Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Лачындын жабылышы: Тоолуу Карабактагы жаңы кризис


Армениянын жолдо токтоп турган гуманитардык жардам кербени.
Армениянын жолдо токтоп турган гуманитардык жардам кербени.

Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу армениялык жүк ташуучу автоунаалардын кербенин өткөрбөй койгону Баку менен Еревандын кайым айтышын күчөттү.

Жабылган жол жана айыптоолор

Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрөрүн билдирген. Армян аткаминерлери ошондой эле орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына да үмүт артып жаткан.

26-июлда кечинде Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу унаа барганда, аларды азери аскерлери өткөрбөй койгон.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым" деп атап, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети деп айыптады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартышы керектигин" билдирди.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Твиттерге "Тоолуу Карабактагы армяндар туш болгон кырдаалга көз жуумп коё албайбыз" деп жазды.

Ал 27-июлда өкмөт жыйынында Бакунун аракетин “түшүнүксүз жана кабыл алынгыс” деп атады жана аймактагы элге ырайымсыз мамиле катары сыпаттады.

Баку аймак тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Агдам-Ханкенди жолун жана башка альтернативдүү жолдорду пайдаланууну сунуштады. Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө армян тарап башка сунуштарды кабыл албаганы белгиленген.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин бул билдирүүсүнө Армениянын расмий өкүлдөрүнүн жообу азырынча белгисиз.

Европа Биримдиги кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Лачын коридору аркылуу коопсуздук жана эркин жүрүүнү камсыздап, кризистин күчөшүнө жол берилбеши керектигин белгиледи.

Мыйзамсыз жүктөн күчөгөн талаш

Баку Армения Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтотконун Мамлекеттик коопсуздук кызматы 11-июлда кабарлаган.

Азербайжан буга Эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташылып жатканын жүйө келтирген.

Кызыл чырым уюму жергиликтүү тургундарга медициналык каражаттар жеткирилерин, аны улантууга уруксат берүү керектигин айткан. Кийинчерээк Кызыл чырымдын жетекчилиги төрт жалданма айдоочу уюмдун логотиби убактылуу чапталган жеке автоунааларында коммерциялык жүк ташууга аракет кылганын, алар менен кызматташуу келишими дароо токтотулганын маалымдады.

Лачын коридору
Лачын коридору

Соңку бир айдан ашуун убакыттан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келүүдө. Ал эми Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөгөн.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения 4 миңдей, ал эми Азербайжан 3 миңдей жаранынан айрылганы кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык коридор. Аны 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинен аталган коридорго Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы тууралуу кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей этникалык армян тектүүлөр отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG