Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Ыкчам бекиген өкмөт ишин баштады


Биринчи катарда: Жаныбеков, Бейшеналиев, Казакбаев, Новиков, Марипов, Карымшаков, Асанкулов, Ажикеев. Экинчи катарда: Ташиев, Ниязбеков, Өмүралиев, Турдубаев, Чынбаева, Абдралиева, Бейшеналиев, Иманалиев.
Биринчи катарда: Жаныбеков, Бейшеналиев, Казакбаев, Новиков, Марипов, Карымшаков, Асанкулов, Ажикеев. Экинчи катарда: Ташиев, Ниязбеков, Өмүралиев, Турдубаев, Чынбаева, Абдралиева, Бейшеналиев, Иманалиев.

Парламент бекиткен премьер-министр Улукбек Мариповдун өкмөтү бир күндүн ичинде дайындалып, ант берип, расмий ишке киришти. Курамы, түзүмү жана программасына байланыштуу депутаттар арасында алкоо да, доомат да айтылды. Жаңы өкмөткө карата сырткы саясий чөйрөдө да түрдүүчө пикирлер болду.

Талаштуу программа

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы өкмөт башчылыкка сунуштаган Улукбек Марипов 1-февралда көпчүлүк коалициядан, 2-февралда тармактык комитеттен өзүн жана командасын ийгиликтүү алып өттү. Министрлер кабинетин 3-февралда дароо жалпы палатага алып чыгып, коргоду.

Алгачкы эки күн ичинде программасын учкай айтып келген ишмер үчүнчү күнү аны депутаттарга толугураак жеткирүүгө аракет кылды. Ошентсе да суроо-жоопко өткүсү келген депутаттардын сунушу менен кайрылуусу кыскара түштү.

Улукбек Марипов анда экономиканы көтөрүү боюнча пландарын ортого салды:

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Буга чейин бир топ өкмөттөрдүн программалары бекитилип, тилекке каршы, өкмөт тез алмашып, программалар тез өзгөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келди. Ошондуктан референдум өткөндөн кийин Садыр Нургожоевич өзү аткаруу бийлигинин башына келсе, буюрса ушул программа толукталып, узак мөөнөттүү, беш жылдык программа кабыл алынат деп ойлойбуз. Ошонун ичинде оболу ички дүң өнүмүбүздүн көлөмүн кескин көбөйтүшүбүз зарыл. Жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга, ар бир үй-бүлөнүн, ар бир жарандын кирешесин көбөйтүүгө салым кошобуз. Орточо эмгек акыны жана пенсиялардын көлөмүн көтөрүү негизги приоритет болот. Ар бир кыргызстандыктын сапаттуу билим алышын, медициналык жактан тейленишин камсыздоо жана калктын жашоосунун узактыгын узартуу дагы биздин программада орун алат».

Марипов анын өкмөтүнүн жумушунда чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүүгө басым жасаларын, энергетика жана саламаттык сактоо тармагына көңүл буруларын кошумчалады. Аймактарды көтөрүүгө, инфраструктураларды жакшыртууга жана башка маселелерге да көңүл бурду.

Эл өкүлдөрү жалпы жонунан өкмөттүн программасын кубатташты. Сөз алган депутаттар көбүнчө ага кошумча катары өз сунуштарын жолдоп жатышты. Депутат Акылбек Жапаров бул багытта кескин чараларды кабыл алууга чакырды:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«100 күндө 100 көйгөйдү тактап алыңыз. Жаныңыздагы өкмөттүн 15 мүчөсүнө алтыдан бөлүп берсеңиз 90 болот экен, онун өзүңүз алыңыз. Анан, мына ошону 100 күндө бүтүрүңүз. Чогулуш дегенди токтотуңуз. Анан, экинчи экономика боюнча өзгөчө кырдаал киргизишиңиз керек. Энергетикада катастрофа болуп жатат. Тышкы карыз, киреше-чыгашанын баарын, иреттешибиз керек. Камчыбек Кыдыршаевичти фискалдаштыруунун башына коюп алыңыз. Жылына 42 млрд. сомдон 100 млрд. сомго чейин бюджетке түшпөй калып жатат. Беш жыл ичинде 200-300 млрд. сомду ушул фискалдаштыруу эсебинен алмакпыз. Аткезчилик өсүп кетти, аны жок кылыш үчүн фискалдаштыруу керек. Мына ушуга чечим кабыл ала турган киши керек да. Ошого стандарттуу эмес чечим кабыл алып, Камчыбек Кыдыршаевичти койсоңуз, кирешеңерди көбөйүп, бюджетти өзгөртүп коёт эле».

Ошентсе да жаңы өкмөттүн программасына карата сын болбой койгон жок. Анын ичинде кайра эле экономика, тышкы соодага, социалдык маселелерге байланыштуу дооматтар жаңырды.

Бул жагынан депутат Наталья Никитенко ачуураак кеп айтты:

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

«Конституцияга ылайык, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңеш бекитет. Биздин колубузга тийген документте программа деген жок. Берилген 10 барак тема боюнча ой жорумдар эле экен. Убактысы, мөөнөтү жок, эч кандай сан камтылган эмес. Анда түзүм эмнеге негизделип түзүлгөн? Алгач өнүгүү багыты түзүлөт, анан аны кантип ишке ашыруу маселеси ойлонуп, ошону аткаруучу түзүм жана курам анан кийин куралат. Алар айтылган программаны ишке ашыруучу деп табылат. Ал жок жана бул кооптонтуучу белги. Өлкө жакын арада кайсы жол менен өнүгөрү тууралуу так көз караш жок экени көрүнүп турат. Өзүңөр айтканда референдум өтүп, Конституцияга кабыл алганга чейин үч айдай эле иштей тургандай келипсиңер».

Курам жана түзүм

Ооба, өкмөттүн жаңы түзүмү жана өкмөт мүчөлөрү жөнүндө сөз көп. Башкаруучу коалицияда жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде жарыялангандай, бул нерселер кескин өзгөрдү.

Төрт вице-премьерлик жоюлуп, экөө гана калып жатат. Анын бири министрликти кошо тейлейт. Беш министрлик өз атында калса, калгандарынын аты өзгөрүп, башка органдар менен ирилешет. Эки министрлик жаңыдан түзүлүүдө. Демек, алар:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Улукбек Марипов мурда министрлик, агенттик жана комитеттерден турган 48 мекеме болгонун, анын 22си өкмөттүн мүчөсү деп саналганын билдиришет. Жаңы сунушка ылайык, мамлекеттик органдар 12 министрликке бириктирилип, 16 өкмөттүн мүчөсү калган. Алар муну мобилдүү өкмөт түзүү аракети жана башкаруу системасын оптимизациялоо катары түшүндүрүшүүдө. Бирок муну бир топ депутаттар сынга алышты.

Мурдагы жана азыркы өкмөттүн түзүмү. Садыр Жапаров тараткан сүрөт.
Мурдагы жана азыркы өкмөттүн түзүмү. Садыр Жапаров тараткан сүрөт.

Маселен, Евгения Строкова Миграция кызматы Тышкы иштер министрлигине кошулганын, Саламаттык сактоо менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги бириктирилгенин айыптады. Айнура Аскарова, Рада Түмөнбаева жана Айнуру Алтыбаева да соңку эки министрликтин бир болуп жатканын сындашты. Калдарбай Баймуратов таза суунун Айыл чарба министрлигине өткөнүн туура эмес көрсө, Осмон Турдумамбетов шашылыш түзүм болуп калды деп кейиди.

Депутат Жанарбек Акаев жыйында буларга токтолду:

«10 премьер-министрге кылмыш иши козголуптур, беш премьер-министр түрмөдө отурат. Сиз ошондой өкмөт башчылардын катарын толуктабастан, реформатор, күчтүү премьер-министр болот деп баарыбыз үмүт кылабыз. Чынын айтыш керек, коомчулук азыркы өкмөттүн курамын бир кылка кабыл алган жок. Эл өкмөттүн курамына нааразы. Министрликтерди азайтуу – бул реформа эмес. Силер текшерүүчүлөрдү, салыктын түрлөрүн, бюрократияны азайтканда, мына ошону реформа деп атайт. Айылдарда элибиз өзгөчө президенттик шайлоодон кийин керемет болушун күтүп жатат. Мурдагы өкмөттөргө салыштырганда абдан чоң үмүт, ишеним кредити силерде».

Парламентерийлерден Мамлекеттик каттоо, Соттук медициналык экспертиза, Экотехинспекция, Ветинспекция, Кыргызпатент, Финполиция, Жаза аткаруу кызматы, Бажы кызматы жана Салык кызматынын тагдыры тууралуу да суроолор болду. Өкмөт башчы мунун көбү чечиле электигин белгилеп, түзүм бекитилсе жакын арада кайсы тармакка өтөрү такталарын маалымдады.

Эң кызыгы Улукбек Марипов министрликтер бириктирилгени менен андагы штаттар кескин кыскарбай турганына токтолду. Ирилешүүдөн жылына канча сумма үнөмдөлөрү да так эмес экени ушул жыйында белгилүү болду. Муну уккан айрым депутаттар мамлекеттик органдарды бириктирүүнүн зарылчылыгы болбогонун айтышты.

Депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик органдарды кыскартуу жумушсуздукка алып келет деп кабатырланса, анын кызматташы Канатбек Исаев кайсы орган кайсы мекемеге бириктирилери так алынып келиниши керек эле деди.

Министрлердин курамы жөнүндө да сын болду. Маселен, депутаттар Тазабек Икрамов менен Рыскелди Момбеков энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жөнүндө маселе көтөрүштү. Эл өкүлдөрү Турдубаев мурда да министр болгонун, күмөндүү иштерге аралашып, иштен кеткенин эстешти:

«Жоопкерчиликти жогорку киши алсын, сиз тобокелчиликти алыңыз. Сиздин өкмөтүңүздү курагына маселе жок, курамында маселе бар. Энергетика министрин сизге ким сунуштады? 137 млрд. сом карызга баткан энергетикада мурда иштеген, «Чыгышэлектрде», «Түндүкэлектрде» иштеген, орун басар болгон, министр болгон, эч натыйжа берген эмес. Холдингди алып келип, бир жыл эксперимент кылды. Бул коррупциялык орган, беш жылда эч нерсе кылган жок. Энергетика тармагын баткакка тыгып койгон кишини кайра алып келгендин кандай кажети бар эле? Башка кадр жокпу?»,-деди Момбеков.

Кубанычбек Турдубаев болсо өзүнө карата айыптоолорду төгүндөп, кезинде ал аралашкан иш иликтенгенин, соңунда мамлекетке чыгым келгени аныкталбаганын сөз кылды.

Жапаровдун калкасы

Адатта кыргыз саясатында өкмөттү парламент жактыргандан кийин эртеси дайындалып, бир нече күндөн кийин кайра парламентке келип ант берчү. Бул жолу процесс ыкчам жүрдү.

Парламент өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын 3-февраль кечке жуук бекитип берери менен, президент Садыр Жапаров мурдагы өкмөт мүчөлөрүн бошотуп, жаңыларын дайындоо жарлыгын чыгарды.

Артынан эле жаңы өкмөттүн курамы парламентке кайра кирип, президенттин катышуусунда ант беришти. Андан кийин Садыр Жапаров өзү сөз алып, буларга токтолду:

«Кыргыз өкмөтүнүн бул жолку курамынын шайланган мезгили өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолу чындап сыноого түшкөн учур менен коштолууда. Ачык эле моюнга алуу керек, бизди оор сыноолор күтүүдө. Мен буга чейин бир нече ирет кайталап айтканымдай, биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат. Ошол эле учурда биз экономиканы стабилдүү өнүктүрүүнүн программасын тез арада иштеп чыгып, өнүгүп-өсүштүн оң көрсөткүчтөрүн камсыздоонун пайдубалын түптөшүбүз зарыл. Биз баштаган реформалардын бир багыты — башкарууну оптималдаштыруу, башкача айтканда эбегейсиз деңгээлге өсүп жеткен мамлекеттик-бюрократиялык аппаратты кыскартуу, кадр саясатын жаңыча жүргүзүү. Анын натыйжасында, чечимдерди маалкатпай кабыл алуу, иш кагаздарын чуркатуунун тартибин тездетүү. Биз үчүн азыр ар бир ирмем кымбат!».

Баса, бул күнү парламент сыртында жаңы өкмөттүн дайындалышына нааразылык билдиргендердин акциясы да өтүп жатты. Былтыркы төңкөрүштөн кийин кызматка бекип, бирок жаңы курамга илешпей калгандар да билдирүү жасады.

Маселен, айыл чарба министри кызматында отурган Тилек Токтогазиев басма сөз жыйынын уюштурду.

Токтогазиев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө буларга токтолду:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Биздин четтетилишибизди саясий чечим катары кабыл алсак болот. Шайлоо өттү, президент шайланды, легитимдүүлүктү алып, өз чечими катары кабыл алды. Аны түшүнөбүз. Мен командамды чогултуп жатканда деле ушундай, прагматикалык түшүнүк менен чакыргам. Орточо эсепте 100 күндүк иш үчүн жардамдашкыла дегем. Толук 100 күн өттү, ошонун жыйынтыктарын бердик. Кызматты кийинки министрге өткөрүүгө даярбыз».

Коомчулукта жаңы өкмөттү бекитүүгө байланыштуу парламентти айыптагандар көп болду. Сын таккандар эл өкүлчүлүк палатасы мурдагы бийликтин кадрын жана ийгилик жаратары күмөндүү адамды премьер-министрликке алып келип жатат дешти. Бирок ошол эле убакта айрымдар Жогорку Кеңеш бул жолу деле мурдагыдай «нотариалдык милдетти» аткарып жатканын белгилешти.

Саясатчы Исхак Масалиев мындайча кепке кошулду:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Мен кесиптештеримди сындагым келбейт. Катуу сындар айтылды, бирок соңунда кандай добуш беришти? Колдоп беришти. Бул адатка айланган салт. Катуу-катуу сүйлөйт, ал сөзү шайлоочуларга арналат, добушун бул жакка берет. Турган иш да. Азыр өкмөттү шашылыш алып келгени көрүнүп турат. Программасы да чийки. Азыр депутаттар эмнени алып келсе деле колдой берет».

Бул арада жаңы премьер-министр Улукбек Марипов кызматка дайындалары менен дароо Казакстанга иш сапары менен бара турганы маалымдалды. Анын шашылыш дайындалышын мына ушу себеп менен да байланыштыргандар чыкты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG