Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

"Монгол эли кыргыздарга окшош, экөө тең эркиндикти баалайт"


Цахиагийн Элбегдорж Монголиянын "Наадам" улуттук майрамынын ачылыш аземинде, 2016-жылдын июль айы.
Цахиагийн Элбегдорж Монголиянын "Наадам" улуттук майрамынын ачылыш аземинде, 2016-жылдын июль айы.

Монголиянын мурдагы президенти жана мурдагы премьер-министри Цахиагийн Элбегдорж “Азаттыкка” маек куруп, монгол демократиясы, Орусия менен Кытайдын кысымы, Украинадагы согуштун Монголиядагы эпкини тууралуу ой бөлүштү.

Кыргыз-монгол алакасы кыр ашабы?

- Элбегдорж мырза, адеп маегибизди соңку окуялардан баштасак. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-июлда Монголияга мамлекеттик сапар менен барды. Ал соңку 21 жыл ичинде Улан-Баторго барган алгачкы кыргыз президенти болуп калды. Сиз 2012-2013-жылдары Монголиянын президенти катары Кыргызстанга келип кеткенсиз. Монголия менен Кыргызстандын карым-катышынын азыркы абалына сиз кандай баа бересиз?

- Менин 2012-жылкы сапарым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Дээрлик 12 жыл мурда мен Кыргызстанга баргам. Анда мага кыргыз парламентине кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк берилген. Андагы cөзүм “Эркиндик жана теңирдин тагы” деп аталган. Дал ушул эки нерсе биздин эки элди бири-бирине байланыштырып турат.

Эки эл тең эркин жашагысы келет, көз карандысыз болууну каалайт жана өзүнө мүнөздүү жашоо образы бар. Экинчиден, кыргыз-монгол элдеринин тарыхы окшош. Эки элдин тең балдары артында көк так менен төрөлөт. Биз аны “теңирдин тагы” деп атап коебуз. Бул эки эл генетикалык жактан бири-бирине жакын дегенди билдирет.

2017-жылы саясаттан кеткенимден бери бир топ убакыт өтүп кетти. Мен азыр Стэнфорд университетинде эл аралык мамилелер боюнча сабак берип жатам. Ошондуктан биздин эки өлкө канчалык жакындан кызматташып жатканын толук билбейм. Бирок кыргыз президентинин Монголияга барганы жакшы жышаан. Бул сапардын убактысы да жакшы тандалган экен. 11-июлда Монголияда “Наадам” деп аталган улуттук майрам башталат. Анда балбандар күрөшүп, айлана түркүн түскө боёлот. Кыргыз эли да ал майрамга күбө болот деп үмүттөнөм.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын учурдагы мамлекет башчысы Ухнаагийн Хурэлсух.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын учурдагы мамлекет башчысы Ухнаагийн Хурэлсух.

- Кызматташтык демекчи, президент Садыр Жапаровдун Монголиядагы сапарынын алкагында Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылары кабарланган. Монголиянын Кыргызстандагы элчиси 2021-жылы гана иштеп баштаган. Эки өлкө 30 жылдан ашык убакыт мурда дипломатиялык алака түзгөнүнө карабастан эмне үчүн андан бери дагы жакындан кызматташа алган жок? Эки өлкө өз ара алаканы тереңдетүүгө дилгир болдубу?

- Узак убакыт мурда Монголия Кыргызстандын баш калаасында консулдугун ачкан болчу. Бир нече жыл мурда консулдуктун макамы көтөрүлүп, элчиликке айланган. Менимче, биздин кызматташтыктын маанилүү бир аспектиси бар. Ал – биздин орток баалуулуктар.

Кыргыз эли да, монгол эли эркиндикти эңсейт, демократияны баалайт. Монголиянын тоталитардык режимден кантип демократиялык өлкөгө айлаганы көптөрдүн кызыгуусун жаратканын билем. Көпчүлүк экономикабызды, коомубузду кантип өзгөрткөнүбүзгө кызыгышат.

Ошол эле маалда кыргыз эли сыяктуу эле биз да бир топ маселелерге туш болуп келебиз. Биз тандаган демократиялык багыт элге кандай пайдасын тийгизүүдө? Кендерибиз көп болгону менен аларды кантип натыйжалуу башкара алабыз? Кыргыз расмий жетекчилерин да ушул суроолор кызыктырган.

Биз 1990-жылы парламенттик демократияны тандаганбыз. Бул парламенттик демократия 33 жылдын ичинде кандай өзгөрдү деген суроо турат. Албетте, биз элге гана үмүт арта алабыз. Демократиянын демилгечиси да, башкаруучусу да – бул биздин эл. Бирок демократияны саясатчылар ишке ашырышы керек. Бул жагында бир топ кыйынчылыктар бар.

- Сиз 2012-жылы Жогорку Кеңешке кайрылганыңызда Кыргызстандын парламенттик демократияга багыт алганын кубаттагансыз. Бишкекке келип кеткен соң Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда бийликтин демократиялык жол менен алмашуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн Монголия фондун түзүү демилгесин көтөргөнсүз. Андан бери Кыргызстан кайра президенттик башкаруу формасын тандап алды жана 2020-жылы кайрадан ири элдик толкундоону баштан кечирди. Эмне себептен Кыргызстан Монголия сыяктуу парламенттик демократияны өнүктүрүп кете алган жок?

- Менимче, ар бир нерсе элдин тандоосуна жараша болот. Эл тандоо жасайт. Эгер эл президенттик башкарууну тандаса, бул да жаман эмес. Монгол эли парламенттик республиканы тандап алган. Себеби 20-кылымда Монголияда авторитардык режим бийлик жүргүзгөн. Мындан тышкары Монголия толугу менен Орусия менен Кытайдын ортосунда турган жалгыз мамлекет. Эки чоң державанын ортосунда турат.

Ушундан улам чечимдерди кеңешип кабыл алуу жана элдин мамлекетти башкарууга катышуусу – демократиябызды жана эркиндибизди сактоо үчүн абдан маанилүү. Элдин демилгеси абдан керек. Ошондуктан Монголияда эл мамлекетти башкарууга аракет кылып жатат.

Кыргыз эли да биздин демократиялык багытыбызды кубаттап келет. Биздин демократиябыз жана тажрыйбабыз кыргыз элинин жашоо образына абдан жакын. Батыштын, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы кээде алысыраак, чоочунураак сезилиши мүмкүн.

Монгол элинин маданияты, өнүгүү жолундагы маселелери кыргыз элиникине абдан окшош. Менимче, биз Кыргызстандан көп нерсени үйрөнсөк болот. Силер да бизден үйрөнсөңөр болот. Бирок мен дайыма айтып келем. Биз башкаларды үйрөтпөйбүз, бирок башкалар менен тажрыйбабызды бөлүшө алабыз. Көйгөйлөрдү кантип чечкенибизди, тажрыйбабызды бөлүшсөк абдан пайдалуу болот.

Монголиянын мурдагы президенти Цахиагийн Элбегдорж менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаары, 3-апрель 2012-жыл.
Монголиянын мурдагы президенти Цахиагийн Элбегдорж менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаары, 3-апрель 2012-жыл.

Монгол демократиясынын сыры

- Сиз Монголиянын эки чоң коңшусу тууралуу сөз кылып кеттиңиз. Чынында Freedom House уюмунун Дүйнөдөгү эркиндик тууралуу интерактивдүү картасын карасаңыз, анда Монголия жашыл өң менен “эркин өлкө” деп белгиленген. Ошол эле маалда Монголияны курчап турган Кытай жана Орусия гүлгүн кызыл өң менен “эркин эмес” өлкө деп белгиленгенин көрүүгө болот. Монголиянын батыш тарабында Борбор Азиянын беш мамлекети тең “эркин эмес” деп сыпатталган. Монголия эркин эмес, авторитардык эки мамлекеттин ортосунда демократиялык институттарын жана баалуулуктарын кантип сактап, өнүктүрө алды?

- 1980-жылдардын соңунда Монголияда жаралган демократиялык кыймылдардын демилгечиси эл, жаштар болгон. Экинчиден, биздин демократиялык кыймылыбыздын баштапкы этабында биз демократиялык Конституцияны кабыл алганбыз. Бул Баш мыйзам коомдогу өзгөрүүлөрдүн кепили болуп берген.

Үчүнчү маселе - элдин, бейөкмөт уюмдардын мамлекетти башкарууга катышуусу. Биз элдин сөз эркиндигин, тынч жыйындарга чогулуу укугун дайыма сактоого аракет кылып келебиз. Ага артыкчылык беребиз. Биз бийликте турганда “бир дагы мамлекеттик институт маалымат каражатына ээлик кылбашы керек” деген сыяктуу мыйзамдарды кабыл алганбыз.

Биз Монголияда медианын, социалдык медианын эркиндигин камсыз кылууга аракет кылып келебиз. Социалдык тармактар – булар элдин медиасы. Социалдык тармактардын эркин болгону абдан маанилүү.

Эл аткаминерлердин кемчиликтерин, каталарын көрүп турат. Эгер өз көлөкөбүзгө өзүбүз жашынып албай, элге сын-пикирин ачык айтууга уруксат берсек, андан өзүбүз эле пайда көрөбүз. Бул жол менен гана эркиндигибизди сактап кала алабыз.

Жеке өзүм мамлекетимдин жана элимдин эркин болушу үчүн жан үрөп келем. Мындан тышкары дүйнөнүн башка аймактарында демократияны алга сүрөөгө аракет кылып жүрөм. Институттагы аналитикалык борборум жана эл аралык бейөкмөт уюмдар аркылуу өз тажрыйбамды башкалар менен бөлүшүп жатам. Тажрыйбамды кыргыз эли менен бөлүшүп жатканыма да кубанычтамын.

- Сиз Монголиянын демократиясынын таржымалын айтып кеттиңиз. Сиз 1990-жылдагы Монголиядагы демократиялык революциянын лидерлеринин бири болгонсуз. Бул революция Монголиядагы дээрлик 70 жылга созулган коммунисттик башкарууну соңуна чыгарган. Сиз соңку маектериңиздин биринде “Монголияда демократиянын тамыры терең экенин, бирок элдин тандоосу тынымсыз чабуулга кабылып турарын” айттыңыз. Монголиянын демократиясын ким же эмне бутага алып жатканын түшүндүрүп бересизби?

- Өлкөнүн жайгашкан жери маанилүү. Монголияны эки авторитардык держава курчап турат. Албетте, Монголия Кытай жана Орусия менен достук мамиледе болгусу келет. Бул абдан маанилүү. Орусия менен Кытай өз жолун тандаган. Биз аларды Монголиянын аймагындагы элдин тандоосун сыйлоого үндөп келебиз. Монголияда эркиндигибизди сүйлөшүүлөр үстөлүнө коюп, соодалаша албайбыз. Бирок биз башка маселелерде макулдашууга бара алабыз. Экономика, инфраструктура жана соода сыяктуу толгон-токой маселелер, тармактар бар.

Андан тышкары мен дайыма бир жагдайды баса белгилеп келем. Биздин өнүгүү философиябыз коңшуларыбыздан кыйла айырмаланып турат. Мисалы Орусияда же Кытайда борбордук бийлик күчтүү болсо, туруктуулук же гармония болот деген ишеним болушу мүмкүн. Бирок Монголиядагы жашоо образы такыр башка.

Монголияда эл күчтүү болсо, элдин ыйгарым укуктары көп болсо, өлкө да күчтүү болот. Монгол элинин канчалык көбүрөөк укугу болсо, калк канчалык жаратман болсо, Монголия да ошончолук гүлдөп өсөт.

Улан-Батордогу нааразылык, 2022-жыл.
Улан-Батордогу нааразылык, 2022-жыл.

Сиз айткандай, эркиндик индексинде Монголия чөлкөмдө “жашыл” өң менен белгиленген жалгыз өлкө. Мен муну “түнөргөн асманда түндүктөн көрүнгөн жылдыз” деп коем. Дүйнө эли монгол демократиясын көрүп, билип турат. Адатта адамдар жарык чыгарган жалынды алыстан эле көрүшөт. Бул жалынды өчүрбөш үчүн биз өз тажрыйбабызды башкалар менен бөлүшүп турушубуз керек. Башкалар да, эл аралык коомчулук да колдоп турушу керек. Бул жагынан алганда биздин өлкөлөрдүн алака-катышы абдан маанилүү.

Орусиянын менен Кытайдын таасири

- Орусия Кыргызстан сыяктуу чөлкөмдөгү өлкөлөрдө да, Монголияда да таасирдүү. Өткөн жылы Монголияда Орусиянын Улан-Батордогу элчилигин өлкөдөн чыгаруу демилгеси көтөрүлгөн. Буга элчи Монголиянын ички ишине кийлигишти деген билдирүүлөр себеп болгон. Орусия эмне үчүн дале болсо Монголияда өз таасирин жоготпой келе жатат? Буга Монголиянын орус мунайына болгон көз карандылыгы себеп болуп жатабы? Монголияга Орусиянын, балким Кытайдын таасирин азайтууга эмне тоскоол болуп жатат?

- Орусия да, Кытай да Монголиядагы демократияны, элдин эркин жана күчтүү болгонун жаман мисал катары көрүшөт. Алар Монголиядагы эркиндикти, демократиялык өнүгүүнү каалашпайт. Ошондуктан алар Монголиянын ичиндеги байланыштары аркылуу өз күчүн таңуулоого аракет кылат. Алар биздин элди, айрым саясатчыларды, чечим кабыл алуучу жетекчилерди паралап, аларды өздөрүнө жакын кармоого аракет кылат. Монголияда Орусиянын жана Кытайдын лоббиси жогорку деңгээлде.

Мындан тышкары кулк-мүнөз маселеси бар. Биз өлкөнү саясий, экономикалык жана социалдык жактан өзгөртүшүбүз мүмкүн. Бирок элдин калыптанып калган кулк-мүнөзүн өзгөртүү абдан кыйын. Монголияда үч муун социализм доорунда жашаган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да, айрымдар коммунисттик бийликтин алдындагы же социалисттик өлкөдөгү жашоо кандай болгонун билбейт. Айрым жаштарыбыз социализм жакшы болгон деп ойлошот. Андай болгон эмес. Ар бир адам анын оор кесепетин тартты. Жаштар аны көргөн эмес.

Эркин жашоо – таза абага барабар. Эгер кычкылтек, таза аба болбосо эл тумчугат, кыйналат. Ошондуктан биз өз эркиндигибизди өзүбүз гана коргой алабыз. Ал үчүн биз Монголиядагы жемкорлукка, начар башкарууга каршы күрөшүүбүз керек. Мисалы мен 2009-жылы өз өлкөмдүн президенти болуп шайланганда коррупциянын көрсөткүчү жогору болчу. Монголия 120-орунда турчу. Беш жылдык иштен кийин Монголия коррупциянын индексинде алгачкы 70 өлкөнүн катарына кошулган. Коррупцияга каршы күрөштө беш жылдын ичинде 50 мамлекеттен ашып өткөнбүз. Чоң жетишкендик болгон.

- Бирок азыр Монголиянын көрсөткүчү кайра төмөндөп, алгачкы жүз өлкөгө кирбей калган экен...

- Ооба, азыр кайра 110-орунга төмөндөп кетти. Бул жагдай демократияга жана эркиндикке күн сайын кам көрүш керек дегенди билдирет. Буга ар бир муун жооптуу болушу кажет. Бул токтобой турган иш. Ымыркайларга кам көргөн сыяктуу эле. Биз күндө эртең менен ымыркайлардын жалаягын алмаштырабыз. Ошол өңдүү эле жаман, кир нерседен күн сайын арылып туруу керек.

Монголияда адатта саясат коррупциялашкан. Саясат манипуляция кылат. Саясатчылар популизмге жана манипуляцияга жол беришет. Мындан эл гана кыйналат. Бирок биз элге гана үмүт арта алабыз. Эгер саясатчыларга азыраак, элге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берсең, ошондо ийгилик болот. Бул күн сайын улана турган күрөш.

Украинадагы согуштун эпкини

- Сиз Кремлдин Украинадагы согушун катуу сындап келесиз. Өткөн жылы сиз орус президенти Владимир Путинге эмоционалдуу видео кайрылуу жолдоп, аны Украинадагы согушту токтотууга, “маңызсыз киши өлтүрүүлөрдү жана кыйроолорду токтотууга” үндөгөнсүз. Орусия бурят, тува жана калмактар сыяктуу этностук азчылыктардын өкүлдөрүн согушта замбиректин огуна салып берип жатканын айткансыз. Сиздин оюңузча, бул согуш качан, кантип аякташы керек? Согушту токтотуу үчүн эл аралык коомчулук эмне кылышы зарыл?

- Биз орус элине каршы эмеспиз. Биз орус эли менен жакын-алака катышыбызды сактап калгыбыз келет. Биз болгону Кремлдин саясаты менен клептократиясына каршыбыз. Кремлдин эркин жана эгемен коңшуларына болгон агрессиясы менен импералисттик саясатына каршыбыз. Кремлдин жосуну жаман.

Экинчи дүйнөлүк согушта Монголия Советтер Союзунун эң жакын өнөктөшү болгон. Колубузда эмне болсо баарын берип, алыбыздын жетишинче колдогонбуз. Жарым миллион ат, алтын корубузду чогуусу менен бергенбиз. Гитлердик фашизмди жеңүү үчүн Советтер Союзуна болгон нерсебизди эч бир кайтарымсыз карматканбыз.

Эми Орусия башка өлкөгө кол салып жатканда биз андай саясатты колдобойбуз. Бирок биз орус элине жакынбыз. Согуш башталганы орус элининин бир бөлүгүнүн чыдамкайлыгын көрүп атабыз, алар коңшу өлкөгө басып кирүү оңбогондой туура эмес чечим болгонун, Кремл үчүн кыйроо экенин айтып жатышат. Кремлдеги саясатчылар Орусиянын кыйраткыч саясатынын негизги кыймылдаткычы деп айтаар элем.

Президент Путин жаңы мобилизация жарыялаганда Москва, Санкт-Петербург сыяктуу чоң шаарларда мобилизациянын шарттары аткарылды. Бирок улуттук азычылыктар жашаган алыскы аймактарда ал эреже сакталган жок. Орус бийлиги эч бир эрежеге баш ийбестен, диспропорционалдуу түрдө аз улуттарды армияга ала баштады.

Ошол эле Орусиядагы этностук монголдор ага илинди. Өзүңөр билгендей, Кытайда Монголияга караганда көп монгол жашайт. Бир миллиондон ашуун этностук монгол Орусияда жашайт. Монголдор өлчөөсүз мобилизацияланып, аларды согуштун алдыңкы тилкесинде окко салып беришти.

Мен мына ошолордун укугун коргоп, алардын жашоого болгон укугун, согушка баруудан баш тартууга, бир тууган украиндердин уул-кыздардын өлтүрүүдөн баш тартууга укуктуу экенин айтып, таламын талашып жүрөм. Мен азыр дагы согушту токтотууга үндөп, ал кечээ же өткөн айда бүтүшү керек болчу деген маанини жайылтып жүрөм. Согуш эбак бүтүшү керек болчу. Андан эркиндикти сүйгөн украин эли гана эмес, жалпы орус эли да катуу жабыр тартууда. Бул согушта эч ким утпайт.

Цахиагийн Элбегдорж менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Цахиагийн Элбегдорж менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

- Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын Украинадагы урушуна келгенде бейтарап позицияда калууну чечкен. Май айында чөлкөмдүн лидерлери Москвада Путин менен катар отуруп, парадга катышты. Монголия деле ошол позицияда туруп, Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусияны айыптаган резолюцияларга кайдыгер болуп добуш берет. Эмне себептен? Эмне үчүн Улан-Батор Украинадагы урушка ушундай позициясын көрсөтүүдө?

- Энергетикалык көз карандылыктан улам Орусия Монголияны муунтуп турат. Биз Орусиянын мунайынан дээрлик 100% көз карандыбыз. Ошондой эле электр энергиясы жагынан дагы Орусиянын көзүн карайбыз. 1990-жылдардан бери эле Монголиянын өзүнүн электр кубатын өндүрчү станциялары болуш керек деп айтып келебиз. Ошол эле гидроэлектр станцияларды куралы десек Орусия ага бөгөт койду. Биздин өлкөбүздөгү инфраструктураны өнүктүрөлү деген дымагыбыздан улам Орусия бизди такай муунтуп турат. 1990-жылдардан бери эле Монголия Орусиянын санкцияларынан жабыркап келатат. Монголиядан өндүрүлүп, Орусияга ташылган товарга асмандаган салык салынат. Отуз жылдан бери соода-сатыкта эч кандай тең салмактуулук деген жок. Биз Орусиядан 3 миллиард доллардай товар сатып алабыз. Бирок Орусиянын сатып алганы болгону - 200 миллион доллар. Орусия эбегейсиз чоң өлкө. Илгери Монголиядан көп сандагы ар кыл товар кирип турчу. Эми болсо Москва асмандаган төлөмдөрдү киргизип салган. Ошол кантип болсун?

Мен Орусия менен визасыз режим киргизгем. Президент Путин менен келишимге кол коюп, эки өлкөнүн жарандарына визасыз, ээн-эркин каттоону макулдашканбыз. Бирок азыр тоодой тоскоолдуктар, бюрократияга кабыласыз. Мунун баары саясаттын айынан. Эми Орусиянын жетекчилери, саясатчылары Монголияны президент же бир күчтүү киши эмес, Монголияны эли башкарарын түшүнүүсү абзел. Андыктан кандай гана мамиле болбосун андан биздин элибиз пайда көрүшү керек. Москва эми азыр ошону аңдоосу абзел. Орусия дагы бир күнү эркин өлкөгө болоруна үмүттөнөм. Мына ошондо алар бизден көп нерсени үйрөнүп, алака-катыш үчүн жабык терезелер ачылат деп үмүт кылам. Кандай болсо дагы биз Орусия менен болгон мамилебизге өзгөчө маани берип, эки элдин алакасын сыйлабыз.

- Соңку жазган макалаларыңыздын биринде Путин эркин Украинанын жана башка коңшулардын гүлдөп-өнүгүшүн көрө албайт деп жаздыңыз. Кремл менен жакын ымаладагы өлкөлөр Украинадагы уруштан эмне сабак алышы керек?

- Монголия Орусиянын Азия тарабындагы эркин демократиялык өлкө болсо, Украина Европа тарабындагы эркин демократиялык өлкө. Биздин ортобузда бир эле өлкө турат. Андыктан Орусиянын Украинага басып кигени – эки өлкө ортосундагы гана согуш эмес. Бул автократиялык режим менен демократиялык режимдин кармашы. Демократия менен автократиянын тиреши. Негизинен бул тиреш кылымдар бою жүрүп келсе, эми анын туу чокусу Украинада жүрүп жатканына күбөбүз. Бул кармашта эркиндикти туу туткан Украинанын калкы үстөмдүк кыларына үмүтүм бар. Анын сабагы – эркиндикти сүйгөн, эгемендигин көздүн карегиндей коргогон, өз жашоо образын коргогон кандай гана эл болбосун утушка ээ болот.

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү анын пайдасын гана көрөт. Монголия сыяктуу коңшулары да ошол сапта. Биз бардыгыбыз Украинаны колдошобуз керек. Украинанын азыркы жоготуулары биздин эгемен мамлекет болуп жашап кетүүбүзгө, эркин эл болуп калуубуз үчүн төлөнүп аткан баа. Андыктан ошондой жоготуунун акыбети кайтып, Украина жеңиши керек.

Москва муну түшүнүүсү керек. Эгер Кремлдин коңшуларга мамилеси ачык-айкын болгондо биз андай алаканы баалап-барктап, кайра ошондой жол менен жооп бермекпиз. Биз Кремлден болгону жоопкерчиликтүү мамиленин маанисин түшүнүп, ошондой саясатты күтөбүз. Болбосо биздин эзелтеден бери орус элине мамилебиз, көз карашыбыз достук маанайда. Биз аны уланта бермекчибиз.

Монголиядагы жемкордук, кен иштетүү тажрыйбасы

- Демократиялык жетишкендиктерине карабай Монголия коррупция, теңсиздик жайылган, кен байлыгына гана таянган экономикасы бар өлкө бойдон калууда. Былтыр Улан-Батордо көмүр өнөр жайындагы ири коррупциялык иштерден улам жапырт наарызылык акциялары өттү. Алар бийликти “көмүр мафиясын” ашкерелөөгө чакырышты. Монгол демократиясына жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө эмне тоскоол болууда?

- Адатта, буга убакыт керек. Анын үстүнө биз өз катабыздан сабак алып баратабыз. Ар бир муун жаңы нерсени үйрөнүүдө. Саясатка келгенде - тиреш да. Бийликке ким келсе ал мурункусун айыптаган адат бар эмеспи. Алар мурунку бийликтегилер өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы болгон дегендей түр көрсөткүсү келет. Бирок бул жалган.

Монголиянын Улан-Батор шаары.
Монголиянын Улан-Батор шаары.

Ооба, айрым катачылыктар, кыңыр иштер болгондур, бирок ошол эле маалда ийгиликтер, илгерилөө да болгон да. Андыктан биз ким болбосун жакшы иштерди, жетишкендиктерди улантуубуз керек. Маселен, илимде ага чейин болгон ачылыштар менен ийгиликтер бааланып, алар ырааттуу улантылат эмеспи. Ошон үчүн илимде баары өркүндөп-өсүп баратпайбы. Ал эми саясатта тилекке каршы регресс же артка чегинүү болот. Бирок эч нерсеге карабай өлкөнүн жалпы кызыкчылыгындагы иштерди илгерилетүү зарыл.

- Кыргызстан кен казуу тармагында Монголиянын тажрыйбасына жакындан көз салып жүрөт. Бир нече жыл мурун канадалык “Центерра Голд” компаниясы Монголияда ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Жакында эле Кыргызстан Кумтөр кенин “Центерра Голддон” тартып алды. Кен казууда жана чет элдик инвестор менен иштешүүдө Кыргызстан Монголиядан эмне сабак алса болот?

- Оболу биздин өлкөлөр чет элдик инвестицияга муктаж экенин аңдашыбыз абзел. Биз чет элдик инвесторлордун корпоративдик маданиятты талап кылабыз. Алар бизге терс эмес, оң нерселерди алып келиши керек. Алар биздин элдин укугун урматтап, биздин талаптар кандай экенин түшүнүүсү керек. Бул өтө маанилүү. Биз алган жоопкерчиликти алар да тең бөлүшүп, түшүнүүсү зарыл. Кен казуучу компания ошондой эле эл аралык эң мыкты тажрыйбаны көрсөтүшү керек. Мына ушулар аксаганда ар кандай көйгөйлөр жаралат. Биз кенди иштетүү үчүн келишим түзгөндө, кен казууну жөнгө салган мыйзамдарды кабыл алууда өтө кыраакы болсок.

Бул тармактагы эң маанилүү нерсе – ачык-айкындык. Баары айнектей тунук болушу керек. Мен президент болуп турганда Монголияда “Айнек эсеп” мыйзамы күчүнө кирген. Ар бир сарпталган тыйын айнектей системадан өтүшү керек. Ар бир инвестор менен ошол жердеги элдин алдында ачык жана жоопкерчиликтүү болууга милдеттүү. Мунун баары элибиздин назарында турса, алар баарын көрөт. Бул өтө маанилүү. Биз чет элдик инвесторлордон дагы өтө жоопкерчиликтүү болууну талап кылабыз.

Монголияда болобу, башка жерде болобу, инвесторолор элди коркутпашы керек. Алар “булар эми араң өнүгүп, бутуна туруп келатат, биз буларга баарын берип жатабыз” деген калпыс ойдон оолак болсо. Өлкөнү өнүктүрүүдө биз өнөктөш болуубуз зарыл. Эки жак тең жок дегенде теңме-тең пайда көрүшү абзел. Кен иштетүүдөгү дүйнөлүк эң мыкты тажрыйбаны үйрөнүп, андан түшкөн акчаны акыл менен колдонууну үйрөнсөк. Кен-байлыкты көз карандысыз бир орган башкарып, ал эл алдында эсепкор болгондо гана иш жүрөт. Анан бул ишке саясатчылар, өкмөт аралашканда – иш тескери кетет. Мен эң биринчи кезекте байлыкты башкарууга өкмөттүн кийлигишүүсүн эмес, жеке менчик сектордон, элден чыккан демилгелерге ыктайм. Өкмөт аралашкан жерде мыйзамсыз иштер орун алат, андай Монголияда да болду. Биздин элдин акылкөйлүгү менен кыраакылыгынан биз андай иштердин бетин ачып, калыс пайда табуу үчүн дагы деле күрөштү улантуудабыз.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG