Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Обсервациядагы мигранттар чыр чыгарды


«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.
«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.

Он күн мурда Орусиядан кайтып келип, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияга жайгаштырылган мигранттар чыр чыгарды. Алар обсервациянын талаптарына баш ийбей, үйгө чыгарууну талап кылышкан.

Ички иштер министрлиги обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертти.

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдети дагы 78 адамдан табылды, алардын көбү Орусиядан келген эмгек мигранттары.

Атын атагысы келбеген адам «Азаттыкка» байланышка чыгып, нааразылыктын себебин мындайча түшүндүрдү:

«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.
«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.

«Биз акыйкаттыкты гана сурандык. Себеби обсервациядан коронавируска шектүүлөрдү алып кетишкен адамдарды үйлөрүнө жөнөтүшүптүр. Биз эки жолу тест тапшырдык, эки жолу тең таза чыкты. Анализдери таза чыккандар бул жакта калганбыз. Бизди коё бербей, коронавирус деп алып кеткендерди үйлөрүнө чыгарып жатышат. Эмне себептен аларды чыгарганын сурасак так жооп беришкен жок. Биз ошого ультиматум койдук. «Эмнеге инфекция чыккандарды бошотуп жатасыңар?» десек: «Эртең түштүк тараптагыларды транспорт келип алып кетет, калгандарды бүгүн чыгарабыз», - деп сөз беришти. Негизи биз 21-майга чейин жатышыбыз керек болчу. Эми үйгө барып 14 күн үй карантининде жатабыз».

Буга чейин Интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандар көчөгө топтошуп чыгып, укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбей жатканы тартылган видеотасма тараган.

Обсервацияда жаткандар нааразылык билдирүүдө

Ушундан кийин алар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Үсөнбаевдин айтымында, обсервациядагылардын көбүнүн чыга турган күнү жакындап калган, эми ал жерде 19 адам калат:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Бүгүн чыга турган күнү болчу. Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. «Барганда да карантинде отурасыңар» деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу».

Буга чейин Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын билдирген.

Ал арада премьер-министр чет жактан, биринчи кезекте Орусиядан кайтып келгендерге кайрылып, обсервацияда жаткандардын анализи кайталап текшергенден кийин таза чыкса гана үйүнө чыгарыла турганын айтты.

Өкмөт башчы алар үчүн обсервация жайлары ичи-сырты оңдолуп даярдалганын, ичинде бардык шарттар түзүлгөнүн, аларга кам көрүп, ошол жерде ден соолугун тобокелге салып, үй-бүлөсүн көрүүгө зар болуп медицина кызматкерлери, милиционерлер жана куткаруучулар күнү-түнү иштеп жатканын эскертти.

Ал эми Ички иштер министрлиги обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эске салды.

«Бул факт боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жатат. Эгер обсервацияда жатып, милициянын жана дарыгерлердин талаптарына баш ийбегендер болсо, Кыргызстандын мыйзамдарына жараша жоопко тартылат», – деди ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, орус-казак чек арасында жүздөгөн кыргызстандыктар бир айдан ашуун кармалып отурган. Кыргыз өкмөтү казак тарап менен сүйлөшүп, 7-майда тогуз автобус менен 541 адамды мекенине жеткирген. Коомчулукта обсервациянын талаптарына баш ийбей жаткандарды сындагандар көп.

Жеке ишкер, активист Акбалык Жумалиева мамлекет мигранттарга жардам берүүнүн альтернативдүү жолдорун караштырышы керек болчу деп эсептейт.

Акбалык Жумалиева.
Акбалык Жумалиева.

«Мигранттарды да бир тараптуу эле жаман көрө бербешибиз керек. Алардын арасында өтө кыйналгандары бар. Бирок аларга да мамлекет жардам берүүнүн башка жолун ойлоп тапса болмок. Себеби канча адам келсе, аларды обсервацияга жаткырыш үчүн канча каражат кетет? Эгер ооруп калса ооруканага жаткырганга да акча кетет. Аларды алып келбей эле, ошол жеринде жардам берип, дагы кошумча каражат таап, жардам берүүнүн башка жолдорун да караса болмок. Азыр келгендердин арасында өтө кыйналгандар жана баары эле ооругандар деп айта албайбыз. Арасында соо адамдар деле бар. Ошол адамдар жоопкерчиликти сезип ал жакта эле туруп турушса, өлкөгө кошкон салымы ошол болмок. Эми келген соң алар обсервациянын талаптарын аткарышы керек. Эгер баш ийбесе мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек деп эсептейм. Анткени азыр алар бүтүндөй өлкөнүн саламаттыгын коркунучка коюп жатат».

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан 10 миңдей адамды алып келсе, 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар.

17-майда да «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Кыргызстанга кетиш үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар. Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө дагы сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Алардын көпчүлүгү Орусияда.

Оренбург: Чатыр лагерде коргологон мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

Ушул тапта Оренбург - Самара жолунун боюнда, орус-казак чек арасына жакыныраак жерде Кыргызстандын 500дөн ашуун жараны чатырларда, машинелерде же ачык асман алдында эле түнөп жатат. Алар Орусиянын аймагынан чыгып, мекенине жетүүнү күткөндөр. Коронавирус илдетине байланыштуу башка өлкөлөрдөй эле Казакстан да чек арасын жапкан.

18-майда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, 20-майда жогорудагы мигранттарды алып келиш үчүн Оренбургдан Бишкекке учак келери пландалып жатат. Каттамды уюштурууда биринчи кезекте артыкчылык кош бойлуу келиндерге, улгайгандарга, жаш балалууларга жана Орусияга дарыланыш үчүн баргандарга берилет.

Коронавирус пандемиясы мигранттардын жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. Кыргыз өкмөтү мигранттарды жашап жаткан өлкөдөн чыкпай турууга көп жолу үндөп келген. Бирок бул чакырыкка кулак салбай, мигранттардын Кыргызстанга кайтып жатканын чет жерде жашап жаткандар да сындашууда.

Сегиз жылдан бери Москва шаарында иштеп жүргөн Курманбек Карабалаев мигранттар акча жасоону көздөгөн шылуундарга алданганын айтып, жоопкерчиликти сезбей жатканына кейиди:

Курманбек Карабалаев.
Курманбек Карабалаев.

«Бул жалаң эле кыргыздын башына түшкөн түйшүк же сыноо эмес. Бүт дүйнө кыйналып жатпайбы. Азыр ушундай кырдаалда сабырдуу болуш керек. «Чек ара жабык» десе да болбой ал жерге барып алып, «ач калдык» деп видео тартып жатат. Түшүндүрүп айтып жатса деле болбой чек араны карай агылып жатат. Кээ бир адамдар өз чөнтөгүн ойлоп эле «чек ара ачык» деп, алдап алып кетип жатат. Аларды ээрчип кеткендер ара жолдо калууда. Кыргызстан эч кимди таштап койгон жок, акырындан алып кетүүдө. Канча адам кете албай, энелер балдары менен ыйлап отурушат. Эми ушунча аракет кылып алып кеткенден кийин барып алып, мыйзамды сыйлабай жатышканы уят го? Мыйзам баары үчүн бирдей. Алар өзүн эле ойлобостон жакындарын, жалпы элди ойлошу керек. Карантинде мен ушуну байкадым - биз сабыры жок, сабатсыз эл экенбиз. Бул өтө кейиштүү».

Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG