Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Жакшыларга өмүр тилеген Максат акын


Максат Жангазиев.
Максат Жангазиев.

Жаш акын Максат Жангазиев ырларында турмуштагы карама-каршылыктар тууралуу баяндап, конфликттүү кырдаалдарды ачык сүрөттөгөнү менен калемдештеринен өзгөчөлөнүп турат.

Өзгөрө берет тура кийинкибиз,
Оо мындан башка эле да мурункубуз.
Оодарып чала коюп бирибизди,
Оюндан далай ирет жыгылчубуз.

А азыр чалса турмуш аягыңдан,
Алдастап бутка кайра кыйын туруш.
Жашынмак ойночу элек балдар менен,
Өзүңдү далдоо жерге катмай деген,
Көзүңдү жумуп табуу оңой эле
Ким кайда жашынганын айтпай белем,
А азыр ачып алып көздөрүмдү,
Андагы досторумду таппай жүрөм.

Жаш акындын алгачкы ырлар жыйнагы 2014-жылы “Жүрөк үнү” деген аталышта чыккан. Анын алгачкы поэзия кечеси мындан беш жыл мурда өткөн эле.

27-декабрда акындын “Декабрдын кечи” аттуу экинчи ыр кечеси өттү. Аны төкмөлөр Асылбек Маратов жана Султан Акмат ачты.

Кечеде акындын ата-эне, өмүр, сүйүү тууралуу ырлары, азыркы замандын оош-кыйышын чагылдырган азил-тамашалары окулуп, обондуу ырлары жаңырды.

Кыргыз маданиятындагы байыртан келаткан төкмөлүк өнөрдү баалаган акын Максат Жангазиев өзү да көрүүчүлөрдүн алдына комуз менен чыкты.

Ал өзүнүн балалыгынын сүртүмдөрүн, азыркы учурдагы абалын баяндаган ырын окуп берди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Максаттын ырлары турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдарды ачык сүрөттөгөнү менен өзгөчө экенин белгиледи.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Жазуучулар Союзуна Максат менен бир күндө кабыл алынганбыз. Анын поэзиясы жорго уйкаш. Түбөлүктүү тема болгон өмүр, сүйүү ырларын бардык акындар жазат. Мага Максаттын азыркы заманды, технологиянын жетишкендиктерин, кемчилдиктерин айкалыштырып, азил-чыны аралаштырып жазганы жагат".

Министр айткандай, Максат азыркы учурдун оош-кыйышын кылдат чагылдырат. Буга анын “21-көрүнүш” аттуу ырын мисалга тартсак болот.

Калаа ичи. Кымгуут өткөн унаалар…
Жиптер жүрөт кең көчөнү аралап.
Эч бирөө жок «кет» деп ары кубалаар,
Иттер жүрөт ары-бери талаалап.
Көргөн көзгө эч кейпи жок жаңырчу,
Көрүнүшү жүрөгүңдү канаткан,
Тагдыры үчүн айыбы жок кайырчы,
Таштандыга баратканы бараткан.
Кол алышып, келип бирдей бүтүмгө,
Кымтып алып терезесин акырын,
Бир килтейген имараттын ичинде,
Бир чиновник пара алууда жашыруун.
Иштен чарчап, бирок ичтен сүйүнө,
Нан көтөрүп бара жатат бир киши.
Жубайы ооруйт, балдары ачка үйүнө,
Жан көтөрүп бара жатат бул киши!
Итче болбой, кубаланган кайырчы,
Ичи эмес, сырт кийими кир болгон,
Шол бир киши, шол чиновник дайымкы,
Булар баары өтөт күндө бир жолдон.
Убакытка күйүт, күлкү коштолуп,
Ушул жолго далай жаан жаайт, кар басат.
Оо бир күнү булар баары жок болуп,
Ордулары башкаларга алмашат…

Обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев Жангазиевдин ырларында адамды тартып турган касиет, жылуулук бар деп баа берди.

Сыймык Бейшекеев
Сыймык Бейшекеев

"Максатты бала кезинен тааныйм. Анын чыгармачылыгына 2013-жылдан бери кызыгып, “Ата-эне” деген ырына обон жаздым. Бул ырында ата-энеге болгон сагыныч, урмат-сыйды төрт куплетке камтып койгон. Анын башка акындардан өзгөчөлүгү сөзгө сараң, аз жазгандыгында".

Кечеге атайын келген поэзия күйөрманы Мырзайым Үсөналиева жаш акындын ырларында жүрөктү дарылаган касиет барына токтолду.

"Максаттын мага ата-эне, бала, мекен тууралуу ырлары жагат. 2020-жылы оор жоготууларды баштан кечирдик. Жан дүйнө ооруп турганда кечеге келип, руханий азык алдым. Максаттын ыр кечесинде отуруп, кыргыз адабиятынын уучу кур эмес экенин сездим. Алыкулдай ыр жазган, өз үнү бар келечектин Максаты дегим келет".

Алып баруучу Максат Жангазиевдин “Декабрь кечи” аттуу поэзия кечеси 300 орундук “Алтын Бак” ресторанында өттү. Кечеге 400гө жакын көрүүчү келди.
Алып баруучу Максат Жангазиевдин “Декабрь кечи” аттуу поэзия кечеси 300 орундук “Алтын Бак” ресторанында өттү. Кечеге 400гө жакын көрүүчү келди.

Максаттын куржунунда дүйнөдөгү эң кымбат адамдарына арнаган “Ата-эне”, “Күлчү, апаке” аттуу ырлары бар. Эл оозуна алынган бул чыгармалардын каарманы, жаш акындын апасы Рыскан Чимиянованын айтымында, уулу беш жашында тамга таанып, сүрөт тарта баштаган.

акындын апасы Рыскан Чимиянова
акындын апасы Рыскан Чимиянова

"Уулум 9-классынан баштап ыр жазды. Сүрөт тартчу. Алгачкы ыры Токтогул акын тууралуу болду. Аны мектеп тактасына илишкен. Ыр дүйнөсүнө аралашкан убагында мага, атасына, бир туугандарына, мекенге арнап ыр жаза баштаган. Уулумдун кечесинде толкунданып, кубанычымды жашыра албай ыйлап алдым. Ата-эне үчүн балдарынын жетишкендиги чоң бакыт тура. Уулумду карап отуруп “элдин уулу” болуп калгандыгына ынанып, сыймыктандым".

Чыгармачыл адам үчүн жалаң калем менен жан багуу кыйын эмеспи. Максат да адеп жогорку окуу жайын бүткөндө Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде кыргыз тил, кыргыз адабиятынан сабак берген. 2016-2018-жылдары коомдук каналдын алдындагы “Маданият Тарых Тил” каналында “Адабий айтыш” берүүсүнүн алып баруучусу болгон. Учурда 5-каналда диктор болуп иштейт.


Жангазиев келечекте дүйнөнүн төрт бурчун кыдырган, орус, француз, түрк, англис тилдеринде окулган ырларды жазгысы келет. "Жараткан ырларым Гётенин, Байрондун чыгармаларындай дүйнөлүк адабиятта түбөлүк из калтырса" деген тунук тилеги бар.

"Мен университетте окуп жүргөндө көзү ушул жылы өтүп кеткен Кадыркул Даутов агайдан сабак алганыма кубанам. Ал убакта агайдын улуу сынчы экендигин барк албапмын. Ыр жазуу бул убакытты талап кылбаган жан дүйнө жумушу. Өнөрдүн артынан телевидениеде иштеп калдым. Учурда сынга аябай муктажмын. Кемчилигимди, артыкчылыгымды айтып, туура багыт берген эже-агайларым болсо дейм. Ошондуктан, жакын арада ырларымды жымсалдабай сынаган агай-эжелер менен сүйлөшүүнү пландап жатам".

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков кечеде жаш акынга бата берип, жигердүү эмгектене бериши керектигин эскертти.

Надырбек Алымбеков
Надырбек Алымбеков

"Ырлары элге жага баштаганын келген күйөрмандарынын көзүнөн байкап отурабыз. Демек ырлары жаштар арасында кеңири окула баштады. Чыгармачылык, өнөр оңой жол эмес, бул касиет көрүнгөнгө бериле бербейт. Баарысы тегиз жактыра бербеши да мүмкүн. Бирок өжөрлүк менен иштеп отурса, өзүн өнүктүрсө, убагы келгенде кадыр-барктуу мыкты акын чыгат".

Кечеде акындын “Айымдарга” аттуу ырын калемдеши Бердибек Жамгырчиев окуп берди.

Омурткасын сыздаттырып кээ күнү,
Орок оруп жүрсө дагы кээ бири,
Орошон ой жүрөгүнө түнөтүп,
Оттон бүткөн кыргыз эне мээрими!

Күп деп жерге түшпөсө да булуттан,
Кыргыздардын айымдары улук жан!
Бүгүп тизе, баш ийер күн келсе да,
Бүлөсүнө калкан болуп турушкан!

А кубаты улуу күчкө келип тең,
Кайратына ташты дагы эриткен.
Эл-жерине жоо жолобос болсун деп,
Эрлерине жолборс төрөп беришкен!

Ар-намысын акыл менен бүлөгөн,
Айымдардын мээримине сүйөнөм.
Мамлекеттин эртеңи үчүн а эми,
Манас төрөп берүүңөрдү тиленем!

Кандай учур келсе дагы, оболу,
Кадырыңар болсун дайым жогору!
А эркектер, юбка алдына баш катпай,
Алды жакта жол башчылар бололу!

Максат Жангазиевдин калемдеши Бердибек Жамгырчиев акындын ырларына азил-чыны аралаш тамашаларын жазып жүрөт. Ал досунун башка акындардан айырмачылыгы айтылган сынды туура кабыл ала билгендиги экенин айтты:

Бердибек Жамгырчиев
Бердибек Жамгырчиев

"Максат абдан көп ойлонуп- толгонгон акын. Биз 2010-2011- жылдан баштап бирге келаткандыктан бири-бирибиздин жан дүйнөбүздү, эмнеге кыжалат болуп, эмнеге кубанарыбызды билип калдык окшойт. Максат жаратылышынан акындык мүнөзү бар. Анын жүрүм-туруму акындыгына шайкеш келет, жашап жазат. Бизден айырмасы ал котормо менен көбүрөөк алектенет. Анын дагы бир өзгөчөлүгү сынды, тамашаны жакшы кабыл алат.

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун жетекчиси, “Декабрдын кечи” поэзия кечесинин уюштуруучусу Бакай Акылбеков жаштардын жан дүйнөсүн байытуунун бир жолу - бул чыгармачылык кечелерди уюштуруу деген ойдо.

"Максат аганын поэзиясын жаштар жакшы кабыл аларын билдик. Бул китеп той кечеси үчүнчү ирет уюштурулуп жатат. Өтүп бара жаткан жыл оор жыл болбодубу... Жыл жыйынтыгында жакшылык тилеп, элди аруулукка чакырып, ушул поэзия кечесин уюштурууну эп көрдүк. Негизи китеп тойдун максаты - элди китеп окууга чакыруу. Биз тойдун форматын бир аз өзгөрттүк. Биздин тойго келген адам жөн эле ичип-жеп алып кетип калбай, акындардын ырын угуп, маңыздуу тренингге да катышат. Китеп тойдо устукан ордуна келгендерге китеп белекке беребиз".

2020: «Азаттык» жоготкон чыгаандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:00 0:00
Түз линк

Үч саатка созулган кеченин аягында күйөрмандар кеткиси келбей акындын ырларын кайра-кайра уккусу келип турганы алардын көздөрүнөн, тынымсыз кол чабууларынан көрүнүп турду. Акын кечени “Жакшылар жашаса экен жер үстүндө” деген ыры менен жыйынтыктады.

Күүгүмдөр Күн нурунан эрип күндө,
Күн батса, Ай жарыгын берип түнгө,
Жашоонун арабасы жүрөт тура,
ЖАКШЫЛАР жүргөн үчүн жер үстүндө...

Жай жылбай учат мезгил закымдаган,
Жашоонун мыйзамынан башым да маң.
Шордуу күн ЖАКШЫЛАРДЫ түгөткөндө,
Шол күнү болот тура акыр заман...

Жанымды соолуттурган жайдан качып,
ЖАКШЫНЫ жүргүм келет жандай басып...
Азгырык дүлөй кылып турган чакта,
Азандын үнүн угуу кандай бакыт!

Өзөктү санаа менен жерип күндө,
Өр шашам өзгөрүлгүм келип күндө.
Жанашып алгычакты мен аларга,
ЖАКШЫЛАР жашаса экен жер үстүндө...

Мугалим, алып баруучу, диктор, акын Максат Жангазиевдин “Декабрдын кечи” аталышында поэзия кечесине коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция, студенттер келишти. “Бир адамдан бир китеп” долбоору уюштурган бул ыр кече “Алтын Бак” ресторанында өттү.

Максат Жангазиев "Калемгердин пегасы" адабий конкурсунун баш байгесинин, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси. Ал айтылуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арнап жазган “Таттыбүбү”, “Чөнтөгүмө бакыт салып баратам”, “Биздин үй”, “Күлчү, апаке”, “Бороондогу ыр” ж.б. ырлардын, “Көңүл керек” аттуу аңгеменин автору.

Декабрдын кечин кооздогон ыр кече
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:45 0:00

XS
SM
MD
LG