Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

Бишкекте мектеп окуучулары таратып жаткан синтетикалык маңзат кармалды


Баңгизат менен кармалган өспүрүмдөр. Бишкек. Сүрөт УКМКга таандык.
Баңгизат менен кармалган өспүрүмдөр. Бишкек. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакта "маңзаттарды жашырууга аракеттенип жаткан жеринен бир нече адам кармалганын" маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар арасында мектептин 9-11-классынын окуучулары жана 16-17 жаштагы эки улан болгон. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP”мбаңзаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (“Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

4-апрель күнү Бишкектеги Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен 2004-жылы туулган Бишкектин тургуну А.С.Д. кармалды. Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып жатат деп билдирди атайын кызмат.

УКМК жарандарды маңзаттарды мыйзамсыз сатууга катышы бар фактыларды билдирүүгө чакырып, купуялуулук сакталарын маалымдоодо. Мындан тышкары, мыйзамсыз ишке тартылган адамдар өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, анын мыйзам чегинде коргоонусуна колдоо көрсөтүлмөкчү.

Атайын кызмат акыркы убактарда маңзаттарды мыйзамсыз таратууга студенттер, мектеп окуучулары, жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып жатканын белгилеп, ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна көзөмөл кылууга чакырууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG