Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Балдар маданияттан алыстап баратат


"Музейдеги түн" акциясында тартылган сүрөт.
"Музейдеги түн" акциясында тартылган сүрөт.

Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «‎Балдардын заманбап искусствосу» ‎деген темада талкуу өткөрдү. Ага искусство таануучулар, билим берүү мекемелеринин адистери, музей жана театр жетекчилери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө бул багытта Бишкек шаарындагы өспүрүмдөр арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы да тартууланды.

Изилдөөчүлөр учурда балдар мамлекеттик маданий мекемелерге өтө аз бара турганын, себеби алар үчүн программалар жокко эсе экенин айтууда.

«‎Илим»‎ билим берүү комплексинин адабият мугалими Тамара Белоконь балдар музейге өз каалоосу менен барбай калды деген пикирде:

«‎Бул маселе таптакыр башкача чечилиши керек. Бүгүн биздин балдар кайда? Дал ушул тапта алар кайсы мекемеде жүрүшөт? Албетте "Азия моллдо", "Бишкек паркта", "Бишкек борбордо" жана башка жайларда. Эмне үчүн? Бизде ал дүкөндөрдөн кымбат буюм сатып ала турган бай адамдар көппү? Жок! Анда эмне үчүн ошол жерге барышат? Анткени ал жакта жагымдуу, ыңгайлуу орундуктар бар. Отуруп эс алса, же бир аз тыйыны болсо ар кандай оюндарды ойной алышат».‎

Тамара учурда Кыргызстанда музейлердин, театрлардын, жалпы эле маданий очоктордун ички көрүнүшү, иштөө тартиби эскиргенин белгиледи. Ошондуктан маданий жайлар жаштарды өзүнө тартуу үчүн заманга ылайык өзгөрүп, жаңыланып турушу кажет экенин айтты.


Адистер Кыргызстанда айрыкча музейлердин ички маанайы Москвадагы Владимир Ильич Лениндин сөөгү жаткан мавзолейге окшош экенин белгилешти.

Себеби көрүүчүлөр музейлерге адатта кабагын бүркөп, өтө олуттуу түр менен кирүүнү адатка айлантып алышкан. Ошондуктан маданий мекемелерге жаштардын келиши кыйын экенин кеп кылышты.

Талкууда ортого салынган «‎Мамлекеттик маданий-билим берүү мекемелеринде балдар үчүн программалар эмнеге аз?»‎ деген иликтөөдө ага катышкан балдардын 71 пайызы кинотеатрларга мультфильм көрүү үчүн бара турганын айтса, калганы башка маданий жайларга барып жатканын билдиришкен.

Бул сурамжылоону маданият тармагы боюнча серепчи Гүлбара Абдыкадырова жүргүзгөн.

«‎Сурамжылоонун негизинде биз маданий мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери менен да маектешип көрдүк. Чындыгында бизде балдар аудиториясы менен иштеп, алардын каалоосун, суроо-талабын аныктай турган жооптуу адистер деле жок экен. Бул көп себептердин бири гана болсо керек».‎

Мындан башка себептерге каржынын тартыштыгынан улам балдар үчүн жаңы оюн-зооктор даярдалбай жүргөнү, адистердин жетишсиздиги, балдар үчүн жазылган чыгармалардын аздыгы сыяктуу көйгөйлөр кирет.

Чет өлкөдө маданий билим берүү кандай?

Искусство таануучу Разия Сырдыбаева башка өлкөлөрдө жаш балдар үчүн маданий жайларга баруу үчүн көп жана жакшы шарттар түзүлгөнүнө токтолду.

«Паржидеги концерттик залдын кире беришинде балдардын бутунун алдына коюп отурганга отургуч беришкенин көргөм. Себеби ал бир сааттан ашык отурганда кыйналып кетиши мүмкүн. Ал эми концерттин мазмуну, мааниси, формасы тууралуу айтпай эле коёюн»‎.

​Разия бүгүнкү муун бармактайынан заманбап технологияга жакын өсүп жаткандыктан маданий мекемелер аларды өзүнө тартуу үчүн көптөгөн жаңы ыкмаларды колдонушу зарыл деп эсептейт.

2013-жылдан бери «‎Музейдеги түн»‎, «‎Музейдеги каникул»‎ өңдүү бир топ акцияларды өткөрүп келген искусство таануучу, учурда борбордогу Фрунзе музейинде директордун орун басары болуп иштеп жаткан Чолпон Тентиева маданият мекемелеринин ишин азыркы заманга ылайыктоо үчүн бул тармакка жаш адистерди тартуу зарыл деп эсептейт.

"Музейдеги түн" акциясына барган жаштар.
"Музейдеги түн" акциясына барган жаштар.

«‎Музейлерде өзгөчө программалар болушу керек. Кийинки муун музейлерсиз, китепканасыз өскөнү туура эмес. Маданият коомду, ар бир адамды калыптандырууга чоң салым кошот. Буга "Музейдеги түн" акциясынын салымы зор деп эсептейм. Себеби, быйыл алты саат ичинде музейлерге 39 миң бала келди. Бул иш-чара мага маданият тармагын да трендге айлантса болот деген ишеним берди».‎

Тентиева учурда өзү иштеп жаткан музейде реформа башталганын, ал жакында өз жемишин бере турганын кошумчалады.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду өткөргөн «‎Балдардын заманбап искусствосу»‎ аттуу талкуунун соңунда 10 бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды. Анда балдар үчүн жаңы программаларды иштеп чыгуу, маданий жайларга баруу тартибин калыптандыруу, маданий окуяларды жарнамалоо, коомчулукту искусство таанууга тартуу боюнча таасирдүү иш-чараларды өткөрүү сыяктуу бир топ максаттар камтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG