Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Конституциялык палатанын аты жана заты талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык палатанын парламенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу чечими коомдо кайчы пикирди жаратты.

Айрым юристтер шайлоонун белгисиз мөөнөткө жылдырылганын колдогон бүтүмдү мыйзамсыз деп баалап, соттор басымга кабылганын айтып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары жана судьялар буга макул эмес. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда, кийин Алмазбек Атамбаевдин кезинде да жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуучу башкы мекеме «бийликтин гана айтканын аткарат» деген дооматтардан арылбай келген.

Ал арада Конституциялык палатанын түзүмү боюнча маселе да көтөрүлдү. Ушул күндөрү талкууланып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда палатаны жоюп, анын ордуна Конституциялык сот түзүү сунушу жазылган.

«Бийликтин тилинен чыкпаган орган»

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2-декабрдагы чечимине ылайык, парламенттик кайра шайлоо сегиз айга чейин жылдырылды. Депутаттар кабыл алган мыйзам боюнча, шайлоо 1-июндан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.

«Бул шайлоочулардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жоготушу мүмкүн жана демократиялык принциптерге олуттуу зыян келтирет», деп жазылат корутундуда.

Бирок ошол эле кезде Конституциялык палата шайлоону жылдыруу боюнча Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган конституциялык мыйзам Баш мыйзамга каршы келет деп айтууга негиз жок деп эсептейт. Палата шайлоо өз убагында өтпөй калганы менен ал жарандардын шайлоо укугун чектебейт деген турумду карманат.

Конституциялык палатанын бүтүмү сотторго карата сынды күчөтүп, анын чечими ар кандай күдүк ойлорго түрттү. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун мөөнөтү тууралуу палатанын корутундусун сынга алды:

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

«Кыргызстанда соттор көз каранды. Алар ар бир иште президенттик аппарат менен иштешип, аппарат берген буйрукту эле аткарып келатышат. Ошондуктан Конституциялык палатанын чечимин көз каранды эмес кабыл алынган чечим деп айтууга болбойт».

Юристтердин тобу, жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Конституциялык палатанын соңку чечиминен кийин «Конституциялык палата бийликтин мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырып берүүчү органга айланып калган» деп доомат коюшту.

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага кайрылгандардын бири Клара Сооронкулова буга чейин өзү да палатада судья болуп иштеген.

Ал жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн 2015-жылы кызматтан алынган. Сооронкулова бул башка соттор үчүн эскертүү болгонун, ушундан улам алар оюн эркин айтып чыгуудан коркушарын айтты:

«Мен судья болуп 2039-жылга чейин шайлангам. Бул соттор көз каранды эмес болуш керек дегендин кепилдиги. Бирок мени эки күндүн ичинде эле мыйзамды тебелеп-тепсеп туруп кызматтан алып коюшкан. Ушундай прецеденттер соттор үчүн «сабак» болуп, алар кызматтан айрылып калуудан коркушат. Себеби, судьялардын айлыгы, статусу, жылуу-жумшак кабинети бар. Ушулардан ажырап калбайлы деп соттор позициясын билдирбейт. Сот реформасынын жылбай жатканынын негизги себеби - адамдык фактор соттордун өздөрүнө байланыштуу. Конституциялык палата азыр өзүнүн күчүн көрсөтүп, тарыхый чечим кабыл алып койгондо жалпы системада жылыш болот эле. Соттор абийирин да сактап калышмак».

Конституциялык палатада президенттик аппараттын кызыкчылыгын коргогон Таштемир Чилдебаев сотторго карата бийликтин басымы тууралуу дооматтарды четке какты. Ушул эле маселе боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Эмил Өскөнбаев «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.

«Кандай десем... Басым болгон күндө да аны ачык айтып, көрө албайсың да. Басым болду деп айтканга эч кандай негиз жок. Мен сиздерге ушундай жооп берет элем».

Конституциянын жаңы долбоорундагы сунуш

Конституциялык палатанын парламенттик шайлоонун жылдырылышын колдогон чечими талкууланып жаткан тапта палатанын өзүнө байланышкан маселе көтөрүлдү. Баш мыйзамдын талкууланып жаткан жаңы долбоорунда палатаны жоюп, анын ордуна Конституциялык сот түзүү жөнүндө сунуш киргизилген. Анда «40 жаштан жаш эмес, 70тен ашпаган, юридикалык жогорку билими жана кесиби боюнча кеминде 15 жыл иш тажрыйбасы бар адам Конституциялык палатанын судьясы боло алат» деп жазылган. Анын төрагасын президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Жетекчиликке талапкер Конституциялык палатанын мүчөлөрүнүн арасынан көрсөтүлөт.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Конституциялык сотту өз алдынча орган кылуу тууралуу демилгелер көтөрүлгөнүн айтып берди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Демократияны жактаган коом Венеция комиссиясынын айткан сын-пикирине, алардын берген сунуштарына кулак төшөп жүрөбүз. Ошол Венеция комиссиясы 2010-жылы «Конституциялык сотту Конституциялык палата кылып анын беделин түшүрбөгүлө. Бул Конституцияны коргой турган жалгыз орган» деп билдирген. Ошондуктан Конституциялык сот Жогорку сотко көз каранды болбой, өзүнчө сот бутагы болуп турганы туура. Бул эл аралык норма, Венеция комиссиясынын талабы. Азыр эми ушундай сунуштар түшүп, каралып жатат. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек. Азыр болуп жаткан маселенин баары сунуш, талкуу. Акыркы чечимге дагы көп бар».

Азыр иштеп жаткан Конституциялык палата мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституциялык эмес деп табат. Кыргызстан үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата бүтүм чыгарат.

Аты алмашканы менен заты алмашпайбы?

1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жана 1993-жылы 5-майда жаңы Конституцияны кабыл алуудан тартып, Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп аныкталган. Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Конституциялык соттун ишмердиги токтотулуп, ошол эле жылдын 27-июнунда Жогорку соттун Конституциялык палатасы түзүлгөн.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Конституциялык соттун өз алдынча сот бутагы болушун колдойт.

«Бул туура чечим, - деди ал. - Азыр формалдуу гана Жогорку соттун Конституциялык палатасы болуп калган. Жогорку сотко процессуалдык же административдик жактан баш ийбейт. Конституциялык соттун мурдагы ыйгарым укуктарын калыбына келтирсе ал өлкөдө кабыл алынып жаткан чечимдердин баары Конституцияга дал келеби-келбейби, карайт. Өнүгүп жаткан демократиялуу өлкөлөрдө Конституциялык сот иштейт».

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 11 судьядан турат. Ушул тапта үч судьянын орду бош. Палата 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү Баш мыйзамга каршы келбейт деп чечим чыгарганда да коомчулуктун сынына кабылган.

Жарандык активист Рита Карасартова палатаны Конституциялык сот кылып өзгөрткөндөн майнап чыгарына ишенбейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Конституциялык палата же Конституциялык сот деп атайбызбы, маселе чечилбейт, - деп жүйө келтирди ал. - Шайлоонун жылдырылышы боюнча 2-декабрдагы корутундудан кийин Конституциялык палата такыр эле кереги жок экен деп ойлоп калдым. Мен юрист катары бул органдын иши маанилүү экенин түшүнөм. Бирок соттор алып жаткан айлыктарын актабаганы, «Конституциялык палата, үмүтүбүз силерде» деп акцияга чыккан балдардын үнү угулбагандан кийин бул органдын барынан жогу жакшы».

Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун бир күндө дароо үч окууда кабыл алган. Ага ушул эле күнү ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кол койгон.

Анда «парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт» деп жазылган жана Жогорку Кеңештин иш мөөнөтү ошого чейин узартылган. Конституциялык палата бул мыйзамды Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

XS
SM
MD
LG