Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Башкы прокуратура Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу боюнча БШКга материал жөнөттү


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

«Тасмада Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.К.Мадумаровдун Москва шаарындагы эмгек мигранттары менен жолугушуу өткөрүп, үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу материал Борбордук шайлоо комиссиясына караштуулугу боюнча жиберилген», деп жазылат мекеменин сайтында.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар жолугушкан. Анын мигранттар менен жолугушуусун Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштурду. Жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн.

Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген. Адахан Мадумаров талапкер болорун 30-октябрда жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG