Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Барак эксклавы ээнсиреп баратат


Өзбекстандын ичинде калып калган Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары. Ош облусу, Кара-суу району, 25-январь, 2013
Өзбекстандын ичинде калып калган Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары. Ош облусу, Кара-суу району, 25-январь, 2013

Өзбекстандагы кыргыз эксклавы - Барак айылында эки жыл ичинде 153 кожолуктан 35 эле түтүн калды.

Барактыктар соңку төрт-беш жылдан бери Кыргызстанга каттоодо кыйналып жаткандыктан үйлөрүн таштап, көчүп кетүүгө аргасыз болуп жатканын айтууда.

Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашуров эксклавдын азыркы абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Баткендеги чек ара чатагы, коомдук-саясий окуялардан улам Барак айылындагы көйгөйлөр унутулуп калгандай болду. Кыштан кандай чыктыңыздар?

Ашуров: Рахмат. Кыштан эл катары чыктык. Ошол айтылып эле жүргөн көйгөйлөрдү эсепке албаганда, Кудайга шүгүр.

“Азаттык”: Чек арадан өтүүдөгү кыйынчылыктар жана азык-түлүк тартыштыгы болуп жатканын айтып, өткөн жылы митингдерге да чыктыңыздар эле. Ал маселелерди кантип атасыздар?

Ашуров: Ошол бойдон эле турат. Чечилген жок. Биздин айылда расмий эсепте 153 түтүн бар. Кыйынчылыктардан улам, убактылуу жашаганга башка жака көчүп кетип атышат. Азыр 35 эле түтүн калды. Жумасына эки жолу Оштон Кызыл-Кыя аркылуу кичи автобус каттайт. Тургундарыбыз ошол автобус менен барып, азык-түлүк алып келишет. Жол алыс. Алдыбыздагы эле “Достук” чек ара постунан же болбосо Кара-Суудагы “Шархан сай” постунан өткөрүүнү сүйлөшүп бергиле деп чоңдорго кайрылып келебиз. Жумасына эки жолу болбосун, ошол жакын посттор аркылуу аптасына бир ирет эле автобус каттатып беришсе, түйшүгүбүз азаймак.

“Азаттык”: Канча убакыттан бери ушундай кыйынчылык менен каттап жатасыздар?

Ашуров: Негизи чек ара көйгөйү 2010-жылдагы окуяларда башталган. 2013-жылдын январында Сох анклавында болгон чатактан соң биздин жолдорду өзбек тарап биротоло жаап салды. Анан сүйлөшүүлөр менен Кызыл-Кыя аркылуу каттам кылышты. Ошондон бери ушул убарагерчилик.

“Азаттык”: Чек аранын жабыктыгынан жана айланма жол менен каттам болуп калгандыктан, азык-түлүк тартыштыгы жаралганын айтып чыктыңыздар эле...

Ашуров: Ал көйгөй азыр деле бар. Айылыбызда базар жок. Эки дүкөн бар эле, алар деле иштебей калды. Сата турган нерсе жок. Өкмөт гуманитардык жардам берип жатат. Бизге каттап жаткан кичи автобустарды күйүүчү май менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздайт.

“Азаттык”: Акыркы жолу гуманитардык жардамды качан алдыңыздар?

Ашуров: 24-январда алдык. Он тонна ун беришти. Аны Барактагы 35 түтүнгө жана бул жактан көчүп кеткен айылдаштарыбызга жеткирдик. Ундан сырткары чай-чамек жана башка майда-чүйдө азык түлүктөрдү беришти.

“Азаттык”: Айылдын көпчүлүк жашоочусу көчүп кеткенин айтып жатасыз. Алар Ош шаарынан ижарага үй алып, жашап жүргөнүн уктук эле. Баары Ошко келип жатабы?

Ашуров: Жок, Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман деген жериндеги, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы үйлөргө барып жашап жатышат. Кара-Суунун өзүнөн, Оштон ижарага үй алып, күнүмдүк тирилигин өткөрүп жүргөндөр да бар. Кимдин каерде таанышы болсо, эптеп жашап жүрөт да.

“Азаттык”: Айылда калгандар дыйканчылык маселесин кантип атышат? Терилген пахталарды Кыргызстанга сата албай жатканыңарды айттыңар эле...

Ашуров: Түшүмдү сатуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу пахта эгилбей калды. Адамдар жүгөрү, буудай айдап атышат. Бирок күйүүчү майдын жана техниканын жетишсиздигинен анын да түшүмү ойдогудай болбойт. Өткөн жылы 45 гектар жерибиз пайдаланылбай калып кетти. Быйыл кандай болот, Кудай билет.

“Азаттык”: Маселени көтөрүп, бир канча жолу митинг кылдыңар эле. Акыркы жолу 2013-жылдын августунда чыктыңар окшойт. Андан бери чоңдорго кайрылдыңарбы?

Ашуров: Кайрылып жатабыз. Бирок митинг жолу менен эмес, жөн эле сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өттүк. Айылдыктардын атынан беш-алты өкүл райондун, облустун жетекчилерине кирип турабыз. Алар деле колдон келген жардамын бергенге аракет кылып атышат.

“Азаттык”: Жакын арада бул көйгөйлөр чечилишине көзүңүз жетип жатабы анан?

Ашуров: Анын баары Өзбекстанга көз каранды болуп турат. Коңшу өлкө чек ара маселесин оңойлотсо эле көйгөйүбүз чечилет. Маселени бир тараптуу жоюуга мүмкүн эмес экен...
XS
SM
MD
LG