Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Барактыктардын баракка батпаган арманы


Барак айылынын тургундары. Ош, 13-август, 2013.
Барак айылынын тургундары. Ош, 13-август, 2013.

Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары жол ачып берүү же башка аймакка көчүрүп кетүү талабын коюшууда.

Ушундай талап менен 13-августта Ош облустук бийлигине келишкен барактыктар айылды Кыргызстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол жабык болгондуктан каттоо кыйын болуп, өндүргөн түшүмдөрүн сата албай жатканын, айылда азык-түлүк тартыштыгы күчөп баратканын да айтышты.

Барактын элинин атынан келген 30дай адам негизги талабы - Кыргызстандын башка аймагынан үй үчүн жер алуу экенин да билдиришти. Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан Сары-Колот тоосун байырлоого алар макул эмес.

Айыл тургуну Таир Каримов бул талапты мындайча чечмеледи:

- Бизге жашаганга ыңгайлуу жерден жай берсин деген талапты коюп жатабыз. Азыркы Барак айылындагылар баарыбыз ошол жерге жайгашып, кыштагыбыздын атын сактап калышыбыз керек. Сары-Колот адырлуу жер. Барактан да шарты оор. Тегиздикте жайгашкан азыркы айылыбыздын жолдорун 70 жыл Совет доорунда да оңдоп беришкен эмес. Андан кийин 20 жылдык эгемендик маалында бүтпөдү. Эми ошол адырдын жолдорун бизге түздөп беришмек беле?

Барак эксклавында 153 түтүн, так айтканда, миңге чукул адам жашайт. Алардын Кыргызстандын негизги аймагы менен байланышы жыл башында, Баткендеги Өзбекстанга тийиштүү Сох анклавында болгон чырдан соң татаалдашкан. Ага чейин Ошко өздөрүнө жакын Бирлешкен өткөрүү пунктунан каттаган барактыктар кыштан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жакын жердеги чек ара бекети аркылуу айланып өтүшөт.

Алар жолдун алыстыгы базарлык кылууга, азык-түлүк сатып алууга кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда. Мындан улам көбү айылдан көчүп кетүүгө мажбур болуп, Ош жана Кара-Суу шаарларында батирде ижара төлөп жашап жатышат.

Айылдын дагы бир тургуну Рахила Төрөкулова барактыктардын түмөн түйшүктүү турмушун мындайча сүрөттөдү:

- Азыр айылда 30дай эле түтүн жашап жатат. Калгандары кетип калды. Шарты жакшы жерлерде батирде жашап жүрүшөт. Эки жака барып иштеп келгендер эптеп чек алып үй салганга аракет кылууда. Менде ижара акы төлөп, батирде турганга мүмкүнчүлүгүм жоктугуна байланыштуу Баракта эле жашап жатам. Ошко же Кара-Сууга келип азык-түлүк алып кетем. Ал үчүн жумасына бир жолу автобус уюштурулат. Автобуска кезек менен жазылып, анан келебиз. Мисалы, мен 2 килограмм картошка алыш үчүн автобуска кезекке жазылам. Кезегим келсе, шаарга түшөм да, азык-түлүк сатып алам. Бир жума мурун Ошко базарлыкка келген айылдаштарым кайра айылга ошол автобуста жөнөшөт. Мен кайра кезегимди күтүп, бир же эки жума Ошто калышым керек. Автобус Өзбекстандын Фергана облусунун четиндеги жол менен каттайт. Жок дегенде ошону күнүгө каттатып коюшса жакшы болмок.

Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, буга чейин көчүрүп кетүү өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына бир нече ирет кайрылышкан жана нааразылык акцияларын уюштурушкан. Аларга Кара-Суунун Ак-Таш айыл окуругуна караштуу аймактардан жер берилээри кабарланган болчу. Бирок өкмөттүн тийиштүү токтомунун жоктугунан ал ишке ашпай турат.

Чек ара жабык болгон соң Баракка сырттан азык-түлүк да кирбейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл башынан бери бир-эки жолу гуманитардык жардам киргизилгени менен ал жетишсиз болуп жатканын айылдын дагы бир жашоочусу Гүлзада Аширова даттанды:

- Жаш балдарыбыз бар, алар эт жегиси келет. Эт бизде сатылбайт. Колдо бар малды союп түгөттүк. Калганын акча үчүн Өзбекстанга саттык. Эгин-тигинди саталы десек, жол алыс. Жерге берилчү азык-дарылардын жоктугунан түшүм да жыйнай албай калдык.

Барактыктардын кабыргасын кайыштырган дагы бир көйгөй дарыгерлердин жоктугу. Ноокастап калгандар 4-5 саат жол айланып, Кара-Сууга же Ошко келиши керек. Андан сырткары, көпчүлүк кетип жаткандыктан айыл мектебиндеги класстарда эки-үчтөн гана окуучу калганы айтылат.

Айыл тургуну Рахила Төрөкулова балдар азырга чейин компьютер көрө электигине наалыйт:

- Азыр компьютердин заманы болуп жатса, биздин балдар билим жагынан артта калып кете бериши керекпи? Же бир жакшы адисибиз болсочу...

Ушундай нааразылык менен келген барактыктарды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Жолугушууга кирип чыккандар облус жетекчиси алардын талабын өкмөткө жеткирүүгө убада бергенин айтышты. Бирок облус бийлигинин өкүлдөрү бул жаатта журналисттерге комментарий берүүгө макул болгон жок.

Барак айылынын тургундары буга чейин да бир нече жолу облустук жана борбордук бийликке чейин даттанып келишкен. Алардын маселеси Жогорку Кеңеште да бир канча жолу талкууланган. Бирок андан азырынча эч кандай майнап чыга элек.
XS
SM
MD
LG