Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Илмияновдун аты илешкен иш: салыктын санаасы


"Дизель комплект" компаниясы ташып келген "БелАЗ". (Сүрөт видеодон алынды)
"Дизель комплект" компаниясы ташып келген "БелАЗ". (Сүрөт видеодон алынды)

Мурдагы президенттин кеңешчиси, учурда камакта жаткан Икрамжан Илмияновго "демөөрчүлүк жардам иретинде ири суммадагы акча берген" деген "Дизель комплект" компаниясына козголгон иш боюнча соттук териштирүү аягына чыгып калды.

Компанияга "Беларустан ташып келген ар кандай техника, жабдууларды Эркин экономикалык аймагына каттабай туруп түз Өзбекстанга алып чыгып, 164 млн. сом кошумча нарк салыгын төлөнгөн эмес" деген айып коюлуп жатат.

Ишкана өкүлдөрү маалыматты четке кагып, жалган доомат катары сыпатташат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Дизель комплект" компаниясына козголгон кылмыш ишти былтыр жанданткан.

Андан бери тергөө жана сот процесси тууралуу маалымат дээрлик чыккан эмес. Бирок ушул жумада компанияга козголгон иш боюнча соттук отуруму дээрлик аягына чыгып калганы белгилүү болду.

Ишкананын аты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 150 миң долларды "демөөрчү катары берген" деген маалыматтан кийин коомчулукка таанылган.

Финполиция ишкананын өзүнө эки жыл мурда кылмыш ишин козгоп, бирок ал жабылган. Кийин Илмияновго "жеке компаниялардын биринен ири суммада каражат алган" деген айып коюлган.

Айрым маалыматтарда бул каражат кылмыш ишин жабуу үчүн алынганы айтылса, Атамбаев жетектеген КСДП "демөөрчүлүк жардам" катары алганы аныкталды" деп маалымат тараткан.

Юстиция министрлиги берген маалымат боюнча, "Дизел комплект" жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы апрелде кайра каттоодон өткөн.

ЖЧК анда "адистештирилбеген дүң соода" менен алектенерин, “Бишкек” эркин экономикалык аймагында каттоодо турганын көрсөткөн.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматта "Дизел комплект" "БелАЗ", "МАЗ", "Силовые агрегаты - Группа ГАЗ" жана башка компаниялардын расмий дилери жана негизинен оор жүк ташуучу автоунааларды, ар кандай техника, жабдууларды алып келип сатары көрсөтүлгөн. Товар негизинен Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлөт.

Учурда "Дизель комплект" ар кандай техника, жабдууларды “Бишкек” эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) каттабай эле Өзбекстанга алып чыгып кетип, мунун айынан Кыргызстан 164 млн. сом каражат зыян тарткан деген айып коюлууда.

Иш боюнча компаниянын өзүн кошпогондо Бажы кызматынын алты өкүлүнө "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып коюлган.

Адвокат Владимир Лесниченко сот жараяндарында "Дизел комплекттин" өкүлү болгон. Ал кылмыш иши жана соттук териштирүү, компания жетекчилери тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

- Кечирип коюнуз, менин прессага кандайдыр бир комментарий берүүгө укугум жок. Мен өкүл катары өтүп жаткан компаниянын жетекчилери Кыргызстанда эмес. Биз азыр маалымат каражаттары менен байланышпай эле турабыз.

Лесниченко буга чейин Икрамжан Илмиянов тууралуу да билбей турганын айткан.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

Ал эми соттук отурумга катышкан мамлекеттик башкаруу жана экономика боюнча эксперт Азамат Аттокуров кылмыш ишин инвесторго басым катары баалады.

- Бул эч кандай реэкспорт эмес. Бул экспорт. Биз ЕАЭБга киргенбиз. Беларуста, Кыргызстанда чыккан товар бардыгы тең биримдиктик товары болуп эсептелет. Экинчиден, булар Эркин экономикалык аймактын өкүлдөрү. Демек булар экспортко дагы, импортко дагы кошумча нарк салыгын төлөбөйт. Негизинен бул жерде импорт жок, Беларустан келген товар бул жакка жайгаштырылып, "БелАЗдын" тетиктерин Өзбекстанга алып чыгышкан. Ошентип 2011-жылдан бери иштеп кылып жүрүшкөн. Кошумча нарк салыгын төлөбөйсүңөр деп иш козгоо туура эмес. Тескерисинче, Кыргызстанга пайда түшүп жатпайбы. Эсептеп көрсөк, "БелАЗдын" бажы баасынан 0,25%, башкача айтканда ар бир машинадан орточо эсеп менен 2 млн. сом түшөт экен.

Аттокуров бул жерде кимдир бирөөгө пара берүүгө негиз болбогонун белгиледи. Ошол эле учурда мындай көрүнүш инвесторду качырат деп эсептейт.

Буга чейин "Азаттык" радиосу "Аламүдүн" темир жол бекетинен "аткезчилик жол" менен алынып келингени айтылган ири өлчөмдөгү "БелАЗ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаалар кармалганын иликтеген. Анда 37 вагондо турган жүктүн баасы миллиондогон долларды чапчыйт деп эсептелген.

"Азаттыктын" архиви: 16-август, 2017-жыл

Финполиция "тергөө кызыкчылыгына каршы келет" деген жүйө менен бул факты боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.

Бирок "Кыргыз темир жолу" "Салык төлөөдөн качуу" деген берененин негизинде аталган компаниянын жүгү козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынганын ырастаган.

Сот компаниянын мүлкүн, эсебин да камакка алууга, импорт-экспорт менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салган. Компаниянын өкүлдөрү буга байланыштуу жогорку инстанцияларга кайрылганы менен доо арыздардын баары четке кагылган.

Финполиция менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бажы кызматынын өкүлдөрү соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан комментарий бере албай тургандыктарын айтып, бул маселе боюнча тергөө органы гана жооп берерин билдирди.

Өкмөттүн эркин аймактар тууралуу жобосу боюнча “Бишкек” эркин экономикалык аймагында иштеп жаткан субъектилер өндүрүш, тейлөө жана кызмат көрсөтүү, соода-сатык жаатында иш жүргүзө алат.

"Дизел комплект" мунун ичинен кызмат көрсөтүү ишмердигин жүргүзгөн. СЭЗдеги ижарага алган даяр имараты 2017-жылдан бери жабылып турат.

Ал эми экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров эркин экономикалык аймак алып-сатарлык эмес, өндүрүш үчүн түзүлгөнүн белгилеп жатат.

- СЭЗдин ишмердиги өндүрүшкө багытталган. Жүктү Кыргызстанга алып келип, Өзбекстанга өткөрүп койгондон өлкө эмне пайда табат суроо бар да. Негизи кошумча нарк салыгын төлөөнүн кереги жок, 80 күндүн ичинде эле товар келди-кетти деген отчет беришет. Бирок СЭЗдин максаты ага багытталган эмес.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев эркин экономикалык аймактын өзүн жана анын жетекчилеринин ишин да текшерүү зарыл деп эсептейт.

"Дизел комплект" компаниясынын Икраимжан Илмияновго байланыштуу кылмыш ишин Бишкектин Октябрь райондук соту бир жылдан бери териштирип жатат.

Компаниянын жеке өзүнө байланышкан иш боюнча кийинки соттук отурум 26-сентябрга белгиленди.

“Шоопур” деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Жазык кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов “жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган” деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Икрамжан Илмияновдун соту 31-июлда башталган. Октябрь райондук соту 11-сентябрда Илмияновдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG