

Июнь айында 20 жаштагы эки баланын автоунаасындагы баштыктан болжол менен салмагы 11 кг 750 граммдык 47 таңгактагы мефедрон табылган.

Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөгөн. Ошондой эле жашаган үйүндө “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңги лаборатория иштеп жатканы аныкталган. Мындан улам, атайын кызмат маңзаттарды мыйзамсыз таратууга студенттер, мектеп окуучулары, жашы жете элек өспүрүмдөр көп тартылып жатканын белгилеп, ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна көзөмөл кылууга чакырган.

"Баңги менен кармалгандарга тосмо арыз каралбайт"

Көп жылдан бери адвокаттык ишти аткарып жүргөн Шердор Абдыкапаров учурда баңги менен кармалган өспүрүмдөр көп болуп жатканын айтууда.

"Азыр менин ишимдин көбү, 60-70% баңгиге байланыштуу болуп кетти. Учурда бир гана ушул баңгиге тиешелүү 18 ишти карап жатам. Көбүнчөсү балдар, "үйүмө акча таап, жардам берем" деген жупуну үй-бүлөнүн балдары. 16-17 жаштагы балдар "муну тигил жакка алып бар" десе, алып барат. Ал жерде милиция күтүп жаткан болот. Азыр лаборатория жасап кармалгандар да болуп жатат. Анткени мефедрон дегендин 1 кг 10 миң долларга чейин турат. Баңги менен чоң көлөмдө кармалса, тосмо арыз каралбайт, камаласың деген эле сөз".

Ал тапта Ички иштер министрлиги алты айда баңгизатка байланыштуу 753 кылмыш аныкталганын билдирди. Алардын канчасы жашы жете элек өспүрүмдөр экени белгисиз.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Чолпон Табалдиева учурда жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Биздин кызмат дайыма жаштар, жашы жете элек өспүрүмдөр, ата-энелер, мугалимдер менен алдын алуу иштерин жүргүзүп келебиз. Жыл башынан бери 180ден ашуун түшүндүрүү иш чараларын өткөрдүк. Аны үч деңгээлде ишке ашырабыз. Биринчисинде баңгизаттан кабары жок жалпы элге, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Экинчи деңгээлде баңгизатты алгачкы колдонгон же аны алгачкы жолу жүгүрткөн адамдар менен өзүнчө иштерди аткарабыз. Үчүнчүсүндө баңгизатка көз каранды адамдар менен өзүнчө иш алып барабыз. Азыркы учурда биз көбүнчө биринчи деңгээлдеги иштерди, башкача айтканда, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз".

Табалдиева кошумчалагандай, алты ай ичинде 5 тоннадан ашык баңги каражаты, психотроптук заттар жана прекурсорлор (тийиштүү затты пайда кылуу үчүн реакция жаратуучу заттар - ред.) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Буга чейин интернетте маңзатка байланыштуу бир нече чуулгандуу тасмалар да тараган. Чуу жараткан "Принцесса Дури" деп аталган топтун Телеграм-каналында таяк жегендер кантип жазаланганы тартылган видеолор жүктөлгөн.

Сабалгандар буюртма түшкөндөн кийин маңзатты мерчемделген жерге жеткирбей койгону үчүн жазалоого кабылганы айтылган.

"Жалпы коомчулук күрөшүү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков жаштар арасындагы баңги кылмышын азайтуу үчүн жалпы коомчулук күрөшүү керектигин айтууда.

Сүйүнбек Өмүрзаков
Сүйүнбек Өмүрзаков

"Бул жумушту бир эле Ички иштер министрлигине жүктөп коюш туура эмес. Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги иштеши керек. Коомчулук дагы киришсе, мисалы, бул дарыканада же бул үйдө сатат экен деп милицияга маалымат берип турса жакшы болмок. Себеби көп жарандар "мен арыз жазсам, убактымды коротуп кечке жүрүшүм керек" деп айтышат. Бул кайдыгерлик да".

Соңку кездери Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын арасында да маңзат соодасына аралашып, кармалгандар көбөйдү.

Расмий маалыматка караганда, учурда 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын абактарында отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу айыпталууда. Ал жактагы маңзат соодасы да көбүнчө интернет аркылуу жүргөндүктөн, мигранттар чоң акчага азгырылып, курьер болуп ишке кирет. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат кампаниясын баштоо маселеси парламентте да бир нече жолу көтөрүлгөн.

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам расмий каттоодо турат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар.

Маңзат соодасы интернетте ачык эле жүрүп жатканын “Азаттык” былтыр да иликтеп, системалашкан кылмыштуу бизнес кантип иштей турганын көрсөтүп берген.

"Жаштыгымды маңзатка уурдаттым". Абайдын өкүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:41 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG