Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты


2023-жылдын 30-октябрына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сом.

Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) - тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) - ички карыз.

Бир ай ичинде мамлекеттик карыз 13,58 млн долларга өстү. Тышкы карыз 4,15 млн долларга азайса, ички карыз 17,72 млн долларга көбөйдү.

Октябрь айынын жыйынтыгында мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 57,82% түздү.

Тышкы карыздын 38,1% же 1 млрд 705,85 млн доллар Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт.

Кыргызстан 2023-жылы тышкы карыздын 360 млн долларын төлөгөнүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG