Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

Тоолуу Карабак: Ок атышууну токтотуу тартиби бузулду


Айрым армяндар Еревандан кайра Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгүнө кайтууда. 2020-жылдын 12-декабры.
Айрым армяндар Еревандан кайра Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгүнө кайтууда. 2020-жылдын 12-декабры.

Быйыл 9-ноябрдагы үч тараптуу билдирүүгө ылайык эртеси башталган Тоолуу Карабактагы ок атышууларды токтотуу тартиби алгачкы ирет бузулганы кабарланды.

12-декабрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабактагы майдан тилкесинде ок атышууну токтотуу эрежеси аз убакытка бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жарыялады.

«Армян тарабы Азербайжандын бошотулуп алынган аймактарында ок атышууну токтотуу тартибин бузууга багытталган провокациялык иш-аракет жасады. Азербайжандын Куралдуу күчтөрү тиешелүү түрдө жооп берүү чараларын жүзөгө ашырды», – делет билдирүүдө. Ишембиде кечки 8де Баку тарабынан жасалган билдирүүдө ок атышууну токтотуу тартиби кайрадан сакталып жатканы маалымдалды.

Ал эми Армениянын премьер-министринин басма сөз катчысы болсо «Фейсбуктагы» барагында Тоолуу Карабакта түштүк багытта азербайжан жоокерлери тарабынан армян жоокерлеринин күзөтүнө чабуул жасалды, андан соң бул чатак тууралуу аймактагы орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрүнө маалымат берилди, деп жазды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 12-декабрда ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары менен жолугушуусу маалында 11-декабрда кыска убакытка орун алган бул жаңжал жөнүндө өзүнүн кабардар экендигин билдирип: «Кечээ (11-декабрда) же армян жоочулары, же болбосо өзүн «армян аскери» деп атаган топтун калган-каткандары террордук аракетти жүзөгө ашырышты. Бул, албетте, тынчсыздантат. Менимче, Армения (жаңжалды) кайра баштоого даап баруудан баш тартканы оң».

Тоолуу Карабактагы орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрүнүн жайгашуу орундары чагылдырылган бул картаны Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялады. 2020-жылдын 12-декабры.
Тоолуу Карабактагы орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрүнүн жайгашуу орундары чагылдырылган бул картаны Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялады. 2020-жылдын 12-декабры.

Кыска маалымат

Тоолуу Карабактагы жаңжал алгач 1988-жылы башталган. Ал кезде советтик Армения Азербайжандын Тоолуу Карабактагы бөлүгүн өзүнө ыйгаруу далаалатын жасаган, кийин жикчил армяндар бул жердин айрым бөлүгүн эгемен деп бир тараптуу жарыялашкан. Бирок алардын эгемендигин Армениянын өзү да тааныбай келет.

1994-жылы ок атышууларды токтоткон маалда Тоолуу Карабак автономиясынан тышкары дагы 7 азербайжандык коңшу район армян аскерлери тарабынан басып алынган.

2020-жылдын 27-сентябрында согуш оту тутанып, алты апталык согуштун жүрүшүндө Азербайжан өзүнүн басып алынган райондорундагы 280 кыштакты, 4 ири кыштакты жана Шуша, Жебрайил, Физули, Зангилан, Губадлы шаарларын бошотуп алууга жетишкен.

10-ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу тартиби киргизилген. Үч тараптуу макулдашууга ылайык, Келбажар, Агдам жана Лачын райондору толук Азербайжанга өттү.

Орусиянын 2 миңдей жоокери тынчтык жаратуу күчтөрү катары 10-ноябрдан тартып жикчил Тоолуу Карабакта жана Лачын өткөөлүндө кызмат кыла башташты. (TT)

XS
SM
MD
LG