Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Укук коргоочулар түрмөдө коронавирус чыкканын эскертти


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын белгилери 1000ден ашык адамдан байкалганын аныктады.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму, Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү түзөтүү колонияларын, аймактардагы психоневрологиялык мекемелерди жана балдар үйлөрүн кыдырып, COVID-19дун алдын алуу чаралары тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашты.

Иликтөөдө 47-колонияга 1000ге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.

Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков жабык мекемелердеги абал көз жаздымда калганын билдирди:

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

«Азыр ооругандардын санын орто эсеп менен айтууга да болбойт. Себеби, сурамжылоо убагында массалык учурлар катталганы билинди. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мындай маалымат берген эмес. Маалымат жашыруун болгон деп айта алабыз. Ошол эле учурда биз текшерүү жүргүзүп жатканда биздин ишибизге тоскоолдук болгон учурлар болду».

№47 колония - ЖАМКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси. Мында болгону үч кычкылтек концентраты жана эки ИВЛ аппараты бар. Иликтөөчү топ аталган колонияда дары-дармек жана коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин белгилеген.

Ал эми №19 түзөтүү колониясында соттолгондор флюорографиялык текшерүүдөн өтүп, пневмониядан кийин 10 учур катталган.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун адиси Аида Байжуманованын айтымында, абактагылардын сурамжылоосу чакан камераларда отургандар көбүрөөк илдетке чалдыкканын көрсөткөн.

«Бир камерада жети адам болсо анын баары ооруп калганын айткандар болду. Алар дары-дармектен кыйналганын айтышты. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе - чакан камераларда камалгандар көбүрөөк ооруган. Ээн-эркин басууга мүмкүн болгон колонияларда оору жугузуу көрсөткүчү азыраак болгон. Иликтөө учурунда кызматкерлер да массалык түрдө ооруп чыкканы белгилүү болду. Алардын саны ЖАМК билдирип жаткан 85 адамдан да көп болушу толук мүмкүн», - деди Аида Байжуманова.

Адистер абактагылардын дагы башка укуктары бузулган учурлар катары жактоочулар менен көрүшүүгө тыюу салынганын, тамактануу маселеси жана кыйноо фактылары кездешкенин билдиришти.

ЖАМКтын маалыматына караганда, пандемиянын биринчи толкунунда 250 медицина кызматкери иштеген. Имаратта обсервацияга 50 орун, изоляцияга өзүнчө бөлмөлөр даярдалган. Жасалма дем алдыруучу аппарат жана концентратор коюлган.

«COVID-19 пандемиясы башталгандан бери ЖАМК жабык мекемелерде коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келе жатат. Ошондой эле бардык профилактикалык жана эпидемияга каршы чараларды көрүүдө. Соттолгондордун коронавирус инфекциясын жугузган көптөгөн фактылары жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт», деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Изилдөөчү топ балдар үйлөрүндө жана интернаттарда да мониторинг жүргүзгөн. Аларда гигиеналык, коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги байкалган. Ошол эле кезде адистер жылуулук боюнча да маселе бар экенин айтышты.

Медицина боюнча эксперт Бермет Барктабасова психоневрологиялык мекемелердеги абал тууралуу айтып берди:

«Пандемия учурунда бейтаптарга сасык тумоого каршы эмдөө мажбурлоо менен жасалган. Андан кийинки бейтаптын саламаттыгы эске алынган эмес. Реакциялар жазылган журнал да болгон эмес. Бирок эмделгендердин арасында оорулары эки-үч аптага чейин өтүшүп кеткендери да болгон. Жеке кол тийбестигин эске албоо - бул адам укуктарынын орой бузулушу».

Ошентип, эксперттик топтун коронавирустун экинчи толкунуна жабык жайлардын даярдыгын баалоо боюнча иш-чараларынын биринчи этабы соңуна чыкты.

Жабык мекемелерди кыдыруу иштери октябрь айында башталган. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы ага эксперт катары катышты.

Серепчилер COVID-19га байланыштуу аталган мекемелердин жетекчилери жасаган иш-чараларды баалашты. Мындан тышкары мекемелердин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгына жана адам укуктарын коргоо жаатында байкоо жүргүзүлдү. Мунун натыйжасында мамлекеттик органдарга сунуш катары отчёт даярдалган.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова аталган отчётту эске алууну жаңы өкмөттөн суранды:

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Жаңы түзүлгөн өкмөт гумандуулук идеяларын айтып өттү. Аны ишке ашырууда БУУнун сунуштарын кабыл алышы керек. Садыр Жапаров өз сөзүндө абактарда күнөөсүз адамдар бар экенин айтты. Биз да анын сөзүнө кошулабыз. Эксперттер тобу менен бирге жаңы жагдайларды аныктап, айрым адамдарды абактан бошотуш керек. Аялдар, жаш балдар, оорулуу же улгайган адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Жаңы өкмөттөн мурдагы өкмөттүн катасын кайталабай, гумандуулуктун негизинде иш алып барышын суранат элек».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500дөн ашык адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда пневмониядан каза болгон.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG