Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Бишкек-Бээжин: убада жана тобокелдик


Садыр Жапаров жана Си Цзинпин.
Садыр Жапаров жана Си Цзинпин.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга алгачкы сапары аяктады. Бийлик бул сапарды ийгиликтүү деп баалап, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, чек арада сооданы көбөйтүү боюнча сүйлөшүү болгонун кабарлады.

Cапарда эмнеге жетишилди?

Президенттикке киришкени алгач жолу Кытайга барган Садыр Жапаров Бээжиндеги Кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышып, 6-февралда бул өлкөнүн лидери Си Цзинпин менен жолукту.

Эки тараптын расмий органдары сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү, коронавирус пандемиясынан кийин солгундап кеткен соода жүгүртүүнү активдештирүү боюнча сөз болгонун кабарлады.

Мында Кыргызстан "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттериндеги өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштап жатат. Пандемия кесепетинен негизги соода өнөктөш болгон Кытай менен алыш-бериштин азайганы өлкө бюджетине таасир этип, учурдагы кыргыз өкмөтү бажы бекеттеринин ишин жандантуу убадасын берип келген.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаевдин айтымында, соңку жолугушууда Кытай бул маселелерди оңунан чечүүгө убада кылган.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Экономикалык байланышты чыңдоо негизги сүйлөшүү болду. Анткени пандемия маалында соода-сатык бир топ төмөндөп кеткен. Авиакаттамдар токтоп калды. Студенттер барып келгенге кыйынчылык жаралууда. Ошондуктан, биз бардык көйгөйлүү маселелерди сүйлөштүк. Кытай тарап биз койгон маселелерди оң жагына чечебиз, сүйлөшөбүз деп билдиришти. Азыркы тапта эң негизги маселе - эки тараптын ортосундагы экономикалык байланыш жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү болуп турат".

Садыр Жапаров менен Си Цзинпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында алты документке кол коюлду. Алар: Кыргызстандан Кытайга соя экспорттоо боюнча протокол, маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштап, расмий Бээжин бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирген.

Мындан сырткары Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань же 8 миллион долларга жакын коопсуздук тармагына жардам берүүнү убада кылган. Бул каражат чек арачыларга берилери кабарланды.

Мындан сырткары авиакаттамдарды жандандыруу чечими чөлкөмдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша кабыл алынат.

Темир жолдун курулушу эмне болду?

Садыр Жапаровдун Кытайга сапарындагы эң башкы суроолордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу маселе болду. Жапаров сапар алдына кытай телеканалына маек куруп, стратегиялык маанидеги темир жолдун курулушу жөнүндөгү сүйлөшүүлөр макулдашуу баскычында экенин айтып, жакын арада башталат деген ишенимин билдирген.

Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында таратылган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

"Эки мамлекеттин башчылары “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында транспорттук-транзиттик потенциалды пайдаланууну жана бардык иштеп жаткан жаңы каттамдарды өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептешет. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү үчүн жаңы темир жолдорун куруу долбоорлору, анын ичинде темир жол чоң мааниге ээ. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрөт. Бул долбоорду тез арада илгерилетүү Борбор Азия чөлкөмүнүн транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам жана “Бир алкак - бир жол” демилгесин илгерилетүүнүн маанилүү звеносу болууга тийиш", - деп белгиленген.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев темир жол курулушун каржылоо маселеси, маршруту боюнча Кыргызстан сунуштарын бергенин билдирди.

"Эки тарап тең эксперттердин деңгээлинде бир катар иштерди жүргүзөт. Бул иш алдыга жылат. Негизгиси, алар долбоорду толугу менен колдоп жатат", - деп билдирди Кулубаев.

Ошентип эки тарап тең темир жол куруу зарыл экенин дагы бир ирет белгилешти.

Бирок Чыгыштан Батышка жаңы каттамды ача турган бул долбоор качан башталат деген маселе турат. Себеби, темир жолду куруу боюнча демилгелер 20 жылдан ашуун сөз болсо да анын качан башталары, эни жана маршруту кандай болору жөнүндө расмий маалыматтар айтылбай келет.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги академиясынын улук изилдөөчүсү Нива Яу дал ушул жагдайды эске алган.

"Жапаровдун Бээжинге сапарынын алдында Кытай тарапка конкреттүү сунуштарды берүү үчүн бир топ иштер жасалган. Андыктан мен Кытай бул сунуштарды эске алат жана кандайдыр бир документтерге кол коюлат деп күтүп жаткам. Бирок бул багытта бир дагы документке кол коюлган жок. Менимче, Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептердин бири. Кеп акча жөнүндө эле эмес, “Саясий жетекчилик мындай ири инфраструктуралык долбоорго жагымдуу шарт түзүп бере алабы?” деген суроодо", - деп билдирди.

Ошентсе да, бир катар эксперттер ондогон жылдар бою сөз болгон темир жолдун курулушу жакындап калды деген пикирди айтышууда. Буга учурдагы кыргыз бийлиги болуп көрбөгөндөй кызыкдар. Анткени, Садыр Жапаров президенттикке киришкенден тарта ири долбоорлорду ишке ашырууну убада кылган. Алардын бири дал ушул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев темир жол курууну колго алууга мезгил жетти деген пикирде:

Темир Сариев
Темир Сариев

"Азыр бул сүйлөшүүлөр маанилүү чегине келип калды деген маалыматтар болууда. Өкмөттүн акыркы маалыматы боюнча, анын маршруту аныкталып, узундугу 280 чакырымга жетип, тоо кыркалары аркылуу бир нече туннел менен өтөрү айтылды. Эгер жол башталып кетсе XXI кылымдагы ири курулуштардын бири болуп, биздин өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгарат эле. Ошондуктан, анын курулушун баштоого болгон аракет көрүлүшү керек".

Ошол эле кезде бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан менен Кытайдан сырткары башка өнөктөштөрдүн да позициясы маанилүү. Алардын сап башында Борбор Азияда ири оюнчулардын бири болгон Орусия турат. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков темир жолду курууда Орусия менен консультация өтөрүн, керек болсо долбоорду ишке ашырууга Москва катышарын четке каккан эмес.

Кытай инвестору үчүн коопсуздук талап кылат

Ошол эле маалда Кытай тарап үчүн ири долбоорду баштоодон мурда бир катар кепилдиктер керек. Алардын башкы сабында Кытай салган инвестиция үчүн коопсуз шартты, чөйрөнү талап кылууда. Бул эки лидердин биргелешкен билдирүүсүндө да айтылат.

Бээжиндин мындай шартты талап кылуусуна бир нече себеп бар. Соңку жылдары кытай ишкерлери иштеткен кен жана башка ишканалар боюнча нааразылык жаралып, айрымдары ишин токтоткон. Мындан сырткары башталбай жатып үзгүлтүккө учураган Ат-Башыдагы ири логистикалык борбордун курулушунун башы ачылбай турат.

Эксперт Нива Яу Бээжин үчүн дал ушул инвестицияга кепилдик учурда абдан маанилүү экенин белгилеп жатат.

"Кытай тарап өз позициясын расмий билдирүүлөрүндө так айтты. Ал билдирүүлөрдө “Кытай инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөрдү колдойт”, ошол эле учурда “Кытай Кыргызстандын коопсуздук жана бизнес тармагындагы абалды жакшыртуу аракеттерин кубаттайт” деп жазылган. Бул маселелер Кытайды кабатырлантат. Мындан улам Бээжин долбоорлорго толук киришүүдөн карманып турат".

Бир нече жыл Кытайда иштеп келген дипломат Азат Эркебаев Садыр Жапаровдун бийлиги бул жагдайды түшүнүп турганын жана Кытайга алгачкы сапары менен буга чейин жаралган суроолорду жөнгө салууга аракет кылды деп эсептейт:

"Бул Садыр Жапаров жана Кыргызстан үчүн керектүү иш сапар болду. Себеби, президент Жапаров Олимпиаданын ачылышына эле барбастан, жолугушууларды өткөрүп, бир канча суроолорду көтөрүп, аны жылдырганга аракет кылды. Бул Кытай үчүн маанилүү. Алар Жапаров менен алгач жолу жолугуп, байланыш түзүү керек болчу".

Ошол эле кезде эксперттер Кытай менен Кыргызстандын мамилесинде маанилүү жагдайлар бар экенин белгилешет. Ошентсе да, кыргыз коомчулугунда Кытай менен ишке ашчу долбоорлорго карата чочулоо бар. Буга бир жагынан ири коңшунун активдүүлүгү себеп болсо, экинчи жагынан өлкөнүн Кытайга карызынын өсүп бара жатканы себеп.

Буга кошумча Бээжиндин соңку жылдардагы Шинжаңдагы улуттук азчылыктарга карата катаал саясаты да өлкөдө ар кыл пикирлерди пайда кылган.

Сапардагы учак талкуусу

Садыр Жапаровдун Бээжинге сапарындагы көңүл бурулган дагы бир жагдай анын учак жалдап барганы болду. Муну журналисттер байкап, президент Кытайга Embraer Lineage 1000 бизнес-класстагы учагы менен барганын аныкташкан.

Муну президенттик администрация ырастап, мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө таратты. Анын айтымында, Кыргызстандын президентин ташыган Ту-154 учагынын коопсуздук мөөнөтү аяктаган, ошондуктан, Бээжин сапарына президент Садыр Жапаров менчик учакты ижарага алып барды.

Султанбаев ижара акысы бюджеттен төлөнбөгөнүн айтканы менен каражат кайсы булактан кеткенин ачыктаган жок.

Ошол эле кезде президенттин командасы Кыргызстандын жогорку делегациясын ташуучу чакан учакты пайдалануу маселеси каралып жатканын, кыргыз тарап ага күйүүчү май жана борттогу тейлөө үчүн гана акы төлөрүн айтып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG