Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:14

Прокуратура үгүт иштери боюнча үн катты


Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров.
Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү жөнүндө материалды БШКга жөнөттү.

Мадумаров: Мыкты атаандашыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, көзөмөл органы жиберген материалды мекеменин жумушчу тобу териштире турган болду. Андан кийин Мадумаровго байланыштуу бул маселе БШКнын мүчөлөрүнүн кароосуна коюлушу мүмкүн. Абдыжапар Бекматов шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убакты-сааты боюнча буларды айтты:

«15-декабрдан баштап 9-январга чейин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгили келет. Андан сырткары убакта үгүт иштери жүргүзүлбөшү керек. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген адамдар үгүттүн белгилери бар жолугушуу, жыйындарды өткөрбөшү керек. Биз талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген күндөн тартып анын ишмердигине баа беришибиз керек».

Абдыжапар Бекматов жогоруда сөз болгон эрежелер шайлоого катышууга камынып жаткан адам БШКга арыз менен кайрылган күндөн баштап иштей турганын кошумчалады. Адахан Мадумаров шайлоого катышуу ниетин 30-октябрда расмий тастыктап, партиянын атынан эмес, жеке адам катары талапкерлигин коюп жатканын жарыялаган.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө сөз болгон Адахан Мадумаровдун Москвадагы мекендештер менен жолугушуусу 7-ноябрда болгон. Бул иш-чараны Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштуруп, жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн.

Прокуратуранын билдирүүсүнө Адахан Мадумаров бир күндөн кийин текст түрүндө жооп кайтарды. Саясатчы өз кайрылуусунда Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турат деген оюн билдирген.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Мени «Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегениңиз үчүн деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз» деп жазылган кайрылууда.

Адахан Мадумаров мындан тышкары Жапаров президенттикке ат салышарын айткан күндөн тартып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин да эске салган. Мадумаровдун билдирүүсүнүн аягы «мамлекет башына келе турган адамды Башкы прокуратура же БШК эмес, Кыргызстандын эли чечүүгө тийиш» деп жыйынтыкталат.

24-ноябрда президенттикке катышуу ниетин билдирген Клара Сооронкулова да Жапаров шайлоо алдында Кыргызстанды кыдырып, «үгүт иштери менен алек болду» деп эсептей турганын айткан эле.

Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында аймактарды эмне себептен кыдырганын мындай түшүндүргөн:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып келдим. Анткени азыркы башаламандыкты пайдаланып улут аралык чатак чыгарып жибере турган күчтөр пайда болгон. Андан тышкары чек арада чыр чыгара тургандар да болгон. Ошонун алдын алуу максатында эл менен көзмө-көз жолугуп келдим. Нарында болсо чогулушту пландаган эмеспиз. Менин барарымды угуп алып эл чогулуп алыптыр».

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев «Садыр Жапаровдун аймактарды кыдырып жүргөндөгү айткандарын талдай турган болсок, анда талапкердин сөздөрү деген аныктамага дал келет» деди. Анткени ал Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарга өзүнүн бийлиги кандай болорун айтып, алдыдагы ой-максаттары менен бөлүшкөн деген пикирде.

Эмилбек Жороев Жапаровдун бийликте турган учурда кабыл алган чечимдерин да президенттик шайлоого байланыштырды:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«100 миң сомго чейин алынган насыялардын пайыздык жүгүн жеңилдетип берүү кадамын шайлоого даярдык катары бааласа болот. Анткени ал чечим шайлоонун алдында, декабрь айынан тартып күчүнө кирет. Бул - кандайдыр бир деңгээлде добуш сатып алуу. Мындан тышкары Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруудан баш тартар алдында жер трансформациясы боюнча мыйзамга кол койду. Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келген. Бул мыйзам кенен талкууланбай, талданбай туруп кабыл алынды. Анткени алдыда шайлоо келе жатат».

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган. Президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, премьер-министрликти убактылуу токтоткон. 14-ноябрь - шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз менен кайрыла турган акыркы күн болчу.

Жапаровдун аты аталган видео да текшерилет

Башкы прокуратуранын 24-ноябрдагы билдирүүсүндө шайлоого катышуу үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаровдун да ысымы аталат. Буга социалдык тармактарга тарап кеткен «белгисиз кишилер «Хюндай-Портер» машинеси менен Садыр Жапаровдун атынан азык-түлүк таратып жатат» деген видео себеп болгон. Ал жерден бир үй-бүлөгө ун, өсүмдүк майын берип жаткан адамдын: «Бул көрсөтүлгөн жардамдын баары премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан. Садыр Жапаров өзү акырын жардам берип жатат, 100дөн ашуун үй-бүлөгө жардам берди», - деп жатканын угууга болот.

«Аталган жагдай боюнча, тасмадагы автоунаа Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Ш.З.Мга тиешелүү экендиги аныкталган. Окуя боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаардык милициясы тарабынан Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды» деп жазылат прокуратуранын маалыматында.

Прокуратура сөз кылып жаткан Ноокат районунун тургуну Замирбек Шерматов видеого тартылып калган окуя бир-эки жума мурда Бишкек шаарында болгонун билдирүүдө. Шерматов ал күнү жакындары машинесин сурап кетишкенин айтып, эми милиция кызматкерлери келип жатканына нааразылыгын жашырган жок:

«Бул окуяга менин тиешем жок. Автоунаамды бирөөлөр сурап кетишкен эле. Ал балдар Садыр Жапаров түрмөдө отурган учурда деле азык-түлүк таратып келишкен. Эми менин башымды оорутуп жатышат».

БШК бул окуяга күч түзүмдөрүнүн чечими чыккандан кийин баа берерин, териштирүү жүрүп жаткан учурда кийлигише албай турганын билдирип жатат.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын он алтысы ар кандай себептер менен жарыштан чыкты. Калган 47 талапкердин тогузу БШК белгилеген эки банк мекемесинен атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнү кабарланды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG