Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Терезеден качкан прокурордун окуясы иликтенүүдө


Ош шаардык сотунун имаратындагы терезе. Сарыков чыгып кеткенден кийин тартылган тасмадан алынган сүрөт.
Ош шаардык сотунун имаратындагы терезе. Сарыков чыгып кеткенден кийин тартылган тасмадан алынган сүрөт.

Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды.

«Союзбек Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кетти» деп сүрөттөлгөн видео 12-декабрда Интернетке тараган.

Сарыков алкоголдук ичимдик ичкенин четке кагып, чагымга алдырбаш үчүн жана коопсуздугунан кыжалат болуп терезе аркылуу качып кеткенин билдирди.

Ош шаардык сотунун имаратында 12-декабрь күнү тартылган тасманы Венера Касымова «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүшкөн. Анда Касымова Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго кайрылып, анын мас абалда сот отурумуна катышканын айтып жатканын угууга болот.

Ош шаардык сотунун имараты.
Ош шаардык сотунун имараты.

«Союз, мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби? Мен керектүү жерге арызданып, көрсөтөм, керек болсо. Сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың. Менин баламдын тагдырын кантип чечесиң?» - деп кайрылган тасманын автору.

Андан соң Сарыков судьянын бөлмөсүнө кирип кеткени, сот имаратынын сыртынан тартылган тасмадан болсо терезенин тосмолору кайрылып калганы чагылдырылган.

Шаардык милиция бул иш Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча катталып, иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов буларды айтты:

«Ош шаардык сотунун имаратында тополоң болуп жатканы жөнүндө кабар келип түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барганда тополоң кылган адам терезени талкалап качып чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал Ош облустук прокуратурасында иштеген С.С. аттуу кызматкер экени аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат».

Ал эми улук прокурор Союзбек Сарыков «Азаттык» менен болгон маегинде ичимдик ичпегенин айтып, терезеден качып кеткен себебин мындайча түшүндүрдү:

«Коопсуздугум үчүн коркуп качканмын. Ал жерде прокуратуранын бир да кызматкери болгон эмес. Мени коргоп кала турган кызматкерлер болгон жок. Жумушумду бүтүрүп, коридорго чыгып баратканда мага кол салышты. Корктум. Судьянын бөлмөсүнө качып кирип, судьянын уруксаты менен качып кутулганга аргасыз болдум».

Союзбек Сарыков.
Союзбек Сарыков.

Сарыков окуяны «атайын уюштурулган чагым» деп баалады.

Сот отурумунда Мамлекеттик бажы кызматындагы мыйзамсыз аракеттер үчүн шектүү кишинин бөгөт чарасы каралып, прокурор аны бир айга камакка алууну сунуш кылган. Сот прокурордун сунушун канааттандырган.

Ал арада облустук прокуратурадан Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын мекеменин изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов билдирди:

«Прокуратуранын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен маалымат беребиз. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган».

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев прокуратура кызматкерлери жүрүм-туруму менен баарына үлгү болушу керек деген пикирде.

«Биздин коомдо сот органдары кынтыксыз болушу керек, - деди ал. - Жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү бардык жактан төп келишкен адам болушу керек деп талап коюп жатпайбызбы. Прокуратура кызматкерлерине да ошондой эле талап болушу керек. Бул өтө уят иш. Уят эле эмес, материалдык чыгым келтирип, соттун имаратынын терезесин талкалап жатса, терең изилдеп, тастыктап, сөзсүз чара көрүлө турган окуя».

Союзбек Сарыков Ош облустук прокуратурасына чейин Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында, Транспорттук прокуратурада иштеген.

XS
SM
MD
LG