Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Кыргызстандын баалуу кагаздары Орусияда сатылууда


Кыргыз фондулук биржасы.
Кыргыз фондулук биржасы.

Кыргызстан мамлекеттик казыналык облигацияларын эки улуттук валютада Кыргызстан менен Орусиянын рынокторуна жайгаштырды.

Финансы министрлиги 22-декабрда сом жана рубль менен номинацияланган мамлекеттик облигациялар Кыргыз фондулук биржасы жана Москванын биржасынын листинги менен эки траншта жайгаштырылганын билдирди.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик казыналык облигацияларын алгачкы жолу бир эле учурда эки улуттук валютада жайгаштырууда. Баалуу кагаздарды мамлекеттин атынан Финансы министрлиги сатып жатат.

22-декабрда Кыргыз фондулук биржасынын соода платформасына 1 млрд сом жана 1 млрд рубль суммасына барабар мамлекеттик баалуу кагаздар сатыкка чыгарылды. Сомдун купондук чени 15,5%, рублдики 14,5% деп белгиленген. Облигациянын мөөнөтү эки жыл, инвесторлорго берилүүчү төлөмдөр ар чейректе жүргүзүлөт.

Биржага жайгаштырылган облигациялардын ичинен 518 млн 695 миң сом жана 341 млн 880 миң рублдик облигациялар сатылган.

Орусиялык инвесторлор 311 млн 880 миң рубль, 182 млн 120 миң сомдук облигацияларды алышкан. Жалпысынан миңден ашуун чекене инвесторлор, компаниялар жана банктар катышкан.

Кыргыз инвесторлору 336 млн 575 миң сом жана 30 млн рублдик облигацияга салым жасаган. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматында, облигацияларды Социалдык фонддун алдындагы мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду, камсыздандыруу компаниялары, коммерциялык банктар жана чекене инвесторлор алышкан.

Эсептешүүлөр сом менен 25-декабрда жана рубль менен 26-декабрда жүргүзүлгөн.

“Ички мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун туруктуу өнүктүрүү жана эффективдүү иштетүү үчүн 2023-жылы 16-ноябрда Министрлер кабинетинин токтому менен Финансы министрлигине 1 млрд сом жана 1 млрд рубль суммасында мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу тапшырылган. Буйруктун шарттарына ылайык, мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын үлүшүн көбөйтүү боюнча орто мөөнөттүү максатты эске алуу менен мамлекеттик казыналык облигацияларынын сом жана рубль түрүндөгү эки эмиссиясы ички финансы рыногуна “Кыргыз Республикасынын укуктарына ылайык” жайгаштырылды”, – деп жазылган Финансы министрлигинин маалыматында.

Финансы министрлиги кабарлагандай, Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздарын Орусиянын каржы рынокторуна жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы январда башталган. Анда Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Орусиянын “Газпромбанкы” эки тараптуу меморандум түзүп, аны ишке ашыруу боюнча “Жол картасы” иштелип чыккан.

Бул жаатта Орусияда “Газпромбанк” уюштуруучу жана эсептешүү агенти катары иш алып барган.

Мамлекеттик облигацияларды сатууда “Кыргызстан” топтомо пенсиялык фонду, BNC Finance, “Аскоинвест” финансылык борбору жана “Сенти” финансылык компаниясы брокердик кылууда. Мындан тышкары, “Айыл Банк”, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Оптима Банк” жана “Дос-Кредобанктар” аркылуу да сатылат.

Мамлекет баалуу кагаздарды эмне үчүн чыгарат?

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу - өлкө казынасына инвестиция тартуунун бир жолу. Ал вексел жана облигация болуп эки түргө бөлүнөт. Векселдин мөөнөтү бир жыл болсо, облигацияныкы эки жылдан 20 жылга чейин жетет. Ал каражаттар мамлекеттин ички карызына жазылат.

Кыргыз өкмөтү соңку жылдары сырттан карыз алууну азайтып, ички ресурстарды көбүрөөк колдонуу үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу тажрыйбасын кеңейтип келет.

Финансы министрлигинин маалыматында бул иш-чаралар Кыргызстан менен Орусиянын улуттук рынокторунда алдыда системдүү үзгүлтүксүз зайым алуулар үчүн инфратүзүмдүк пайдубал түзгөнү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы секторунда кызматташуусун мындан ары дагы бекемдери белгиленген:

“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбастан, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу зайымдарды тартуу боюнча иштерди улантат. Ошол эле учурда чогулган каражаттар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат, алар кийинчерээк республиканын финансылык, экономикалык, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт. Анткени, электр энергиясынын жетишсиздигинин шартында кичи ГЭСтерди куруу, айрым чөлкөмдөрдө социалдык жүктү азайтуу үчүн курулуш объектилерин каржылоо жана аларды реконструкциялоо, шаарлардын жана райондордун инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу улуттук долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Жалпы эле өлкөдөгү экологиялык абал, өндүрүштө жабдууларды сатып алуу жана модернизациялоо улуттук экономиканы көтөрүүгө жана өлкө калкынын жыргалчылыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет”.

Кыргыз фондулук биржасында мамлекеттик казыналык облигациялар менен векселдер эң жогорку “А” категориясына таандык болгондуктан, алардан түшкөн пайыздар менен кирешелерден киреше жана пайда салыктары алынбайт.

Финансы министрлиги облигациялар аркылуу жеке тараптардан, институттардан жана банктардан үстөк пайызы менен кайтарып берүү милдеттенмеси менен каражат алат. Баалуу кагаздардын үстөк пайызы чет өлкөлөрдөн же Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдардан алган мамлекеттик насыяларга караганда бир кыйла жогору болот. Экономисттер менен финансы адистери муну тобокелдиктин жогору болушу менен байланыштырат.

Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Шумкарбек Адилбек уулу мамлекеттик баалуу кагаздар улуттук долбоорлорду, бюджеттин тартыштыгын каржылоо жана мамлекеттик карыздарды төлөө үчүн колдонуларын айтты:

“Экономисттердин, финансисттердин арасында “кассалык ажырым” деген түшүнүк бар. Мисалы, сиз ноябрь айынын айлык акыларын беришиңиз керек. Бюджет чогултуп, антип-минткенге акчаңыз кечигип атат. Адамдар ар кандай салыктарын төлөбөй, качып, акча түшүү кечеңдеп жатат. Бирок пенсияны убагында, ар бир айдын онунда беришиңиз керек. Акча болжол менен он бешинде же отузунда түшөт. Ага чейин сиз пенсионерлерге “ай, сен күтүп тур, мен акча чогулта албай жатам” дей албайсыз да. Ошондой кыска убакытта маселелерди чечиш үчүн дароо ошондой кагаздарды чыгарып сатат. Чыгымдарды жаап, бирок келечектеги келген агымдар менен кайра алган акчаны кайтарып коёсуз. Мындай айтканда, “кассалык ажырымды” жабуу үчүн. Бул акча маселесин жөнгө салууга абдан ыңгайлуу инструмент. Муну дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонот. Бул сырткы карызды тейлөөнүн дагы ыңгайлуу инструменттеринин бири”.

Мамлекеттик карыз өсүп барат

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 30-октябрга карата 6 млрд 590 миң долларга жетти. Анын ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (74,7%) – мамлекеттик тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллары (25,3%) – ички карыз.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандын мамлекеттик карызы соңку бир жыл ичинде (октябрь-октябрь) 100 млрд сомго көбөйдү. Анын 51,5 млрд сому тышкы карызга кошулса, ички карыз дагы 50 млрд сомго өстү.

Ички карыздын 92% мамлекеттик облигациялар аркылуу алынган. Октябрь айынын соңуна карата өкмөттүн казыналык облигацияларынын суммасы 124 млрд 750 млн сомго чейин жетти.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, ички карыздын көлөмү бир жылда (2023-жылдын октябрына карата) 58,5%, анын ичинде облигациялык карыздын көлөмү 47,9% өскөн. Бул көрсөткүчтөрдү абсолюттук сандарга которгондо, ички карыз 50 млрд сомго жана облигациялар аркылуу алынган карыз 40,4 млрд сомго өскөнүн көрөбүз.

Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын ички дүң өндүрүмгө карата үлүшүн 70% ашырбоо керектиги белгиленген.

Арийне, 2023-жылдын башынан бери анын көрсөткүчү бир кыйла бат өсүп барат. Октябрь айындагы 6 млрд 590 миң доллар ИДПга карата 57,8% түзөт. Бул көрсөткүч сентябрда 57,3%, августта 55,7%, июнда 54%, ал эми майда 53,5% болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG